Экологиялык шарт

“Тазалык биринчи орунда” Кыргызстандын бардык медициналык уюмдарынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты

674

“Тазалык биринчи орунда”

Кыргызстандын бардык медициналык уюмдарынын кызматкерлери ишембиликке чыгышты

КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругуна ылайык өлкөдөгү бардык медициналык уюмдар “Улуттук тазалык күндөрүн” өткөрүшүүдө.

Иш-чаранын алкагында КР Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, анын орун басарлары баштаган топ Эл аралык “Манас” аба майданына жакын аймактагы жолдун жээгин тазалады.

Ал эми өлкөнүн бардык медициналык уюмдарынын эмгек жамааты мекеменин жалпы колдонуудагы бөлмөлөрүн жууп, короолорун шыпырышты.

Анын ичинде Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун эмгек жамааты Логвиненко 8 дарегиндеги көп кабаттуу медициналык уюмдун короосуна түшкөн жалбырактарды, таштандыларды чыгарышты.

“Тазалык – бул элдин ден соолугуна керектүү, маанилүү факторлордун бири. Тазалыкты сактоо, айлана-чөйрөнү булгабоо – элдин саламаттыгын сактоодо терең мааниге ээ. “Улуттук тазалык күндөрү” сыяктуу иш-чараларды өткөрүү – адамдарга бир гана тазалыкты эмес, физикалык активдүүлүктү тартуулайт. Дайыма кыймыл-аракетте болуу жугуштуу эмес оорулардын алдын алат”, – дешет борбордун эмгек жамааты.

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.