Тамактануу

Улгайган адамдардын сөөктөрү эмнеге морт болот?

197

Остеопороз – бул сөөк тканынын тыгыздыгы төмөндөп, сөөктөр өтө жука жана морт болуп калган абал, мындан улам сынык-жаракаттар тобокелчилигинин жогорку даражасы келип чыгат.

Адамдын жашоосунун ичинде сөөк клеткалары дайыма жаңыланып турат, бирок эгерде остеопороз өөрчүй турган болсо, эски сөөк клеткалары жаңы клеткаларда аларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонго чейин эле тез бузулат. Остеопороздо сөөк кальций жана башка минералдарды жоготот. Мунун бардыгы сөөктөрдү алсыратат, ал гана эмес бир аз сокку болгондо же жыгылган учурда дагы сынып кетүүгө дуушар кылат.

Көпчүлүк учурда адам бир жери сынганда гана анда остеопороз бар экендигин билет.

Остеопорозго байланыштуу келип чыккан сыныктар көбүнчө сан, билек же омуртка тарапта кездешет жана майыптуулукка алып келиши ыктымал. Бул оору менен 60-70 жаштагы улгайган адамдар жапа чегишет.

Аялдарда көп учурда остеопороз менопаузанын башталышы менен өөрчүйт. Остеопороз көп убакыттар бою байкалбастан кала берет.

Остеопороздун келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн аныктоого боло турган белгилер:
• бойдун кичирейиши (1 – 1,5 см көп), бүкүрөйүү, омуртканын кыйшаюусу;
• сөөктөрдүн улам-улам сынышы, алардын көптө барып бүтүшү;
• аба ырайы өзгөргөн учурдагы сөөктөрдөгү оорутуулар;
• тырмактын морт болушу жана чачтардын сынышы, тиштердин бузулушу;
• түнкүсүн буттардын карышуусу.

Остеопорозду тастыктоо үчүн, сөөк тканынын тыгыздыгын жана сөөктөгү кальцийдин камтылышын аныктоо максатында ультрадобуштуу же рентген изилдөөсүнөн өтүү керек.

Остеопороздун алдын алуудагы маанилүү чаралардын бири тамеки чегүү жана алкоголду ашыкча ичүү сыяктуу зыяндуу адаттардан баш тартуу.

Физикалык активдүүлүк жана скелеттин бардык сөөктөрүнө жетишерлик оордук – сөөк тканынын тыгыздыгынын төмөндөөсүн алдын алуудагы абдан натыйжалуу ыкма. Жашап жаткан үйдөгү өзүнүн кабатына лифт менен эмес, тепкич менен чыгуу, бир-эки аялдама эрте түшүп калып, калган жолду жөө басуу абдан пайдалуу.

Күндүз таза абада 10-15 мүнөт сейилдөө, организмге кальцийди сиңирүү жана бекем сөөктөрдү калыптандыруу үчүн зарыл болгон Д витаминин жетишерлик өлчөмдө алууга мүмкүнчүлүк берет.

Остеопороздун алдын алуудагы маанилүү чаралардын бири тамеки чегүү жана ичкиликти ашыкча ичүүдөн баш тартуу.

Рационалдуу жана тең салмакталган тамактануу тамак сиңирүү системасынын нормалдуу иштеши, толук баалуу зат алмашуу жана иммунитетти бекемдөө үчүн зарыл болгон фактор.

Остеопороздун негизги себеби организмдеги алмашуу жана гормоналдык процесстердин бузулушу болуп саналат.

Остеопороз дартына чалдыккаг адамдын тамактануу рационунда кальцийге бай азыктардын болгону жакшы.

Кальцийге бай келген азыктар:

►капустанын бардык сорттору
►жаңгактардын бардык түрлөрү
►дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн бардык түрлөрүнүн бүтүн дандуу азыктары
►кычкыл сүт азыктары (табигый)
►кургатылган жемиштердин бардык түрү, өзгөчө өрүк жана кара өрүк
►ар кандай ашкөк чөптөрү, өзгөчө шпинат
►жаңы жашылчалар жана жемиштердин бардыгы

Остеопорозду дарылоо ошондой эле дары каражаттарын ичүүнү жана көнүгүүлөрдүн атайын топтомун аткарууну камтыйт. Мунун бардыгы кыйратуучу оорунун өнүгүүсүн токтотууга мүмкүнчүлүк берет.

Биз убакытты токтото албайбыз, бирок остеопорозду токтото алабыз!

Leave a Reply

Your email address will not be published.