ЖАҢЫЛЫКТАР

Улуттук конференция «Чылым же Ден соолук»

295

Улуттук конференциянын негизги максаты чылымга каршы ДССУнун Алкактык Конвенциясын ишке ашырууну жана Кыргыз Республикасынын 2006- жылдын 2- марттындагы “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө” бекитилген мыйзамдын негизде өткөрүлгөн ишерди жайылтууну жана кийинки кадамдарынын жыйынтыктарын талкулоо болду.

 Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, президенттик аппараттын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн:

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык күн сайын ар кандай оорулардан 14 миӊдей тамеки чеккендер, жыл сайын чылым 6 миллион тамекиден көз жумат. Эксперттердин айтымында бул сан 2030- жылы 10 миллионго жетип, чылым чегүү дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизи себеби болот. Тилекке каршы Кыргыз Республикасында эркектердин өлүмүнүн 22 %ы, 30 жаштан жогорку курактагы аялдардын 5 % ы чылым чегүүдөн дүйнө менен кош айтышат.

        Чылым чегүү адамдардын саламаттыгына гана таасир бербестен мамлекеттин ар кайсы тармагындагы жоготууларга алып келет. Аларга бейтаптын дарылануусуна жумшалган ооруканадагы каражат, чылым чегүүдөн же тамеки чыгарган ишканада иштөө аркылуу пайда болгон маселелер; ар кандай оорулардын кесепетинен жумушка жарамсыздыгы үчүн төлөнгөн жөлөк пулдар, экологияны сактоого кеткен жана башка чыгымдар. Тамеки заттарын колдонуу саламаттык сактоо тармагына эле зыян келтирбестен, мамлекеттин социалдык, экономикалык өнүгүүсүнө да зыян келтирет.

Тамеки эпидемиясынын глобалдуу көйгөйүн чечүү максатында 2003-жылы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү Алкактык конвенциясы кабыл алынды, ал эми 2006 – жыл коомдук саламаттык сактоонун ишмердүүлүгүндө бурулуш болду, чылым чегүүгө каршы күрөшүүдө мамлекеттик саясат түзүлүп, ДССУнун Алкактык   Конвенциясын ратификациялоо менен ишке ашты. Бул ишти аткаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан да алгынылыктуу иштер аткарылды. Тамеки өндүрүүчүлөр менен саламаттыкты сактоонун ортосундагы кагылышууларга карабастан ДССУнун Алкактык Конвенциясынын негизинде кабыл алынган жана көп маанилүү чараларды ишке ашырылды.

  Улуттук программадагы артыкчылыктарынын бири катары тамекиге каршы күрөшүү иш-чаралары:

  • 2012-2016-жж. «Ден соолук» Улуттук саламаттыкты сактоо программасынын «Жүрөк-кан тамыр оорулары боюнча компонентинде;
  • 2013-2016-жылдарга карата улуттук эмес Жугуштуу ооруларды контролдоо жана алдын алуу программасы;
  • ден соолукту  «Ден соолук-2020», алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча улуттук стратегия.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.