COVID 19

Вакцина Умрага жол ачты

635

Араван районунун тургундары СOVID-19га каршы 3-жолку (ревакцинация) эмдөөдөн өтүп баштоодо.

Учурда аталган аймакта эмдөөдөн өткөн жарандар 62%ды түздү. «Араван району боюнча коронавируска каршы эмдөө тууралуу, жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун иштеринин натыйжасында, учурдагы эпидемиялогиялык абал туруктуу. Жакынкы күндөрү Умрага аттанууга жолдомо алган тургундарыбыз көп болгондуктан, дин жолунда жүргөн адамдар дагы эмдөө алууга өз каалоосу менен келүүдө. Себеби Араб өлкөлөрү вакцинанын сертификатын талап кылып жаткандыктан диний көз караштагы адамдардын түшүнүгү оң жакка өзгөргөнүн байкай алдык.

Андан сырткары сертификатты сатып алабыз деген адамдар болгон жок. Себеби бул жакта андай түшүнүк дээрлик жокко эсе, эгер сатып алабыз деп келген адамдар болсо дагы биз жол бербейбиз! – деп билдирди Араван райондук оорулардын алдын-алуу жана санитардык көзөмөлдөө борборунун бөлүм башчысы Адилет Абибилла уулу Ал эми эпидемиологиялык кырдаал жөнүндө, акыркы он күндүн ичинде СOVID-19дан 10 учур, пневмония менен 13 учур катталды. Ага каршы дарылоо иштери көзөмөлдөнүүдө, азыр кызыл зонада 16 адам дарыланып жатат» – деп кошумчалады, бөлүм башчы Адилет Абибилла уулу Бизде, Жалпы дарыгердик практикалык борборунун дарыгерлери үймө-үй кыдырып жалпы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп кетишет. Алардын айтканын аткарабыз. Быйыл Умрага баруу ниетим бар эле, буюрса ал ниетим орундалып жатканына кубанычтамын, кечээ дарыгерлер мага 3-жолку эмдөөдөн өтүңүз деп чалып айтышты эле ошого келдим – деп билдирди Араван районунун тургуну Шарипа Пакырдинова. Умрага сертификат сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар болсо кандай кылат элеңиз деген сурообузга «Жок, Алла жолунда алдай албайм, ар бир иште чынчылдык болушу керек, андай жолго барган адамдар өз ден соолугун сатканга барабар деп эсесптейм» – деп кошумчалады Шарипа Пакырдинова.

Leave a Reply

Your email address will not be published.