ЖАҢЫЛЫКТАР

Вирустук кене энцефалитинен кантип коргонууга болот?

386

Вирустук кене энцефалити – айрыкча борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч кармаган жугуштуу вирустук оору.

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин маалыматтары боюнча республикада вирустук кене энцефалитинин табигый байырлаган жерлери бардык климаттык аймактарда аныкталган жана адам үчүн коркунуч туудуруу даражасы белгиленген. Өзгөчө Чоң-Кеминдеги карагайлуу черлерде, Күнгөй Ала-Тоо, Тескей Ала-Тоо Кыргыз тоо кыркаларындагы алар жайгашкан жерлер өзгөчө кооптуу. Жайыт кенелери байырлаган жарым-жартылай ээн талаадагы уюктар (очаг) (17ге жакын түрү) кеңири кулач жайган. Бул Токмок коругунун аймагындагы, Чүй районундагы Кегети капчыгайы, Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайы, Ысык-Ата районундагы Альплагер, Түп өрөөнүндөгү, Ысык-Көл райондору, Талас өрөөнүндөгү жана Ферганага жакын жайгашкан аймакта, борбордук Тянь-Шандын Нарын дарыясынын жайылмасындагы уюктар. 

Вирустук кене энцефалитин кантип жуктуруп алабыз?

Оорунун козгогучу (арбовирус) адамга вирусту алып жүрүүчү кене соргон биринчи мүнөттөн баштап ооруну басуучу шилекей аркылуу берилет:

–   вирустук кене энцефалити байырлаган аймактарга (токойлорго, токой парктары, жеке бак-огород тилкелери) барган учурда;

–  кене жабышкан  жаныбарлар  (иттер, мышыктар) аркылуу;

 – вирустук кене энцефалити боюнча жагымсыз аймактарда тамак-ашка эчки (көп учурда), кой, уйдун чийки сүтүн пайдаланууда жугушу мүмкүн, кене массалык түрдө каптаган учурда вирус сүттө дагы болушу ыктымал. Ушул себептен улам чийки сүт азыктарын кайнаткандан кийин гана ичүү керек. Чийки сүттөн эле эмес, ошондой эле андан даярдалган быштак, каймак ж.б. азыктар дагы кооптуу боло  тургандыгын белгилей кетүү керек;

–   кенени сыгып өлтүргөндө же ал чагып алган жерди тырмаган учурда териге вирус сыйпалганда. 

Оорунун мезгилдүүлүгү жана анын негизги белгилери

Ооруга кенелердин абдан активдүүлүгүнө байланыштуу болгон жазгы-күзгү мезгилдүүлүк мүнөздүү (апрель-сентябрь). Инкубациялык мезгили (жуктуруп алган учурдан тарта оорунун биринчи белгилери пайда болгонго чейинки учур) көп учурда 7-14 күнгө, кээде 1 күндөн 60 күнгө чейин созулат.

Оору кескин кармап, калчылдоо, баштын катуу оорушу, дене табынын 38-39 градуска чейин кескин жогорулашы, көңүлдүн айнышы, кусуу менен башталат. Көп учурда моюн жана ийин, көкүрөк жана арканын бел тарабы, колу-бутта орун алган булчуң оорулары оорулуунун тынчын алат. Оорулуунун тышкы көрүнүшү: жүзү кызарып чыгат, ал көп учурда денеге дагы жайылат.

Эгерде адамда оорунун жогоруда саналып өткөн белгилери пайда болсо, анда өз учурунда дарылоо-алдын алуу уюмуна медициналык жардам алуу үчүн кайрылуу зарыл.

Оорунун кесепеттери: толук айыгуудан, ден соолуктун бузулушуна, майыптыкка жана өлүмгө чейин алып келет.

Вирустук кене энцефалитин кимдер жуктуруп алат?

Вирустук кене энцефалитине бардык адамдар курагы жана жынысына карабастан кабылышат.  Ишмердүүлүгү токойдо болуу менен байланышкан (токой өнөр жай чарбасынын, геологиялык чалгындоо кызматтарынын кызматкерлери, автоунаа жана темир жол, мунай жана газ түтүктөрү, электр чубалгылары менен иштегендер, топографтар, аңчылар, туристтер) адамдар көбүрөөк коркунучка дуушар болушат. Шаардыктар эс алуу учурунда шаардын четиндеги токойлордон, токой парктарынан, бак-огород тилкелеринен жуктуруп алышат. 

Вирустук кене энцефалитинен кантип коргонууга болот?

Кене энцефалити менен ооруп калууга спецификалуу эмес жана спецификалык алдын алуунун жардамы менен бөгөт коюуга болот.

Спецификалык эмес алдын алуу жака жана жеңдин кайрылган учу аркылуу кенелердин кирип кетүүсүнө жол бербеши керек болгон атайы коргоочу костюмдарды (кооптуу топтор үчүн) же  ыңгайлаштырылган кийимди колдонууну камтыйт. Көйнөктүн жеңдери узун болушу керек, аны билекке резинка менен бекитишет. Көйнөктү шымга шымдап, шымдын багалегин  байпак менен өтүккө киргизип коюшат. Баш жана моюнду жоолук менен жабышат.

Кенелерден коргонуу үчүн чочутуучу каражаттарды (репелленттерди) пайдаланышат, аны дененин ачык бөлүктөрүнө сыйпап жана кийимге чачышат. Каражаттарды колдоноор алдында нускамасы менен таанышуу зарыл.

Ар бир адам курт-кумурскалар активдүү болгон мезгилде вирустук кене энцефалитинин табигый уюгунда болгон учурда өзүнүн кийимин жана денесин өз алдынча же башка адамдардын жардамы менен мезгил-мезгили текшерип, ал эми табылган кенени чыгарып алышы керек.

Спецификалуу алдын алуу чаралары: вирустук кене энцефалитине каршы алдын алуу эмдөөлөрү эндемикалуу уюктарда  иштеген айрым кесип ээлерине же ал жерлерге баруучуларга (командировкага жөнөтүлгөндөр, курулуш отряддарынын студенттери, туристтер ж.б.) жасалат.

Эгерде Сиз эмделбеген болсоңуз жана вирустук кене энцефалити боюнча жагымсыз аймакта жүрсөңүз жана кенеге чактырып алсаңыз эмне кылуу жана кайда кайрылуу керек?

Бул инфекцияга каршы эмделбеген адамдарга серопрофилактика жүргүзүлөт, б.а. вирустук кене энцефалитине каршы адам иммуноглобулини оору алып жүрүүчү кенелер чаккандан кийин 72 сааттын ичинде республиканын саламаттык сактоо тармагынын тиешелүү уюмдарына (ооруларды алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөлдүн аймактык борборлору, үй-бүлөлүк медицина борборлору) медициналык жардамга өз учурунда кайрылган учурда куюлат. 

Кенени кантип чыгарабыз?

Муну үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлери менен же сынык-жаракат пунктунда жасаган жакшы.

Эгерде үй шарттарында же табият кучагында эс алуу учурунда болсо, кан соруу учурунда адамдын денесине терең жана бекем кирип калган тумшугун үзүп албаш үчүн кенени абдан кылдат чыгаруу керек.

Жабышып калган кенени чыгаруунун эрежеси: денеге жабышып калган кенени тапкан учурда аны учу ийри пинцет же хирургиялык кычкач менен чыгарган баарынан ыңгайлуу. Кенени мүмкүн болушунча тумшугуна жакын жерден кыпчыйт. Андан кийин аны кылдаттык менен тартып жана ошол эле учурда аны өз огунда ыңгайлуу тарапка айландырат. 1-3 айландыруудан кийин кене тумшугу менен бирге бүтүн чыгат. Эгерде кенени жулуп алууга аракеттенсе, анда анын айрылып кетүү коркунучу жогору.

Азыр сатыкта кенелерди чыгаруу үчүн атайы илмектер бар. Мындай илмек эки тиштүү ийилген айрыга окшош. Кене тиштердин арасына коюлат жана ошондой эле буралат.

Эгерде аспаптар жок болсо, анда жоон жиптен жасалган илмек жип менен чыгарууга болот. Илмек жипке кене мүмкүн болушунча териге жакын жерден алынат жана эки тарапка козгоо менен тартылат. Кенени кол менен сыгууга болбойт. Кенени чыгаргандан кийин колду жууш керек. Жаракатты 70% спирт же 5% йод менен тазалайт. Чыгарылган кенени чакан айнек шишеге бир аз сууга чыланган кебездин үзүгү менен биргеликте салуу керек. Саламаттык сактоонун жакын арадагы уюмуна жөнөткөнгө чейин шишени сөзсүз тыгыз капкак менен жаап, аны муздаткычта сактоо зарыл.  Микроскопиялык диагностика үчүн кенени  лабораторияга тирүү жеткирүү керек.

Жабышып калган кенени ага канды көпкө сорууга жол бербестен мүмкүн болушунча  тезирээк чыгаруу абдан маанилүү, анткени кене канды канчалык көп соро турган болсо, ал жабыркаган адамдын организмине вирусту ошончолук көбүрөөк бөлүп чыгара баштайт, буга байланыштуу оору оорураак өтөт. 

Кенени чыгарууда төмөнкүлөрдү жасоого болбойт:

  • Кенеге май сыйпоого (май сыйпоо кенени тумшугун чыгарууга мажбурлабайт. Ал дем алуу жолдорун бүтөө менен кенени өлтүрөт. Май кенени ичиндегисин жаратка кусууга аргасыз кылат, бул ооруну жуктуруу коркунучун көбөйтүүгө гана өбөлгө түзөт);
  • Кенени кескин түрдө тартып ийүүгө болбойт — ал үзүлүп кетет;
  • Чаккан жерге ар кандай компресстерди коюуга, жегич суюктуктарды — нашатырь спиртин, бензин  ж.б. куюуга. Кенени тамеки менен күйгүзүүгө;
  • Жаратты кир ийне менен чукулоого;
  • Кенени манжалар менен басууга болбойт.

Чыгарылган кенени сөзсүз түрдө ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (санэпидкызмат) аймактык борборлоруна изилдөөгө жеткирүү керек. Бишкек шаары боюнча: Бишкек ш.,  (Байтик Баатыр көч., 36 а)  Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна же Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине  (Фрунзе көч., – 535) кайрылуу зарыл.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.