ЖАҢЫЛЫКТАР

Ысык-Көл облусундагы дарыгерлер жеке каражатына батир ижаралап жатышабы? Бул суроого облустук администрациядан жооп беришти

381

Ысык-Көл облусундагы дарыгерлер жеке каражатына батир ижаралап жатышабы? Бул суроого облустук администрациядан жооп беришти.

“Кызыл зонада иштеген бардык медицина кызматкерлери тамак-аш, жатакана менен камсыз болушкан”, – деп Ысык-Көл облустук ыкчам штабдын өкүлдөрү баса белгилешет.

Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Мирбек Сагынбаевдин айтымында, ак халатчандардын тагдырына кайдыгер эмес адамдар жана КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан дарыгерлерге тамак-аш берилип жатат. Ал эми жатакана маселесин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чечишкен.

“Кызыл зоналарда жана мобилдик топтордо кызмат көрсөтүп жатышкан дарыгерлерге жеке мейманканасын берчү ишкерлердин саны арбын. Мындан улам жашыруун маалымат булактарга таянып, медицина кызматкерлерине көңүл бурулбай калыптыр деген билдирүү этикага жатпайт. Кaktus.media маалымат агенттиги жарыялаган макалада айтылып жаткан окуя кайсы калк жайгашкан аймакта же шаарда орун алганын кабарласа жакшы болмок. ”, – дейт Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Мирбек Сагынбаев.

Ошондой эле ал маалымат үчүн Ысык-Көл облусундагы 151 имаратта күндүзгү стационар уюштурулуп, 1731 орун даярдалганын, 15 медициналык мекемеде 1117 орун бар экенин кошумчалады.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.