ДЕН СООЛУК

Өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү коргошунга уулануудан кантип сактай аласыз

70

Коргошундун өнөкөт таасири узак убакыт бою белгисиз өтүүсү мүмкүн.

Эреже болгондой, симптомдору таптакыр жок, ал эми белгилерин ата-эне да, дарыгер да байкабайт.

Орточо же жогорку таасир этүү деңгээлинде ар кандай өзгөчө эмес белгилер байкалышы мүмкүн, мисалы:

Эс тутумдун начарлашы

Окуудагы кыйынчылыктар

Баш оору

Агрессивдүү жүрүм-турум

Ич оору

Кусуу

Алсыздык.

Коргошунга уулануунун алдын алуу үчүн – кандагы коргошундун деңгээлин текшериңиз.

Коргошунга ууланууну аныктоонун бирден-бир ишенимдүү жолу – кан анализин тапшыруу болуп саналат.

Кандагы коргошундун деңгээлине тест кандагы коргошундун концентрациясын ченейт жана коргошунга уулануу тобокелдигин аныктайт.

Кандагы коргошундун деңгээлине тест убагында манжадан же колдон аз өлчөмдө кан алынат жана коргошундун өлчөмүнө текшерилет.

Кандын анализинин эки түрү бар.

1. Капиллярдык кандагы коргошундун өлчөмүнө анализ:

бул ыкма негизинен манжадан алынган кантка анализ сыяктуу заматта жыйынтыктарды берүү менен, экспресс-тестирлөө үчүн колдонулат. Ал венага жетүү оор болгон жагдайларда өзгөчө ыңгайлуу.

2. Вена канындагы коргошундун өлчөмүнө анализ:

бул ыкмада медицина кызматкери венадан кан алат жана аны лабораторияга анализ үчүн жөнөтөт. Бул процесс капиллярдык ыкмага караганда көп убакытты алса дагы, кыйла так болот.

Кандагы коргошундун коопсуз өлчөмү деген түшүнүк жок.

Ал канчалык көп болсо, ошончолук олуттуу зыянын тийгизет.

Коргошундан уулануунун ден соолукка коркунучу жана дарылоо атайын түзүлгөн шкаланын жардамында аныкталат.

Дарыгер бейтаптын жашаган жерине, жеке өзгөчөлүктөрүнө карап, кеңештерин берет.

Натыйжалуу дарылоо үчүн эң маанилүү жагдай – бул коргошунга уулануунун булагын жок кылуу болуп саналат!

Үй-бүлөнү коргошундун таасиринен коргоо үчүн аткаруу керек:

– Колду жана бетти тез-тез жууп туруу, өзгөчө тамактануу жана уктоо алдында

– Үйдө тазалыкты сактоо жана чаңдан арылуу.

– Эшиктерди, дубалдарды, эмеректи жана тиричилик техникасын тазалаганда нымдуу тазалоо.

– Коргошундун таасирине кабылган же коргошун менен булганган жерлерде иштеген адамдар үйгө келгенде кийимин жууш керек.

– Жашылчаларды жакшылап жуу

– Татымалдар, оюнчуктар, косметика ж.б. сыяктуу, коргошун менен булганган өнүмдөрдү пайдалануудан алыс болуу.

– Темирге, кальцийге жана С витаминине бай жагыштуу тамакты жеш.

Кош бойлуу аялдар менен балдарга терс таасир берүүсүнө жол бербеңиз!

Коргошундун ден соолукка тийгизген кесепеттерин толугу менен алдын алууга болот! Эгер коргошундун булактарын билип, аларды колдонуудан алыс болсоңуз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.