ВИРУСТУК КЕНЕ ЭНЦЕФАЛИТИ
Жаз мезгилинде жаратылыш койнунда эс алгандардын саны көбөйөт. Тилекке каршы, бул учурда эс алуучулар вирустук кене энцефалитине кабылуу коркунучу бар экендигин эске алышпайт.
ВИРУСТУК КЕНЕ ЭНЦЕФАЛИТИ – айрыкча борбордук нерв системасын жабыркатуучу курч кармаган жугуштуу вирустук оору. Ооруга кенелердин абдан активдүүлүгүнө байланыштуу болгон жазгы-күзгү мезгилдүүлүк мүнөздүү (апрельсентябрь). Бул ооруга бардык адамдар курагы жана жынысына карабастан кабылышат.
ООРУНУН КОЗГОГУЧУ (АРБОВИРУС) АДАМГА ВИРУСТУ АЛЫП ЖҮРҮҮЧҮ КЕНЕ СОРГОН БИРИНЧИ МҮНӨТТӨН БАШТАП ООРУНУ БАСУУЧУ ШИЛЕКЕЙ АРКЫЛУУ БЕРИЛЕТ:
– вирустук кене энцефалити байырлаган (токойлордон, бак-огород тилкелеринен) аймактарга барган учурда;
– кене жабышкан жаныбарлар (иттер, мышыктар) аркылуу;
– вирустук кене энцефалити боюнча жагымсыз аймактарда тамак-ашка эчки (көп учурда), кой, уйдун чийки сүтүн пайдаланууда жугушу мүмкүн. Ушул себептен улам чийки сүт азыктарын кайнаткандан кийин гана ичүү керек, андан даярдалган быштак, каймак ж.б. азыктар дагы кооптуу боло тургандыгын белгилей кетүү зарыл;
– кенени сыгып өлтүргөндө же ал чагып алган жерди тырмаган учурда териге вирус жукканда.
ООРУНУН НЕГИЗГИ БЕЛГИЛЕРИ
Инкубациялык мезгили (жуктуруп алган учурдан тарта оорунун биринчи белгилери пайда болгонго чейинки учур) көп учурда 7-14 күнгө, кээде 1 күндөн 60 күнгө чейин созулат. Оору кескин кармап, калчылдоо, баштын катуу оорушу, дене табынын 38-39 градуска чейин кескин жогорулашы, көңүлдүн айнышы, кусуу менен башталат. Көп учурда моюн жана ийин, көкүрөк жана арканын бел тарабы, колу-бутта орун алган булчуң оорулары оорулуунун тынчын алат. Оорулуунун тышкы көрүнүшү: жүзү кызарып чыгат, ал көп учурда денеге дагы жайылат. Эгерде адамда оорунун жогоруда саналып өткөн белгилери пайда болсо, анда өз учурунда медициналык жардам алуу үчүн кайрылуу зарыл. Оорунун кесепеттери: толук айыгуудан, ден соолуктун бузулушуна, майыптыкка жана өлүмгө чейин алып келет.
ВИРУСТУК КЕНЕ ЭНЦЕФАЛИТИНЕН КАНТИП КОРГОНУУГА БОЛОТ?
Спецификалык эмес алдын алуу жака жана жеңдин кайрылган учу аркылуу кенелердин кирип кетүүсүнө жол бербеши керек болгон атайы коргоочу костюмдарды (кооптуу топтор үчүн) же ыңгайлаштырылган кийимди колдонууну камтыйт. Көйнөктүн жеңдери узун болушу керек, аны билекке резинка менен бекитишет. Көйнөктү шымга шымдап, шымдын багалегин байпак менен өтүккө киргизип коюшат. Баш жана моюнду жоолук менен жабышат.
КЕНЕНИ КАНТИП ЧЫГАРАБЫЗ?
Муну үй-бүлөлүк медицина борборунун медициналык кызматкерлери менен же сынык-жаракат пунктунда жасаган жакшы. Эгерде үй шарттарында же жаратылышта эс алуу учурунда болсо, кан соруу учурунда адамдын денесине терең жана бекем кирип калган тумшугун үзүп албаш үчүн кенени абдан кылдат чыгаруу керек. Жабышып калган кенени чыгаруунун эрежеси: денеге жабышып калган кенени тапкан учурда аны учу ийри пинцет же хирургиялык кычкач менен чыгарган баарынан ыңгайлуу. Кенени мүмкүн болушунча тумшугуна жакын жерден кыпчыйт. Андан кийин аны кылдаттык менен тартып жана ошол эле учурда аны өз огунда ыңгайлуу тарапка айландырат. 1-3 айландыруудан кийин кене тумшугу менен бирге бүтүн чыгат. Эгерде кенени жулуп алууга аракеттенсе, анда анын айрылып кетүү коркунучу жогору. Кенени кол менен сыгууга болбойт. Кенени чыгаргандан кийин колду жууш керек. Жаракатты 70% спирт же 5% йод менен тазалайт.
КЕНЕНИ ЧЫГАРУУДА ТӨМӨНКҮЛӨРДҮ ЖАСООГО БОЛБОЙТ:
• Кенеге май сыйпоого (май сыйпоо кенени тумшугун чыгарууга мажбурлабайт. Ал дем алуу жолдорун бүтөө менен кенени өлтүрөт. Май кенени ичиндегисин жаратка кусууга аргасыз кылат, бул ооруну жуктуруу коркунучун көбөйтүүгө гана өбөлгө түзөт);
• Кенени кескин түрдө тартып ийүүгө болбойт — ал үзүлүп кетет;
• Чаккан жерге ар кандай компресстерди коюуга, жегич суюктуктарды — нашатырь спиртин, бензин ж.б. куюуга. Кенени тамеки менен күйгүзүүгө;
• Жаратты кир ийне менен чукулоого;
• Кенени манжалар менен басууга болбойт.
Categories: Журнал Ден соолук+