ЖАҢЫЛЫКТАР

Бишкекте, сүт безинин рагын жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн аялдарды акысыз текшерүү жумалыгы башталды

1118

Бишкек шаарында ракка каршы күрөшүүнүн Бүткүл Дүйнөлүк күнүнө карата 25-60 жашка чейинки аялдарды акысыз текшерүү жумалыгы уланууда.

Бул жумалыктын бүгүн, Бишкек шаардык №3 Үй бүлөлүк медицина борборунда ачылышы болду.

Ага Бишкек шаардык мериясынан, шаардык саламаттык сактоо башкармылыгынан, КР Саламаттык сактоо министрлигинен, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан  жана БУУдан өкүлдөр барып катышышты.

Бул күндөрү, бардык каалаган аялдар сүт безинин рагын жана жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн дарыгер акушер-гинеколог, маммологдорго текшериле алышат.

Иш-чаранын негизги максаты онкологиялык ооруларды эрте диагностикалоонун, эрте дарылоонун жана алдын алуунун эки багытта: жатын моюнчасынын рагы жана көкүрөк безинин рагы боюнча маанилүүлүгүнө коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат.

30-январда башталган жумалык 3-февралга чейин Бишкек шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборлорунда өтөт. Дарыгерге текшерилүүгө келген аялдардын жашаган жери маанилүү эмес, бирок паспорт менен баруу абзел. Өзүнө жана шартына ылайыктуу үй-бүлөлүк медицина борборго кайрылса болот .

Бир гана Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учурлары катталат.

Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында бул оорулардан өлүмгө учуроо боюнча биринчи орунда турат.

Бул акциянын уюштуруучулары болуп, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, Улуттук онкология жана гематология борбору, Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы саналат, техникалык жактан ДССУ жана ЮНФПА уюмдары колдоп берүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published.