Дени сак шаар

“ДЕНИ САК ШААРЛАР” КАРАКОЛДО

424

 “Дени сак шаарлар” программасынын алкагындагы тегерек стол Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болуп өттү. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан уюштурулган жолугушууга Каракол шаарынын мэриясынын жана муниципиалдык кызматтарынын, ошондой эле башка министрлик-ведомстволордун өкүлдөрү активдүү катышышты.

“Дени сак шаарлар” программасы – бул өзгөчө платформа. Ал калаанын жашоочуларынын ден соолугу жана бакубаттуулугу үчүн биргелешип иштөөгө багытталган.

Тагыраагы: – кызыктар тараптардын башын бириктирүү;

– инновацияларды жана өзгөрүүлөрдү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу;

– шаардан шаарга карай бирдиктүү тажрыйба алмашуу үчүн аталган платформаны колдонуу;

– коомдук саламаттыкты сактоо тармагындагы жергиликтүү көйгөйлөрдү жеринде чечүү жолдорун табуу болуп саналат.

“Келечекте ар бир шаар жашоонун саясий, маданий жана экономикалык борбору болуп, жарандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган инновацияларды жана секторлор аралык демилгелерди илгерилетет”

РДЧжМК борборунун адистери шаарды көрктөндүрүү жана элдин дени сак жашоосуна шарттарды түзүү боюнча жогоруда түзүлгөн пландардын негизинде бир нече презентациялардын жардамы менен багыттоочу маалыматтарды беришти.

Анын ичинде: ден соолукту чыңдоо боюнча маселелер, мектеп жашындагы балдарга таза гигиеналык эрежелерди күчтөндүрүү жана алар үчүн талапка ылайык шарттарды түзүү, жаштар менен чоңдор арасында жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, тамеки тартуунун кесепеттери, электрондук тамекилерди жаштар арасында колдонбоого чакыруучу иштерди жасоо, ошондой эле ооруларды эл арасында алдын алуу боюнча маалыматтарды жайылтуу максатында уюштурулган онлайн аянтча тууралуу маалыматтар берилди. Андан сырткары программанын негизинде тегерек столдун катышуучулары менен шаарды өнүктүрүү боюнча бир топ көйгөйлүү маселелер талкууланды.

“Бул долбоордун башталганына абдан кубанычтабыз негизинен Каракол шаары кышы-жайы дебей туристтерди кабыл алуучу аймак болгондуктан бул ДЕНИ САК ШААР программасы менен таанышпыз, учурда жогоруда айтылган маселелер боюнча бир топ алгылыктуу иштердин үстүндө иштеп баштаганбыз, акырындан иштер жүрүп жатат десем болот.”

“Жасалган иштер боюнча айта кетсем программанын алкагында Каракол шаарында өткөн жылдарга салыштырмалуу спонсорлордун колдоосунда 3 медициналык обьект курулган.

Ысык-Көл бириккен ооруканасына Каракол жергиликтүү бюджетинин эсебинен хиургургиялык операцияларга керектүү аппарат алынып берилди. Каракол шаарынын эли үчүн сергек жашоо багытына көңүл бурууда спорт комплекси, фитнес клубдар иштеп жатат. Шаардын жалпы билим берүү мекемелеринде өздүк гигиенаны сактоо боюнча окуучуларга шарттарды түзүү каралган. Быйыл медициналык кабинеттерди талапка ылайык келтирүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1 000 000 сом каралды, бул да болсо шаарыбыздын өнүгүшүнө кошкон салым, түзүлгөн мүмкүнчүлүк.

Ага кошумча дени сак шаарлар программасын ишке ашырууга көмөктөшкөн өнөктөштөрүбүз бар, алар тараптан дагы колдоо көрсөтүүлөр болуп турат, буюрса алдыда жакшы иштерди жасоонун алдында турабыз, мындан элди таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды кетирүү ж.б көйгөйлөр бар, азыркы учурда ошол маселелерди чечүү жолдору каралууда”-деди Каракол шаардын мериясынын социалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Азамат Чыныбаев.

Leave a Reply

Your email address will not be published.