ЖАҢЫЛЫКТАР

Электрондук саламаттык сактоо борбору жаңы программаларды иштеп чыкты. Бул өтө ыңгайлуу

240

Бүгүн, 15-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу санариптик өнүктүрүү борбору, саламаттыкты сактоо тармагына COVID-19 менен күрөшүүдө кандай жардам бергендиги жана санариптештирүү жаатында аткарылган иштери тууралуу, отчеттук иш чара менен катар учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун талкуулоо максатында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу, Саламаттык сактоо тармагына караштуу борборлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Алар акыркы квартал ичинде өткөрүлгөн иш чаралар жана жаңы киргизилген маалыматтык системалар тууралуу отчет беришти. Ага улай COVID-19 менен күрөшүү жана ага колдонулуучу эффекттер, саламаттыкты сактоодогу санариптик өнүктүрүүнүн учурдагы кырдаалы, ошондой эле келечектеги чакырыктар тууралуу иштер талкууланды.

“2022-жылдын башынан бери КР Саламаттык сактоонун электрондук саламаттык сактоо борборуну “Медициналык күбөлүктү” электрондук системага өткөрүү программасын иштеп чыгып киргиздик. Бул программа дарыгерлерге жана Кыргызстандын жарандарына абдан ыңгайлуу десем болот. Эми калкыбыз медициналык күбөлүктү онлайн түрдө буйрутма кылып ала алышат, мурдагыдай калкты тейлөө борборунда кезекке туруунун кажети жок. Андан сырткары онлайн санарип системасындагы Aimlab деген программаны иштеп чыктык. Бул программада жарандар медициналык анализдерди тапшыргандан кийин, жыйынтыгын онлайн түрдө e.mail же вотсапп же башка тиркемелер аркылуу ала алышат” – деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу электрондук саламаттык сактоо борборунун жетекчиси ТИМУР АЛКОЖОЕВ.

Учурда министрлик, саламаттык сактоонун сапатын, анын жеткиликтүүлүгүн жана санариптик кызматтарды алууда жарандардын ыңгайлуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.