COVID 19

Кайсы өлкөлөрдө COVID-19га каршы чектөө чаралары алынды?

234

Өткөн аптада кээ бир өлкөлөрдө чектөө чаралары жумшартылса башкаларында алар толугу менен алынып салынган.

Казакстан 2022-жылдын 17-февралынан тарта өлкөгө кирүүдө өз жарандарынын милдеттүү ПЦР тестирлөөнү талап кылбайт. Милдеттүү ПЦР тести, эмдөөнүн толук курсун (кеминде 6 ай экинчи) же COVID-19га каршы ревакцинациядан өткөн жарандардан талап кылынбайт.

Израиль 1-марттан тарта COVID-паспортторунан (эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу) баш тартты. Буга чейин өлкөдө COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жана оорудан айыккан чет элдик жарандардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилген.

Австрияда чектөөлөрдү жеңилдетүү боюнча биринчи чаралар 19-февралда башталды. Эми эмдөөдөн өткөн же COVID-19дан айыкканадар гана кирүүгө уруксат берилген жайларга, ПЦР тесттин терс жыйынтыгы менен дагы кирүүгө уруксат берилет.
Ал эми 5-марттан тарта бийлик эмдөө боюнча “жашыл паспортторду” жокко чыгарууну, коомдук жайларга кирүү жана иш-чараларга болгон чектөөлөрдү алынууну пландоодо.

Данияда 1-февралдан тарта карантин алынып салынат. Мындан ары өлкөнүн тургундарына массалык иш-чараларга катышуу үчүн эмдөө паспортун көрсөтүүнүн жана беткап кийүүнүн кажети жок.
Көптөгөн өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү чектөөлөрдү алып салуу үчүн өлкөдө коронавируска каршы эмдөөнүн жогорку деңгээли маанилүү себеп болду деп белгилешет. Мисалы, Данияда коронавируска каршы калктын 81,4%ы эмдөөнүн толук курсун, ал эми калктын 61%ы бустердик дозасын алышкан. Эксперттердин айтымында, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөргө караганда эмделбеген жарандарда ооруга чалдыгуу коркунучу жогору экенин айтышкан.

Францияда чектөөлөрдү алып салуунун кийинки этабы 16-февралда башталган. Кафе-бар жана маданий иш-чаралар ачылган. Көчөдө беткап тагынуунун кереги жок.
Өкмөт өкүлдөрү, Франциядагы калк арасындагы эмдөөнүн жогорку деңгээли коронавирустун омикрон вариантынын толкуну менен бөгөтсүз күрөшүүгө мүмкүндүк берет деп билдиришкен.

Leave a Reply

Your email address will not be published.