ЖАҢЫЛЫКТАР

С.Б. Данияров атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучулары катышкан семинар өттү

418

Кыргызстанда акыркы жылдары мите курт оорулары кулачын кенен жайууда. Мындан улам, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгы мите курттардын жайылуусун алдын алуу максатында борбор калаада С.Б. Данияров атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучулары катышкан  семинар болду.

Семинарга Чүй, Талас жана Нарын облусунун  мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучуларына  ичеги-карын мителерин лабораториялык аныктоо боюнча колдонмо жана айлана-чөйрөнүн объектилерин санитардык -гельминтологиялык изилдөө  боюнча колдонмо боюнча маалымат берилди.

Кыргызстанда эң кеңири жайылган  мите курт бул чүчөк курттары – острицалар. Алар энтеребиоз оорусун чакырат. Андан кийинки эле орунда лямблиялар, алар лямблиоз оорусун козгойт. Аскаридалар дагы кенен жайылган мите курттар. Эхинококкоз, альвеакоккоз, гименолепидоз, тениаринхоз, описторхоз жана башкалар. Бирок алардын саны биринчи мителерге караганда азыраак.

Тоо кен тармагында иштеген түркиялык компания “ДУВАТАШ” жана “Дени-сак үй-бүлө” коомдук бирикмесинин финансылык жардамы менен уюштурулду.

Республикада мите курттар менен көбүнчө 14 жашка чейинки балдардын 70-75% балдар ооруйт. Жылына 25миң бала мите курт менен  жабыркаары аныкталат.Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эгерде мите курту бар калктын саны жалпы калктын 30% ашса массалык дарылоо иш-чаралары жүрүш керек. Бирок учурда мите-курттар боюнча абал туруктуу. Ар бир област, райондордо мектептерде жүргүзүлгөн текшерүүлөр балдардын 5%, ашып кетсе 15% мите курту бар экенин аныктап жатышат. Көрсөткүчтөрү 15% жеткен мектептерди толугу менен даарыланат.

Адамдар мите курттарды көбүнчө жеке гигиенасын сактабагандан пайда болот. Мисалы: ойногондон кийин, мектептен, көчөдөн келгенден кийин, дааратканадан чыккандан соң  жана тамактануунун алдында колдорун жуубаган учурда жуктуруп алат. Иттен жана мышыктан да эхинококкоз жана токсакороз сыяктуу гелминтоздорду жуктурууга болот. Ит жана мышык менен ойногондон кийин колду сөзсүз жууш керек. Таза жуулбаган жашылча мөмө жемиштерди жегенде да жуктуруп алууга болот. Мындан улам ,ата-энелер жылына эки жолу лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүп туруусу керек” -дейт Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн паразитологу Усубалиева Жумагүл Маматкуловна

Паразиты строят свою жизнь рядом с нами (и даже в нас), а мы об этом и не подозреваем

Мите курт ооруларынын  белгилери

Ич өтүү  же ич кату сыяктуу ичеги карындын иштешинин  бузулушу, будур, кычыткы, тактар пайда болушу. Жотол пайда болуп, денеси ысып, башы ооруп, алсызданып, табити жоголуп, ичи оорушу мумкун. Нерв системасы бузулушу мумкун: кыжырдануу, туталануу, конул буруусунун жана эс тутумунун начарлашы, тарамышы тырышуу жана  эс учун жоготуу кездешет. Жогоруда аталган белгилер пайда болгон учурларда дарыгерге кайрылуу зарыл.

Паразитология - Мите курт . Кыргызстанда анын 25ге жакын... | Интересный  контент в группе Красота и здаровье в ваш дом.

Мите курт ооруларынын негизги жугуу себептери


— Уй шартындагы даарыланбаган жаныбарлар менен балдардын тыгыз байланышта болуусу;
— Итти сылап-сыйпоо, тамак тандыруу жана тегерегин тазалоо учурунда.
— Андан сырткары калк арасында мите курт ооруларынын организмге тийгизген зыяндуулугу жөнүндө түшүнүктүн аз экендиги

— Калктын социалдык жашоо шартынын төмөндүгү мите курттардын түздөн-түз таркалышына, жугушуна өбөлгө түзүүдө.

Дарыгер кеңеш берет; Мите курт ооруларынан сактаныңыз | Чаткал.kg

Мите курт ооруларынан сактануунун жолдору
Мите курт ооруларынан сактануунун эн негизгиси оорунун алдын алуу. Ооруну дарылагандан көрө алдын алган жакшы эмеспи. Ошондуктан эң биринчиден жекече жана коомдук гигиенаны сактоо, санитардык гигиеналык эрежелерди так аткаруу, оорунун алдын алуунун эн негизги натыйжалуу жолу болуп эсептелет. Оорунун негизги себеби – кир колдон болгондуктан баланы кичинесинен тартып тамак ичээр алдында, мал карагандан, мектептен, дааратканадан жана сырттан ойноп келгенден кийин ар дайым колдорун самындап жууганга көндүрүш керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published.