АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

Өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугу

590

Репродуктивдик ден соолук, БДСУнун аныктамасы боюнча – бул жашоонун бардык баскычтарында репродуктивдик системага таандык болгон бардык пункттары боюнча физикалык, акыл-эс жана социалдык жыргалчылык абалы.

Бардык тирүү организмдер репродуктивдик функцияларга ээ жана репродукция органдары бар.

Эркек балдар

1. Эркектердин репродуктивдик системасына ички жыныс органдары: жумурткалыктар, урук чыгаруучу түтүктөр, урук чыктагыч без,  урук ыйлаакчалары,  заара бөлүп чыгаруучу канал, бульбоуретралдык бездер; жана тышкы: жыныс мүчөсү, калта кирет. 

2. Эркектердин репродуктивдик ден соолугу – бул тукум улоого, б.а. дени сак баланы бойго бүтүрүүгө болгон жөндөмдүүлүк.   Эркектердин репродуктивдик системасынын негизги милдети эркектердин жыныс клеткаларын (сперматозоиддерди) иштеп чыгуу болуп саналат.   Өспүрүм эркек баланын организминдеги бардык өзгөрүүлөр жумурткалыктар тарабынан иштелип чыгуучу жыныс гормону – тестостерондун таасири астында жүрөт.

Кыздар

1. Аялдардын репродуктивдик системасы ички жана тышкы жыныс органдарынан турат. Ички жыныс органдары кичи жамбаш чарасынын көңдөйүндө жайгашкан. Алар жумурткалыктарды (аялдын жыныс бездери), фаллопий түтүкчөлөрү, жатын жана жыныс кынын камтыйт. Тышкы жыныс органдары – кичи жана чоң жыныс эриндери, вульва, клитор, кыздык чел кабык.

2. Аялдардын репродуктивдик ден соолугу – бул тукум улоого, б.а. дени сак баланы бойго бүтүрүү, көтөрүү жана төрөөгө болгон жөндөмдүүлүк.  Өспүрүм кыздын организминдеги бардык өзгөрүүлөр жумурткалыктар тарабынан иштелип чыгуучу жыныс гормону – эстрогендин таасири астында жүрөт. Аялдын организминде сперматозоиддер жумуртка клеткасы менен кошулган соң, бойго бүтүү, түйүлдүктүн өөрчүү жана баланын төрөлүү б.а. өзүнө окшошту кайта өндүрүү процессин баштайт.

Ар бир өспүрүм үчүн келечекте ал дени сак балалуу болушу үчүн өзүнүн репродуктивдик ден соолугун кантип сактоо керектигин билүүсү маанилүү.

10 жаштан 19 жашка чейинки курак өспүрүм мезгил деп аталат.

Ушул мезгилде организмде чоң өзгөрүүлөр жүрөт, кыз чоң кызга, ал эми эркек бала  жигитке айланат.

Өспүрүмдөрдүн кийинки толук баалуу жашоосу ошол курактагы репродуктивдик ден соолуктан көп жагынан көз каранды. Өз учурунда байкалган жана жөнгө салынган көйгөй анын бойго жеткен курактагы балалуу болуу көйгөйлөрүнөн куткарат. Өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугун коргоо мектептен жана мектепке чейинки куракта эле башталууга тийиш. Биринчи кезекте балдардын жана өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугуна кам көрүү алардын ата-энелеринин жоопкерчилигинде жатат.

Маалымат үчүн

Өспүрүмдөрдүн репродуктивдик ден соолугун коргоо өзгөчө маанилүү. Алардын репродуктивдик потенциалынан бүтүндөй улуттун ден соолугу, демографиялык кырдаалдын жакшыруусу көз каранды.  Репродуктивдик потенциал катары адамдын балалуу болуу курагына жеткенде дени сак тукум улоо мүмкүнчүлүгүн түшүнүү керек.

Абдан маанилүү жаш курак мезгил, өспүрүмдүн организминдеги органдардын жана системалардын өсүү жана өнүгүүсү баштала турган – өспүрүм мезгил (11-12 жаштан башталат).

Кыздарга өспүрүм мезгилде анын организминде аялдын жыныс гормондору – эстрогендердин таасири астында өзгөрүүлөр жүрө тургандыгы, булчуң жана скелет системасы өсүп, безеткилер чыгаары, жыныс органдары тарапта, колтук астында түктөрдүн пайда болоору тууралуу айтып берүү керек. Апасы кызга алдын ала эле алдыда боло турган айыздар тууралуу айтып берүүсү жана аны ушул мезгилдеги гигиена эрежелерине, календарга белгилөө, күн тартибин сактоого үйрөтүүсү зарыл. Көп өлчөмдө келген, ооруткан, узакка созулган айыздар гинекологго кайрылуу үчүн себеп болуп саналат.

Эркек балдарга дагы алардын организминде жыныстык жетилүү мезгилинде эмне боло тургандыгын түшүндүрүү абзел. Бул мезгилде эркек гормондору – андрогендердин таасири астында органдардын жана дененин тынымсыз өсүшү жүрөт. Негизги эркек гормону – тестостерон. Эркек балдарда анын таасири астында жумурткалыктар жана жыныс мүчөсү өсө баштайт, жыныс органдарынын аймагында, колтукта түктөр пайда болот, андан кийин бетте – болочоктогу сакал жана мурут чыгат, үн өзгөрөт – баланын ичке үнүнөн акырындап эркектин жоон үнүнө өтөт, бой өсөт жана дененин булчуң салмагы көбөйөт. Жыныстык жетилүү учурунда сперматозоиддер иштелип чыга баштайт, алар коюу ак суюктукта болот. Урук суюктугунун көп учурда уктап жатканда эрксизден агып калышы поллюция деп аталат. Поллюциялар – ар бир уланда адатта жумасына 1-2 жолу байкалуучу нормалдуу физиологиялык көрүнүш. Эгерде бул тез-тезден болуп турса, ошондой эле күндүз дагы агып калып жатса, анда дарыгерге көрүнүү керек.

Балдарды эң эле эрте курагынан тарта зарыл болгон гигиена эрежелерин, анын ичинде  интимдик гигиенаны сактоого үйрөтүү абдан маанилүү. Жеке гигиенанын эрежелерин капарга албай коюу инфекциянын алгач тышкы жыныс органдарына жайылуусуна алып келет, ал эми ал узак убакыт бою дарыланбаса ички жыныс органдарынын сезгенүүсүн пайда кылышы мүмкүн.

Балдарга ваннада гигиена бурчун уюштурууга жардам бергиле. Аларды гигиеналык буюмдарды (самын, дезодоранттар, шампунь, устара шаймандары, гигиеналык көөктөр ж.б.) туура пайдаланууну үйрөткүлө.

Тамеки чегүү, алкоголь, уулуу заттар жана баңгизат өспүрүмдүн организмине чоң адамдын организмине караганда өтө чоң зыян келтирет, анткени алар гонадоуулуу (гонадотоксичный) факторлор болуп саналат, б.а. жыныс органдарын, биринчи кезекте жыныс клеткаларын жабыркатуучу факторлор болуп саналат.

Жыныстык жетилүүнүн туура жөнгө салынуусу жана айыз функциясынын калыптануусу үчүн зарыл болгон гормондор түнкү уйку мезгилинде иштелип чыгат, ошондуктан өспүрүмдөр үчүн өзгөчө психоэмоционалдык оордук мезгилинде, мисалы, мектептеги сынактардын учурунда жетишерлик өлчөмдө уйкусун кандыруу маанилүү.

Бул мезгил ичинде туура тамактанууну уюштуруу маанилүү. Балдар белок, углевод, май, минерал жана витаминдерди жетишерлик өлчөмдө алышына көз салгыла.

Өспүрүм куракка чейин балдар менен ишенимдүү мамилелерди жөнгө салуу, алар менен адептүүлүк, баланын укуктары, жыныстык кол тийбестик, жыныстардын өз ара мамилелери тууралуу сүйлөшүү абдан маанилүү.

Өспүрүм курак организмдеги өсүү жана өнүгүү процесстери интенсивдүү өтүүчү, өзгөчө маанилүүсү инсандын психологиялык, адептүүлүк жана социалдык калыптануусу жүрө турган уникалдуу физиологиялык өзгөрүүлөр менен мүнөздөлөт.

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.