Алдын алуу

Талас жана Нарын областарындагы мектептерде “Балдар арасындагы зордук-зомбулук жана гепатит ооруларын алдын алуу” боюнча окутуулар жүрүүдө

360

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыӊдоо жана массалык коммуникация борбору 2019-жылдын 19-декабрында  «Кыргыз Республикасындагы вирустук гепатит боюнча учурдагы абал жөнүндө» отурумунун негизинде жана  Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 2-февралында кабыл алган тескемесине ылайык  «Коомдо ар кандай формадагы зомбулукка карата чыдамсыздыкты калыптандырууга багытталган иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө.

Зомбулукка каршы күрөшүү тармагындагы мыйзамдарды өркүндөтүү, зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды киргизүү жана анын курмандыктарына көрсөтүлүүчү кызматтарды кеңейтүү» пунктуна ылайык  Талас жана Нарын областарынын жалпы билим берүү мектептеринин директордун тарбиялык иштер боюнча орун басарлары атайын окутуудан өтүүдө. Айрыкча соцпедагогдор  “Вирустук гепатит ооруларын алдын алуу”  боюнча теманы кызыгуу менен угуп, колдонмодогу вирустардын жугуу жолдорун карточкалар менен көрсөтүлүшү, окуучулар менен ата-энелердин эске тутуусуна чон жардам берерин белгиледи.

“Балдарыбызды зордук-зомбулуктан кантип сактайбыз?” темасы учурда абдан актуалдуу маселе  экенин баса белгилеп, ата-энелер чогулуштарында бул тема караларын, атайын алар  учун чогулуштар уюштурула тургандыгынын билдирди. Социалдык педагогдор буга чейин гепатит ооруларын алдын алуу боюнча окутуулар болбогонун белгилешти.

Leave a Reply

Your email address will not be published.