Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №7 Апрель 2022-жыл

1663

Академик Арстанбек Мурзалиев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз медицина коомчулугу оор жоготууга учурады. 91 жаштагы кадырлуу инсан, атактуу устат-невролог, Кыргыз илимдер академиясынын академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Арстанбек Мурзалиев дүйнө салды.

Арстанбек Мурзалиевич Мурзалиев 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин, 1955-жылы неврология кафедрасынын ординатурасын бүтүргөн. 1955-1966-жылдары Москва шаарында көрүнүктүү невропатолог профессор М.Ю.Рапопорттун жетекчилиги астында СССРдин академик Н.Н. Бурденко атындагы медицина илимдери академиясынын Нейрохирургия илим изилдөө институтутунун аспирантурасын жана докторантурасын аяктаган.

М.Мурзалиев 1958-жылы кандидаттык, 1966- жылы докторлук диссертациясын жактап, андан соң КММИде эмгек жолун баштаган. Ак эмгегинин натыйжасында адегенде ассистенттен баштап, доцент, профессор – неврология кафедрасынын башчысы, аталган интституттун илим боюнча проректору (1978-1987-жж.), ректору (1987-1996-жж.) кызматына чейин бардык кызматтык баскычын басып өткөн.

Бул мезгил аралыгында республиканын саламаттык сактоо тармагында неврологиялык кызмат өнүгүп, калыптанган: бардык облустук борборлордо жана ири шаарларда диагностикалык жабдуулар менен жабдылган адистештирилген неврология бөлүмдөрү уюштурулган, нерв оорулары клиникалык базасында нейрохирургиялык бөлүм жана медициналык генетика бөлүмү, ал эми КММАнын ангионеврология сектору да ачылган.

Академик А.Мурзалиевдин ишмердүүлүгү педагогикалык иш менен айкалышканын айта кетүү керек. КММАнын жетекчилик кызматтарында жыйырма жылдай эмгектенип, окутуучулардын илимий потенциалын жогорулатууга салым кошкон. Россия, АКШ, Түркиянын жана башка мамлекеттердин медициналык билим берүү тармагынын тажрыйбасын изилдеп, КММАны өнүктүрүүнүн концептуалдык ыкмаларын иштеп чыгып, жалпы практикалык врачтарды даярдоо планын ишке ашырган. Анын демилгеси менен аталган окуу жайда чет өлкөлүк студенттерди (Индия, Мозамбик, Пакистан ж.б.) даярдоо факультети ачылган. Ошону менен бирге Ош шаарында педиатрлардын квалификациясын жогорулатуучу доценттик курс, Кыргыз-Россия (Славян) университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде медициналык факультеттер ачылган.

Академик А.Мурзалиев көп жылдар бою Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин илимий-медициналык кеңешинин төрагасы, КР УИА президиумунун мүчөсү, республиканын невропатологдорунун илимий-медициналык коомунун төрагасы болуп иштеген.

Арстанбек Мурзалиевич илимдеги жетишкендиктери үчүн «Республиканын эмгек сиңирген врачы» (1974-ж.), «Илимге эмгек сиңирген ишмер» (1991-ж.) наамдары, Советтер Союзунун бир катар медалдары, КР «Даңк» медалы, «Манас» ордени жана башка орчундуу сыйлыктарга ээ болгон. 200дөн ашуун илимий эмгектери жана монографиялары жарык көргөн. Анын жетекчилиги астында 5 докторлук жана 20дан ашуун кандидаттык диссертациялар корголгон. Кыргыз элинин бакубат турмушу үчүн саясий жана мамлекеттик иштерге активдүү катышкан.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги маркум академик А.Мурзалиевдин жакындарына, туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтат. Анын жаркын элеси кыргыз элинин жүрөгүндө дайыма сакталып кала бермекчи.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.