Алымкадыр Бейшеналиев:
«Реформалар элдин кызыкчылыгы үчүн жасалууда»
Акыркы жылдарда республиканын саламаттык сактоо тармагы кыйроо абалына жеткени, эл үчүн медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгү төмөндөп кеткендиги коомчулукта чоң көйгөй жаратып келе жатат. Учурда бул тармакта башталган реформалар кызуу талкууга түшүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен маек курдук.
— Алымкадыр Савирдинович, учурда өлкөдө саламаттык сактоо тармагында көрүнүктүү реформалар башталып, карапайым эл бир жагынан кубанса, бир жагынан реформага каршы чыккандар да жок эмес. Ушул тууралуу сөз кылсаңыз.
— Советтер Союзунан бизге катары менен бейтапкана, балдар бейтапканасы, айылдык пункттар жайгашкан аймактык ооруканалардын үзгүлтүксүздүгү өкүм сүргөн система калган. Булардын бардыгы бузулуп, кичинекей медициналык мекемелер ачылган. Бейтапканалар үй-бүлөлүк медицина борборлоруна айлантылып, ооруканаларда койка-орундар азайтылган. Райондо үй-бүлөлүк беш дарыгер болсо дагы бейтап кайда бараарын билбей калган. Дарыгер аймактык ооруканага ультра добуштуу изилдөөгө бейтапты жөнөтө алган эмес, анткени ал жерде аппарат болгон эмес. Ал эми тез жардам такыр эле башка жерде, өзүнчө болгон. Алыскы райондордо дарыгерлер жетишпейт, заманбап медициналык жабдуулар жок, мамлекеттик лабораториялар дээрлик иштебейт. Материалдык каражаттардын жоктугунан улам ар бир эле жаран сапаттуу медициналык тейлөөгө ээ боло албайт. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары жакшы эле болуп жатат, Кыргыз-Түрк достугу ооруканасы иштей баштады, президент 2011-жылдан бери токтоп калган Улуттук Госпиталдын оңдолгон корпусун карап чыкты, мамлекеттик ооруканалардын имараттарына ачылган менчик ооруканаларды ижара келишимдери токтотулуп кайра өзүбүзгө алдык, мисалы №2 Төрөт үйүнүн имараты кайтарылды, эми ал жерде төрөй турган аялдарды кабыл алууга орундар көбөйөт, «Алтын Балалык» балдардын реабилитациялык борбору оңдолууда, ден соолукту чыңдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Жасалып жаткан реформаларды биздин медицинанын корифейлери – Миталип Мамытов, Мамбет Мамакеев жана башкалар колдоп жатышат. Ошондуктан мен реформаларды мындан ары дагы жүргүзө берем, биздин саламаттык сактоо системабызды калыбына келтирем жана аны элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзөм деп айта кетким келет.
-Бишкек илимий-изилдөө травматология жана ортопедия борборунун Шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына кайра түзүлүүсү кыргыз медицинасы үчүн кандай мааниге ээ?
— Бишкек шаарынын травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борбору 2015-жылдан бери мыйзамсыз иштеп келе жаткан. Муну юристтер далилдешти. Буга чейин тез жардам кызматынын кызматкерлери диагноз коюу үчүн оорулууларды бүт шаардын ичин кыдырып алып жүрүшчү. Эми болсо бардык дарыгерлер бир жерде болушат. Мен кыргыз элине сапаттуу саламаттык сактоону кайтарып берүү үчүн өмүрүмдү жана кадыр-баркымды тобокелге салып жатам. Акыры кимдир-бирөө популярдуу болбогон бир чечим кабыл алышы керек да. Шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасы калкка курч кармаган ооруларда, жаракаттарда, кырсыктарда, ууланууларда, ошондой эле массалык жабыркоолордо сутка боюу шашылыш медициналык жардам көрсөтүүчү көп профилдүү адистештирилген мекеме болот.
— Медицина кызматкерлерин даярдоо өтө орчундуу мааниге ээ эмеспи. Ошол себептүү медициналык билим берип жаткан окуу жайларына жүргүзүлүп жаткан реформалоо дагы коомчулуктун колдоосуна ээ болууда. Ушул жааттагы реформалар тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
— Кыргызстанда медициналык окуу мекемелеринде, билим берүүнүн сапаты начар. Бизди 10-15 жылдан кийин ким дарылай тургандыгы тууралуу ойлонууга тийишпиз. Окубаган жана ЖОЖду араң бүткөн дарыгерлер келечекте өлкөнүн генефондуна чоң зыян келтирет. Учурда клиникалык базасы жок медициналык окуу жайлардын лицензияларын алуу пландалууда же болбосо алар клиникалык базасынын жана тиешелүү шарттарынын бар экендигин далилдеши керек. Жеке менчик медициналык ЖОЖдордун клиникалык базаларына жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгында жеке 17 ЖОЖдун ичинен 8инде студенттердин адистиктер боюнча окутуудагы тажрыйбалык көндүмдөрдү жана ыкмаларды өнүктүрүүнү калыптандыруу үчүн шарттары бар экен. Ал эми калган жеке 9 билим берүү уюмдарында жетишсиз, калгандарында бул шарттар такыр эле жок. Жыйынтыктар боюнча төмөнкү ЖОЖдордун белгиленген үлгүдөгү 6-формасын чакыртып алуу чечими кабыл алынды: Ош эл аралык медициналык университети; Кыргыз медиициналык-стоматологиялык институту; «Роэль Метрополитен университети»; «Авиценна» Эл аралык медициналык институту; «АВС» Академия; Бишкек эл аралык медициналык институту; Эл аралык медицина жана илим университети. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин дарегине жогоруда белгиленген, мурда 6-форма албаган 7 ЖОЖ жана 2 ЖОЖ боюнча тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн билдирме жөнөтүлдү, булар Бишкек финансылык-экономикалык академиясына караштуу «Адам» университети жана Эл аралык илим жана бизнес университети.
— Дагы бир жакшы жаңылык медицина кызматкерлерине үйлөр курулуп жатыптыр. Алар дарыгерлерге кандай шарттар боюнча бөлүнүп берилет?
— Бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн эч качан үйлөр курулган эмес. Эми дарыгерлерди турак жай менен камсыз кылуу жагы колго алынды, Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Суеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде биринчи этапта он эки кабат үй курулмакчы. Үй пайдаланууга буюрса 2023-жылдын апрель-май айларында берилет деп болжонуп жатат. Турак жайга муктаж болгон медицина кызматкерлерин комиссия аныктайт. Каржылоонун булактары аныкталган соң дагы бир үй куруу пландалууда.
Categories: Журнал Ден соолук+