Асел Орозалиева:
«Аймактардагы адистердин билими да, тажрыйбасы дагы жакшы»
Эненин аман- эсен көз жарып, баланын жарык дүйнөгө келишине көмөктөшкөн киндик энелер кыргыз элинде чоң урмат- сыйга ээ. Мындай адистерди кесиптик жактан даярдоо, аларды колдоо менен алектенип жаткан Кыргыз акушерлер альянсынын төрайымы Асел Орозалиева уюмдун иши тууралуу маалымат берди.
Кыргыз акушерлер альянсы умай энелерди кесиптик жагынан өнүктүрүү, билимин жогорулатуу, аларга колдоо көрсөтүү максатында түзүлгөн. Медицина кызматкерлеринин иш тажрыйбасында кээде көйгөй пайда болгондо аларга колдоо керек болуп калат. Аталган коомдук уюмдун максаты ошол медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүү. «Биз түзүлгөн 2011-жылдан бери республикадагы эл аралык уюмдар жана Саламаттык сактоо министрлиги менен тыгыз байланышта иш алып баруу менен эне жана ымыркайдын саламаттыгына кам көрүп келебиз. Энелердин, ымыркайлардын жана бүтүндөй үй-бүлөнүн саламаттыгына кам көрүүнү, үй-бүлөнүн кызыкчылыгын чогуу алып кеткенге аракет кылуудабыз. Бүгүнкү күндө БУУнун балдар бөлүмү, БДСУ, GIZ эл аралык уюмдары менен биргеликте практикалык иштерди жакшыртуу үчүн супервайзердик визиттер, мониторинг жана баалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда кош бойлуу мезгилде, төрөткө чейин, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин аялдарга жана балдарга жардам берүү дүйнөлүк практикага жана өзүбүздүн нормативдик укуктук актыларга канчалык туура келерин, канчалык сапаттуу жүргүзүлүп жаткандыгын баалоо боюнча иш-чаралар жасалууда. Жогоруда аталган иштердин жыйынтыгы жаман эмес, 2014-жылы дүйнөлүк деңгээлде балдардын неонаталдык өлүм көрсөткүчүндө балдардын өлүмүн азайткан 5 өлкөнүн ичине киргенбиз»,-дейт А.Орозалиева.
«АКУШЕРЛЕРДИН КОМПЕТЕНЦИЯСЫ» БОЮНЧА ИШ ЖҮРҮП ЖАТАТ
Ассоциация алдына 3 тараптуу план койгон, ал өзүнүн өкүлдөрүнө нормативдик актыларды чыгаруу, апробациядан өткөн документтердин негизинде республиканын алкагында шартка жараша апробация жүргүзүү боюнча иш жүргүзөт. Экинчи планда билим берүү турат, бул дипломдук жана дипломдон кийинки билим берүү иш-чараларын камтыйт. Үчүнчүдөн ассоциациянын иштеген иши, ээлеген ордун жакшыртуу боюнча иш жүрүп жатат. «2015-жылдан бери эл аралык акушерлер уюму менен тыгыз иштейбиз, анын өкүлү болуп эсептелебиз, алардын эң жогорку деңгээлдеги иш кагаздары бар, өзүбүздүн ишибизди ошонун негизинде жөнгө салууга аракеттенип жатабыз. Алардын документтерин, иш кагаздарын карап чыгып өзүбүзгө тууралап, кандай шартта колдоно алабыз деп ылайыкташтырабыз. Ошол уюмдун эң жакшы документтеринин бири «акушерлердин компетенциясы» деп аталат, аны 2018-жылы карап чыгып, биздин шартка ылайыкташтырдык.
Биринчи, экинчи, үчүнчү деңгээлге бөлүп, ар бир баскыч боюнча ошол жерде иштеген умай энелер, жетекчилер менен иш жүргүздүк. Былтыркы жылы GIZ эл аралык уюму 2018-2019-жылдары ушул документти ишке киргизүү боюнча Нарын облустук төрөт үйүндө жана Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда апробация жүргүздүк. Натыйжада өтө жакшы эмес, орточо жыйынтык алдык. Бул Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу болгондон кийин бүт республиканын аймагына жайылтууга аракет кылуудабыз. Бул жаатта төрөт үйлөрүнүн жетекчилери менен жолугушууларды ж.б. иш-чараларды аткардык»,-дейт төрайым.
МУЛЬТИДИСЦИПЛИ- НАРДЫК КОМАНДА ДЕГЕН ЭМНЕ?
Билим жагынан умай энелердин эле билимин жакшыртууга басым жасалбайт. БДСУнун сунуштары боюнча эне-балага жардам берүүдө акушер- гинеколог, неонатолог, анестезиолог-реаниматолог адистерден турган мультидисциплинардык команда түзүү зарыл. Бүгүнкү күндө ушундай командалар түзүлүп командалык иш жүргүзүлүүдө.
Ымыркайга алгачкы жардам көрсөтүү, энеден кан кетсе ага ыкчам жардам берүү, кан басымы жогорулаганда көрсөтүлүүчү жардамдар боюнча чакан алгоритмдер, Стандарттык операциялык процедуралар (СОП) иштелип чыгууда. Ошондой эле акушерлерге ара төрөлгөн, өз учурунда төрөлгөн жана аз салмак менен төрөлгөн ымыркайларга жардам көрсөтүү боюнча көндүмдөр үйрөтүлүүдө. Пандемияга байланыштуу акыркы жылдары онлайн окуулар өткөрүлүп жатат.
Асел Орозалиева ийгиликтер менен катар эле айлык маянанын аздыгы жакшы адистерди даярдап чыгарып, төрөт үйлөрүнүн ишин алдыга жылдырууга тоскоолдук кылып жатканына токтоло кетти: «Бир аз көйгөйлөргө токтоло турган болсок, айлык маянанын аздыгынан көп адистер окутулуп даярдалгандан кийин ишин таштап тышкы миграцияга кетүүгө мажбур болуп жатышат. Окутуу жаатында дипломго чейинки даярдыктар боюнча да маселелер бар, талаптарга шайкеш келген окуу пландар менен даярдалса да иш жүзүндө тажрыйбада көйгөйлөр чыгат экен. Биз төрөт үйлөрүнүн жетекчилери менен кайтарым байланышка чыгып сүйлөшө келгенде, даярдалып келген адистин дагы андан ары кошумча окутууга муктаждыгы бар экенин айтууда, бирок бизде да каражаттар чектелүү. ССМнын билим берүү бөлүмү менен да иштеп жатабыз, ченемдик документтер даярдалып жатканда өкүлдөрдү да кошуу үчүн коллеждер менен иштеп, окуу пландарына киргизсеңер деп сунуш кылабыз, өзүбүз да окутабыз. Андан сырткары мотивация механизмдери иштеген жеринде көбүрөөк болсо медицина кызматкерлери көбүрөөк кызыкдар болот беле деп ойлойм».
А.Орозалиеванын айтымында, акушерлерди окутуп даярдоо боюнча адистердин жетишпестиги аймактарда өтө чоң көйгөй. «Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда гана адистер менен толук камсыз болбосо, аймактарда абал кыйын. Төрөткө жардам берүүдө көпчүлүк учурда умай энелер чакырууну кабыл алып же болбосо алгачкы жардамды көрсөткөндөн кийин, транспорт даярдап чоңураак төрөт үйлөрүнө жөнөтөт. Аймактарда бул протоколдор жакшы иштейт, билим жагынан дагы, тажрыйбасы жагынан дагы көрсөткүчтөрү жакшы. Ал эми чоң-чоң шаарларды алып караганда, кайсы жерде адис болсо дагы ошол жерде тажрыйба болбосо, теориялык билим азыраак көрсөткүч берет. «Аймактарда өзүнчө, чоң шаарларда иштегендер үчүн өзүнчө супервайзердик сапарларда жетекчилер менен көбүрөөк жолугуп, умай энелерге кандай мүмкүнчүлүктөрдү түзө аласыздар деп алар менен да пландаштырып иш алып барабыз», — дейт төрайым.
Маектешкен Аймира Мендеева
Categories: Журнал Ден соолук+