Мамытов Миталип Мамытович
Кыргыз Республикасынын Илимге эмгек сиңирген ишмери, эмгек сиңирген врачы, Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын академиги, Нью-Йорк Илимдер Академиясынын академиги, Кыргыз нейрохирургдар ассоциациясынын президенти, Россия, Казахстан жана Өзбекстан нейрохирургдар ассоциациясынын ардактуу мүчөсү, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры. 2021- жылы «Кылымдын залкары» наамы. 2021-жылы Улуттук илимдер академиясынын И.К.Ахунбаев атындагы сыйлыгына татыктуу болгон.
Бүгүнкү күндө илимий техниканын өсүшү менен баш мээсинин ооруларын аныктоо жеңилдеди десек болот. Дал ошол нейрохирургия тармагынын бүгүнкү абалы, жетишкендиктери жана шакирт тарбиялоо жөнүндө чыгаан нейрохирург Миталип Мамытов агайыбыз айтып берди.
ӨЗҮБҮЗДҮН КАДРЛАР ӨСҮП ЖЕТИЛДИ
Саламаттык сактоо тармагындагы маселелердин бири медициналык билим берүү жана кадр даярдоо. Кыргызстанда медициналык кадрларды даярдоо абдан мыкты жолго коюлган. Миталип Мамытовдун айтымында Улуу Ата мекендик согуш учурунда Ленинград медицина институтунун бүт коллективи эвакуация болуп келсе, ал эми Харьковдун медициналык институту жарым жартылай эвакуацияланган. Кыргызстанда ал учурда жалгыз гана медициналык институт иштеп ал жерде мыкты профессорлор, медициналык мугалим адистер билим берген. «Ошол чыгаан адистер бизди жакшы окутуп, ошол темп менен бир топ жылга чейин мыкты адистер тарбияланып чыкты. Бара-бара келген мугалимдердин айрымдары кетип, картайып, акырындап жүрүп өзүбүздүн жергиликтүү кадрлар өсүп жетилип, өзүбүз окутуп тарбия бере баштадык. Азыр эми өзүбүз менен өзүбүз болуп жатабыз. Ошол темптин агымы, таасири азыр дагы эле жүрүп жатат. Бирок союз таркагандан кийин врачтардын деңгээли жакшы болгону менен колдонгон аппараттары начар болчу. Биздин профессионалдык деңгээлибиз өтө жогору болуп келген. Мен нейрохирургияга келген 1972-1973-жылдарда, өзүбүздөн бир дагы окумуштуу, бир дагы профессор болгон эмес. Бүгүн эми кудайга шүгүр, 5 илимдин доктору, профессор, 40 илимдин кандидаты бар, бул чоң жетишкендик. Мен келгенде болгону 60 орундуу бөлүм болсо, бүгүнкү күндө 350 орунга жетти, ал учурда 50-60 эле операция жасай турган болсок, азыр жылына 4000 операция жасайбыз. Нейрохирург дарыгерлердин саны 90го жетти. Бул өсүш темпин революциялык өсүш десек болот. Ошондой эле жалпы саламаттык сактоо тармагынын темпи да өсүп жатат. Жаңы аппаратуралар, жабдуулар келип жатат, ошону менен бирге жеке менчик да өнүгүүдө. Менин өзүмдүн 4 окуучум жеке менчик борборлорун ачышты, мисалы «Кортекс», «Меди», «Здоровье» деген чоң борборлордо окуучуларым иштеп жатышат. Азыркы учурда дагы «Веданта» деген борбор ачылып иштей баштады. Алардын техника менен жабдуулары, оорулуулардын жаткан, дарыланган шарттары, бөлмөлөрү, инфраструктурасы бардыгы европалык стандартка ылайык. Бирок өкмөттүк мекемелерде ооруканаларда жабдуулар аз жана эски. Бул жактан да көңүл бурулса жакшы болмок»,- дейт М.Мамытов.
МЭЭНИ ИЗИЛДӨӨ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ КЕҢЕЙДИ
Устаттын айтымында мээнин ооруларын, айрыкча нейрохирургия тармагындагы ооруларды аныктоо оңой эмес. Мисалы өпкөнү укса болот, рентген менен көрсө болот, жүрөктү тыңшап укса болот, ашказанды, ичегини кол менен сыйпалап көрсө болот. Ал эми мээ дегенди Кудайым өтө терең катып, баш сөөк деген чеп менен бекиткен, көздөн алыс, колдон алыс жерге сактаган экен. «Мээни жалаң гана аппарат менен карап көрүп изилдебесе мындай көз менен карап аныкташ өтө кыйын. Мурда биз симптомдор менен гана аныктачубуз, эмне үчүн адамдын көзү кыйшайды, эмне үчүн көзү көрбөй калды, эмнеден ал аксап калды, эмне үчүн оорулуу жиндеп жатат, деп ошол белгилерге баа берип, ошого жараша изилдеп диагноз койчубуз. Ошону менен операцияга барчубуз. Бир жаагы сезбей калыптыр, бир көзү көрбөй калыптыр деген белгилер аркылуу аныктачубуз, азыркыдай аппараттар жок болчу. Азыркы учурда мээнин ооруларына диагноз коюуга кенен мүмкүнчүлүк пайда болду. Мээ ошончолук бекинген татаал, аяр орган болсо да азыр дартын аныктоо бир кыйла жеңилдеди, Магниттик-резонанстык томография (МРТ), Компьютердик томография (КТ) деген бар. Мурда бул аппараттар жок учурда ангиография жасачубуз, кычкылтек куйчу элек мээге, ошонун негизинде жана клиникалык белгилердин негизинде диагноз койчубуз. Азыр техниканын өнүккөндүгүнөн, оорулуу адамдын өзүн көрбөй туруп эле мээнин кайсы жеринде, кайсы оору экенин, чоңдугу кандай, канчалык татаалдыгы бар экенин көрүп коюп жатабыз. Албетте мээ өтө кылдат, өтө татаал, назик орган, ошого карабастан илимдин жетишкендиктери аркылуу биз анын илдеттерин дарылоого мүмкүндүк алып жатабыз», — дейт ал.
УСТАТЫНАН ШАКИРТИ ӨТҮШҮ КЕРЕК
Ар бир чыгаан адистин, улуу окумуштуулардын өзүнүн окуучулары, шакирттери болушу керек. Устаттын пикиринде, окуучусу болбосо, өзүнүн ордуна даярдабаса ал чыгаан адис деп эсептелбейт. Ал аркасынан из калтырышы керек. «Мен өзүмдүн окуучуларым менен сыймыктанам, окуучуларым көп. Азыр Медициналык академияда биринчи проректор Кеңеш Ырысов, менин жетекчилигим алдында кандидаттыгын да, докторлугун да жактаган, мени «Илимий ата» деп эсептейт. Менин сунушум менен Германияга барып үч жыл иштеп келди, ошол жактагы мени тааныган докторлор, окумуштуулар аны кабыл алып, иштетип кайра жиберди, дал өзүнүн кесиби боюнча бир жыл Японияда да иштеп келди. Андан башка «Кортекс» деген клиниканын жетекчиси Руслан Кадыров медицина илимдеринин кандидаттыгын жана докторлугун менин жетекчилигим алдында жактаган, өтө белгилүү телесистема боюнча иштеп жатат. Азыр ал борбордо биздин оорулууларды Россия, Түркия, Германиядан чет өлкөлүк адистер, окумуштуулар келип операция жасап жатышат. Ошол жерде бизге жардам берип, өздөрүнүн тажрыйбасын бөлүшүүдө. Ал клиниканын ичиндеги жабдуулары европалык стандарттагы аппараттар, шарттары да ылайык келет. Окуучуларымдын 15и илимдин кандидаттыгын жактап азыр Кыргызстандын ар кайсы тарабында иштеп жатышат, азыркы учурда экөө доктордук диссертацияга даярданып жатат. Менин шакирттерим менден өттү десем жаңылбайм, эгерде окуучусу өзүнүн мугалиминен мыкты болуп, ашып түшпөсө анда ал мугалим максатына жеткен жок деп эсептейм. Тарбиялаган адамың өзүңө караганда дагы сапаттуураак, дагы билимдүүрөөк болсо демек сенин кылган эмгегиңдин үзүрү ошол», — деп сөзүн жыйынтыктады маектешибиз.
Маектешкен Гүлбайра Абдраимова
Categories: Журнал Ден соолук+