Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №7 Апрель 2022-жыл

1665

Ден соолукту чыңдоо адистери сергек жашоого үндөйт

Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары, калк жана саламаттык сактоо системасынын ортосундагы данакер. Райондук ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери коомдун саламаттыгын сактоодо бир топ алгылыктуу салым кошуп келет.

Жалал-Абад областынын Аксы райо­нунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ден соолукту чыңдоо каби­нетинин адиси Айнура Наркулова өз иши тууралуу баяндайт.

Жалал-Абад областынын Аксы райо­нунун калкынын саны – 125760 адам; район аймагына 1 шаар, 11 айыл өкмөт камтылган. «Алгач Ден соолукту чыңдоо кабинетинде «Саламаттык сактоонун отличниги» болгон 1 дарыгер, 1 медайым эмгектенип келген. Жумушка келген жаштар эмгек акынын аздыгына, жумуш­тун көптүгүнө чыдабастан чет жактар­га кеткен. Бирок саламаттык сактоо тармагындагы реформадан кийин ден соолукту чыңдоо кабинетинин аткарган иштерине кызыгып 2 жогорку билимдүү адис 1 медайым жумушка алынып, эм­гектенүүдө»,- деп сөзүн баштады Айнура айым. Анын айтымында, Ден соолукту чыңдоо кабинетинин (ДЧК) адистеринин жумушу ар тараптуу, оорулардын алдын алуу, уюштуруу иштерин аткарат. Негизги ишмердүүлүк эпидемиялык кырдаалды болтурбоо жана өлкөбүздүн аймагында приоритеттүү деп эсептелген 4 багыт боюнча иш жүргүзүү: 1. Эне менен баланы коргоо; 2. Жүрөк кан-тамыр оорулары; 3. Кургак учук; 4.АИВ/ЖИКСтин алдын алуу. Ошону менен бирге аккорддук күндөр боюнча иш-чаралар аткарылат. Райондо ден соолукту чыңдоо иштери­не мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөр, 65 мектеп парламенти, 79 айылдык ден соолук комитети тартылган.

ООРУНУ АЛДЫН АЛУУНУ АДЕГЕНДЕ ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЙЛЫ

Алдын алуучу иш-чараларды ат­карууда ден соолукту чыңдоо адиси райондук мамлекеттик администрация­сынын акими менен жылдын башында макулдашылган иш-планды аткарат. Ар бир райондогу өткөрүлгөн ден соолукту чыңдоо иш-чараларында жалпы эл ДЧК адистерин колдошуп, иш-чараларга ак­тивдүү катышат. «2019-2020-2021-жылда­ры COVID-19 оорусуна каршы күрөшүүдө санитардык эрежелерди сактоо боюнча калк арасында күнүгө коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айдоочу­ларга тынымсыз беткап кийүүнү сунушта­ганбыз. Алардын ичинен көңүл бурбаган 2 айдоочу COVID менен катуу ооруп ооруканага жатып чыгышты. Бир күнү айдоочуга Бишкек шаарына документ берейин десем, 2 айдоочу менден качып машинасына барып беткап кийип анан келип, кечирим сурап сүйлөштү», — дейт А. Наркулова. Айылдык ден соолук коми­теттери менен да активдүү иштегенде­ри тууралуу айтып берди маектешибиз. Анын сөзүнө карганда, 79 айылдык ден соолук комитетинин жетекчилери үйдө отурган келиндер менен чогуу иш алып барып, натыйжада алардын 8и айылдык кенешке депутат болуп, ден соолукту чыңдоо багытында иш жүргүзүп жа­тышкан экен. «Алдын алуу иштерин аткарууда ДЧК адистери адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн аракет жасап келебиз. Ал үчүн адегенде өзүбүз­дөн баштап, элге үлгү болушубуз керек. Анткени, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк боюнча семинар өткөрсөк, катышуучулар өзүбүздүн аракетибизди сурайт. Ошондуктан, элге үлгү болуп, өзү­бүз сергек жашоо мүнөзүн тутуп, активдүү кыймыл аракет кылуубуз керек. Жаш адистерди да үйрөтүп, иш-чараларды аткарууда бирдиктүү бир команда болуп иштөөгө көмөктөшүп жатабыз. Дүйнөлүк кризис учурунда журум-турумубузду өзгөртүү менен сергек жашоого үндөйбүз.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.