Ден соолукту чыңдоо адистери сергек жашоого үндөйт
Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары, калк жана саламаттык сактоо системасынын ортосундагы данакер. Райондук ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин адистери коомдун саламаттыгын сактоодо бир топ алгылыктуу салым кошуп келет.
Жалал-Абад областынын Аксы районунун Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Айнура Наркулова өз иши тууралуу баяндайт.
Жалал-Абад областынын Аксы районунун калкынын саны – 125760 адам; район аймагына 1 шаар, 11 айыл өкмөт камтылган. «Алгач Ден соолукту чыңдоо кабинетинде «Саламаттык сактоонун отличниги» болгон 1 дарыгер, 1 медайым эмгектенип келген. Жумушка келген жаштар эмгек акынын аздыгына, жумуштун көптүгүнө чыдабастан чет жактарга кеткен. Бирок саламаттык сактоо тармагындагы реформадан кийин ден соолукту чыңдоо кабинетинин аткарган иштерине кызыгып 2 жогорку билимдүү адис 1 медайым жумушка алынып, эмгектенүүдө»,- деп сөзүн баштады Айнура айым. Анын айтымында, Ден соолукту чыңдоо кабинетинин (ДЧК) адистеринин жумушу ар тараптуу, оорулардын алдын алуу, уюштуруу иштерин аткарат. Негизги ишмердүүлүк эпидемиялык кырдаалды болтурбоо жана өлкөбүздүн аймагында приоритеттүү деп эсептелген 4 багыт боюнча иш жүргүзүү: 1. Эне менен баланы коргоо; 2. Жүрөк кан-тамыр оорулары; 3. Кургак учук; 4.АИВ/ЖИКСтин алдын алуу. Ошону менен бирге аккорддук күндөр боюнча иш-чаралар аткарылат. Райондо ден соолукту чыңдоо иштерине мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөр, 65 мектеп парламенти, 79 айылдык ден соолук комитети тартылган.
ООРУНУ АЛДЫН АЛУУНУ АДЕГЕНДЕ ӨЗҮБҮЗДӨН БАШТАЙЛЫ
Алдын алуучу иш-чараларды аткарууда ден соолукту чыңдоо адиси райондук мамлекеттик администрациясынын акими менен жылдын башында макулдашылган иш-планды аткарат. Ар бир райондогу өткөрүлгөн ден соолукту чыңдоо иш-чараларында жалпы эл ДЧК адистерин колдошуп, иш-чараларга активдүү катышат. «2019-2020-2021-жылдары COVID-19 оорусуна каршы күрөшүүдө санитардык эрежелерди сактоо боюнча калк арасында күнүгө коомдук жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айдоочуларга тынымсыз беткап кийүүнү сунуштаганбыз. Алардын ичинен көңүл бурбаган 2 айдоочу COVID менен катуу ооруп ооруканага жатып чыгышты. Бир күнү айдоочуга Бишкек шаарына документ берейин десем, 2 айдоочу менден качып машинасына барып беткап кийип анан келип, кечирим сурап сүйлөштү», — дейт А. Наркулова. Айылдык ден соолук комитеттери менен да активдүү иштегендери тууралуу айтып берди маектешибиз. Анын сөзүнө карганда, 79 айылдык ден соолук комитетинин жетекчилери үйдө отурган келиндер менен чогуу иш алып барып, натыйжада алардын 8и айылдык кенешке депутат болуп, ден соолукту чыңдоо багытында иш жүргүзүп жатышкан экен. «Алдын алуу иштерин аткарууда ДЧК адистери адамдардын жүрүм-турумун өзгөртүү үчүн аракет жасап келебиз. Ал үчүн адегенде өзүбүздөн баштап, элге үлгү болушубуз керек. Анткени, туура тамактануу, физикалык активдүүлүк боюнча семинар өткөрсөк, катышуучулар өзүбүздүн аракетибизди сурайт. Ошондуктан, элге үлгү болуп, өзүбүз сергек жашоо мүнөзүн тутуп, активдүү кыймыл аракет кылуубуз керек. Жаш адистерди да үйрөтүп, иш-чараларды аткарууда бирдиктүү бир команда болуп иштөөгө көмөктөшүп жатабыз. Дүйнөлүк кризис учурунда журум-турумубузду өзгөртүү менен сергек жашоого үндөйбүз.
Categories: Журнал Ден соолук+