Мекенге кайтууну тилек кылган дарыгерлер
Өлкөдөгү социалдык- экономикалык кырдаалдан улам алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө иш издеп кеткен мигранттардын арасында биздин дарыгер адистерибиз дагы басымдуулук кылат. Алардын катарында Россия Федерациясында эмгектенип, кыргыз дарыгерлеринин кесипкөйлүгүн көрсөтүп жаткан Султановдордун үй-бүлөсү тууралуу баяндамакчыбыз.
АЙЛЫГЫМ БИР МҮШӨК УНГА АРАҢ ЖЕТЧҮ
51 жаштагы анестезиолог-реаниматолог Нурбек Султанов учурда үй-бүлөсү менен Россия Федерациясынын Новосибирск областынын Кыштовка айылында 20 жылдан бери жашап, райондук ооруканада жандандыруу бөлүмүн жетектейт. Жубайы Аида Султанова дагы Кыштовка айылында дарыгер-терапевт болуп эмгектенип келет. «Бул жерге 2002-жылы келгенбиз. Ага чейин Кыргызстанда Мамбет Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунда иштечүмүн, жубайым болсо Интернатураны бүтүп 9-бейтапканада андан кийин 12-бейтапканада иштеди. Өзүм Улуттук борбордо 1,75 ставка менен тынбай күнү-түнү иштеп алган айлыгыма бир мүшөк ун келчү эле. Аида аны бир айга нан жасап жеткирчү. Ал эми жумушка келип- кеткен чыгымдар, чынын айтканда бейтаптар берген кичине тыйындын эсебинен эле. Минтип отурсак эки уулубузду кантип чоңойтуп, окутабыз деп келечекти ойлоп эл катары биз дагы Россияга жөнөдүк»,-деп эскерет Н.Султанов.
Алар Новосибирск областынын «Кыштовка» деп аталган айыл жергесине келишкен, бул жердеги кыргыздар аны «кыштоо» деп тамашалап коюшат. Алгач келген жылы батир жалдап жашап, анын акчасын мамлекет төлөп берип турган, андан соң үй берилген. Россияда дарыгерлерди үй менен камсыздоо жергиликтүү райондун башчысынын, бейтапкананын башкы дарыгеринин милдети болуп, областын губернаторуна отчет беришет. Учурда жаңы оорукана жана анда эмгектенгендер үчүн 1-2 бөлмөлүү батирлерден турган 2 үй курулган. «Айлыгы Кыргызстандыкына караганда кыйла жогору. Бул жакка келгени дагы бир уул, бир кыздуу болдук. Учурда балдарыбызды кенен-кесири багууга, билим берүүгө, жашаганыбызга жетип жатат. Федералдык мыйзамдар боюнча дарыгерлерге жеңилдиктер каралган, пенсияга эрте чыгууга болот, ал эми айыл жергесинде иштесе, алардыкы 1 жылга 3 ай кошулуп эсептелет. Ал эми мен сыяктуу хирургия тармагында иштеген анестезиолог-реаниматолог адистерге бир жылга алты ай кошулат. Учурда иш стажым боюнча убактым жетип, пенсияга чыгып алып иштеп жатам. Келинчегимдики болсо аз калды», -дейт ал.
КЫРГЫЗСТАНГА ДАГЫ КЫЗМАТТЫК БАТИРЛЕР КУРУЛСА ДЕЙБИЗ
Анын айтымында айыл жергесине шаардан же башка региондон келип иштегендерге колдоо иретинде бир миллион рубль жөлөк пул берет, бирок шарты боюнча беш жыл ошол райондон же ошол айылдан кетпей иштөө керек. Бул айлыктан тышкары, эч кандай салыксыз, айлык карточкага которулат. Ал эми Ыраакы Чыгыштагы Сахалин сыяктуу же башка алыскы айылдарга, райондорго барып иштесе эки миллионго чейин төлөнөт, анын ичинен федералдык фонддон бир миллион жана ар бир область өзүнчө дагы кошуп төлөйт. Район борбордон 150 чакырымдан алыс болсо, дагы беш жүз миңге чейин, чакырымына жараша кошулат.
2002-жылдан тарта Кыргызстандан дарыгерлер көп кете баштаган, бирок алардын ичинен дагы такшалган тажрыйбалуу адистер калып калышса, айрымдары кайра эле мекенине кетишкен. Россия боюнча дарыгерлердин иштөө шарттары зыяндуу деп эсептелет, ошол себептүү үч жылдан бери атайы эмгекти баалоо киргизилип, кошумча жеңилдиктер каралган. Ошондой эле үчтөн көп балалууларга жеңилдиктер берилет, жол кире акысыз. «Россияга келгенден кийин 2 жылга жакын аралыкта жарандык алдык, ошентсе да баары бир Кыргызстанга барып пайдабызды тийгизсек деген зор максатыбыз бар, өз мекенибизге үй куруп жатабыз, буюрса барсак дейбиз. Кеп жеке эле айлыкта эмес, Кыргызстанда дагы ушундай кызматтык батирлер курулса жакшы болмок»,-дейт дарыгер мекендешибиз.
«МАКСАТТУУ ТАНДОО» ДЕМИЛГЕСИ КЫРГЫЗСТАНГА ДАГЫ ЗАРЫЛ
Н.Султановдун айтымында Россияда дагы дарыгерлерди жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу көйгөйү курч бойдон турат. Канчалык жеңилдиктер болсо деле дарыгерлер жетишпейт. Россияда М.Горбачевдун убагында башталган «Целевой набор» деген жакшы демилге иштейт. Максаты, дарыгерлер жетишпеген айыл жерлериндеги мектепте жакшы окуган, дарыгер болом деген бүтүрүүчүлөрдү атайын медициналык окуу жайларга, медициналык институттарга окутуу. Ал студент окуп бүткөндөн кийин ошол районго келип иштеп берет. Иштөө мөөнөтү үч жыл, андан кийин башка жакка барып иштесе болот. «Бизде ошентип окуган улан-кыздар эки үч жылдан бери иштеп жатышат. Былтыр бир терапевт балабыз келип иштей баштаган, жакшы тың иштеп жатат, бул абдан жакшы тажрыйба деп ойлойм. Биз Кыргызстанга дагы ушундай тажрыйба киргизсек болот. Окуйм деп кызыккан улан-кыздар өтө албай кыйналып жүрүшөт, жакшы окуса дагы шарты жок болуп калышы мүмкүн. Кызыгуусу бар балдарга ошондой шарттарды түзүп берсе, бул да болсо кадр жетишпестик көйгөйүн чечет эле деп ойлойм», -деген ниетин билдирди ал.
РАЙОНДУН АР БИР ЖАШООЧУСУН ТААНЫЙБЫЗ
Аида Султанованын айтымында анын бала кезинен эле дарыгер болсом деген максаты болгон. Атасы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгондуктан, колундагы жаратын карап, согуш убагында жарат алгандарды кандай дарылашкан, кандай жардам көрсөтчү эле деп кызыгып сурай берчү. Анын үстүнө оорукчан апасын да айыктырсам деп көксөгөн кыз, акыры сүйүктүү кесибине ээ болгон. «1987- жылы Фрунзедеги медицина институтунун биринчи курсуна тапшырып, 1993-жылы бүтүрдүм. Ошол институтта окуп жүргөндө Нурбек экөөбүз таанышып калып, үй-бүлө курдук. 2002-жылы Россиянын ушул районуна келип жайгашып, иштеп калдык. Биздин жумуш кызыктуу, ар кандай адамдар келет алар менен тил табышып иштөөгө да өзүнчө бир жөндөм керек экен. Ушул райондо жыйырма жылдан бери эч жакка кетпей эмгектенип келе жатабыз. Райондун эли бизди сыйлашат, урматташат, Нурбек экөөбүз тең ушул райондун ардактуу атуулу болдук. Райондун он миң калкы бар ошонун баарын тааныйбыз, алар да бизди таанышат. Бейтаптарга жакшы мамиле жасоого аракеттенем, оорулуу келгенде анын ордуна өзүмдү коюп, ага кандай жардам керектигин аныктайм. Новосибирскиде иштеген көпчүлүк профессорлор Кыргызстандын медициналык институтунун берген билими күчтүү деп, биз жактан келген дарыгерлерди баалашат», — дейт А.Султанова.
Дарыгерлердин конкурсунда Аида Султанова областтык эң мыкты участкалык терапевт, андан кийин «Бүткүл россиялык эң мыкты участкалык терапевт» наамына ээ болгон. Жыл сайын жайкысын эс алуу өргүүсүн алып балдары менен мекенине барышат. Балдары бул жакта чоңоюшса дагы, эли-жерин сүйүп бой жетишүүдө. «Чоң уулубуз Россиядан юридикалык окуу жайын бүткөн, Бишкекте юрист болуп иштейт. Россияга барбайм, өзүмдүн элим-жерим, абасы таза өз мекеним жакшы дейт. Экинчи уулубуз мектепти алтын медаль менен аяктаган, азыр Новосибирскидеги медициналык академияда бюджетте бешинчи курста окуп жатат, биздин жолубузду жолдойм деген максаты бар. Кичүүлөрү мектепте окушат», -дейт А.Султанова.
Жубайлар Кыргызстанда президентибиз жакшы иштерди баштап жатат, келечекте четте иштеп жүргөн адистер кайтып барабыз деп үмүттөнүшөт.
Маектешкен Аймира Мендеева
Categories: Журнал Ден соолук+