Ден соолук плюс
КООМДУК-МЕДИЦИНАЛЫК ЖУРНАЛ / 3 айда бир жолу чыгат
№6 / ОКТЯБРЬ / 2021-ЖЫЛ ISSN 1694-8262
МАЗМУНУ
1. Жүрөгүңүздү сактаңыз
2. Жалалидин Рахматулаев: «Алты ай ооруканадан чыкпай иштедик»
3. Н. Артыкова: «Водитель скорой помощи тоже спасает жизни…»
4. Как сохранить женское здоровье?
5. Советы женщинам: почему важно посещать маммолога?
6. Сохраните репродуктивное здоровье
7. Важно предоставить родителям правильную информацию
8. Банан эмнеси менен пайдалуу?
9. Алмурут
10. Бир компьютер бир отургуч менен ачылган борбор
11. Областка координатор болуу – чоң жоопкерчилик
12. Герпес
13. Н.Борукеева: “Бейтаптар мен келгенде сүйүнүшөт”
14. Принят новый Закон о табаке
15. Териге туура кам көрүү
16. Күзгү азыктардан пайдалуу маскалар
17. Организация рабочего процесса
18. Работники невидимого фронта
19. Эркек саламаттыгы
20. Боор
21. 7-Ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата
Журналдын ээси
Журналдын негиздөөчүсү
Башкы редактор
Жооптуу редактор
Кабарчы
Фотограф
редакциялык кеңеш
дареги
байланыш телефону
Журнал КРнын Юстиция министрлигинде катталган.
Каттоо күбөлүгү №10232
Редакцияга келген каттар кайтарылбайт жана рецензияланбайт.
Жарнамалардын мазмунуна жарнама берүүчүлөр жооптуу.
ЖҮРӨГҮҢҮЗДҮ САКТАҢЫЗ!
Жыл сайын 29-сентябрь күнү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнү белгиленет.
Жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнө жүзү боюнча адам өлүмүнүн башкы себеби болуп саналат. Өлүмдүн негизги себеби – миокард инфаркты жана мээнин инсульту болуп эсептелет. Тилекке каршы, акыркы жылдары миокард инфаркты жана инсульт жашарып, 30 жаштагы, айрым учурда 20 жаштагылардын дагы өмүрүн алып жатканы белгилүү.
Жүрөк-кан тамыр ооруларын тобокелчилик факторлорун жоюу менен алдын алууга болот.
ЖҮРӨК-КАН ТАМЫР ООРУЛАРЫНЫН НЕГИЗГИ ТОБОКЕЛЧИЛИК ФАКТОРЛОРУ КАЙСЫЛАР?
♦ туура эмес тамактануу;
♦ гиподинамия;
♦ чылым чегүү;
♦ спирт ичимдиктери;
♦ стресс.
Жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу үчүн кан басымын билүү жана аны көзөмөлдөө маанилүү болуп саналат.
АНДАН СЫРТКАРЫ:
♦ Кандагы канттын өлчөмүн жана
холестеринди көзөмөлдөө;
♦ Майлуу, куурулган тамактарды,ышталган этти, шекерди жанататтууларды колдонууну азайтып, жашылча-жемиштерди көбүрөөк колдонуу;
♦ Тузду бир күндө 5 г чейин чектөө керек;
♦ Физикалык активдүүлүк менен алектенүү.
♦ Стресске каршы турууну үйрөнүңүз.
♦ Чылым чегүүнү таштоо жана спирт ичимдиктерин азайтуу керек.
♦ Жогоруда айтылгандарды аткаруу жүрөк-кан тамыр ооруларынын
алдын алат.
Categories: Журнал Ден соолук+