Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс октябрь 2021 №6

1294


Банан эмнеси менен пайдалуу?

Балдар дагы, чоңдор дагы жакшы көрүп жеген банандын пайдасы жана аны кандай пайдалануу керектиги тууралуу бардыгыбыз эле биле бербесек керек. Төмөндө сиздерге бул жемиш жөнүндө бир нече керектүү маалыматтарды тартуулайбыз.

БАНАН КЫЧКЫЛДАНУУГА КАРШЫ КАСИЕТКЕ ЭЭ

Ал зарнадан жана кислоталуу рефлюкстан кутулууга жардам берет. Бир даана банан жегенден кийин сезилерлик жеңилдөө болуигу мүмкүн.

КАН БАСЫМДЫ ТӨМӨНДӨТӨТ
Банандын курамында калий көп. бирок натрий аз болгондуктан, алар инсульт же жүрөк пристубунун алдын алуучу мыкты каражат. Ал жүрөк үчүн толук баалуу азык.

КОШУМЧА ЭНЕРГИЯ БЕРЕТ

Эгерде сиз машыгуунун алдында 1-2 банан жесеңиз, бул сизге бир сааттык интенсивдүү машыгуу үчүн коигумча энергия менен кубаттандырат. Бананда камтылган углеводдордун гликемиялык индексинин төмөн болуигу, витаминдер жана минералдар сиздин денеңиздин чыдамкайлыгын көбөйтөт, ал эми калий булчуң карышууларына бөгөт коёт.

АЗ КАНДУУЛУКТА П АЙ ДАЛУУ

Банан диеталык темирдин керектүү дозасын камтыйт, кызыл кан денечеле-ринин жана гемоглобиндин иштелип чыгуусуна түрткү берет, демек кандын агымын күчтөндүрөт.

АШКАЗАН ЖАРАСЫ МЕНЕН ЖАПА ЧЕКСЕҢИЗ ДАГЫ ЧЕКТЕБЕСТЕН ЖЕГЕНГЕ БОЛОТ

Анын жумшак жана ботко сымал текстурасы ашказанды каптайт жана аны агрессивдүү кислоталардан коргойт.

ДЕПРЕССИЯДАН АРЫЛУУГА ЖАРДАМБЕРЕТ

Анткени анда триптофан заты көп өл-чөмдө камтылган, аны биздин организм серотонинге («бакыт гормонуна») кайра иштеп чыгат. Серотонин — мээнин нейро-медиатору. Ал адамга тынчтанууга, өзүн бактылуу сезүүгө жардам берет, ошондой эле жөн гана маанайды жакшыртат.

ТАМАК СИҢИРҮҮНҮ ЖАКШЫРТУУГА КӨМӨКТӨШӨТ

Ошондой эле ичти жумшартуучу таасирге ээ. Анткени аларда ичегинин үзгүлтүксүз кыймылдарына түрткү бере турган клетчатка көп жана ичти жумшартат.

НЕРВДИК БҮЗҮЛУҮЛАРДА ЖАНА АЙЫЗДЫН АСТЫНДАГЫ СИНДРОМДО ПАЙДАЛУУ

Ал кандаты канттын деңгээлин жөнгө салууга жардам берет. Анда ошондой эле В тобундаты көптөгөн витаминдер бар, ал нерв системасын тынчтандырат жана эс алдырат.

ДЕНЕНИН ЖЫЛУУЛУГУН жөнгө САЛУУГА КӨМӨКТӨШӨТ

Эгерде аптаптуу күндөрдө банан жей турган болсо, бул дененин табын төмөндөтүүгө жардам берет.

Кандай бананды сатып алуу керек?

Биз көпчүлүк учүрда банан сатып алганда аны ошол замат жебейбиз. Көбүнчө алар үйдө бир нече күн, ал эмес кээде бир жүма турат. Банан жашыл сары түскө ээ, ал акырындык менен жетилет. Акырында анда кара тактар пайда боло баштайт, андан кийин толугу менен күрөң болуп калат. Бирок башка жемиштерге салыштырмалуу бул банандын бузулуп кеткендигин билдирбейт. Тескерисинче, банан канчалык күңүрт болсо, анда спецификалуу белок — ФНО (шишик некрозунун фактору) көп. Бул организмдеги аномалиялык клеткалар менен күрөшүүгө жардам бере турган ракка каршы зат.

Изилдөөлөр өтө бышып кеткен банан шишик клеткаларынын өсүшүнө тоскоол болуучү жана алардын жа-йылуусун алдын алуучу ФНО камтый тургандыгын тастыктап жатат.
Бананда абдан көп камтылган ан-тиоксиданттардын жогорку деңгээли менен биргеликте ФНО иммундук системаны чындайт.
Япониялык изилдөөчүлөр ба-нан канчалык өтө бышып кетсе, ал клетчатка, С витамини, В тобундагы витаминдерди, калий жана антиок-сиданттарды ошончолук көп камтый тургандыгын аныкташты.

Бирок бышып кеткен банандар эле пайдалуу эмес, быша электери дагы керек. Анда кант аз, андыктан аны диабеттмн экинчи баскычы менен жапа чеккен адамдар жесе болот. Мындан тышкары, алар пробиотикалык бактерияларды камтыйт.
Ошондой эле крахмалдын көп камтылгандыгынан улам жетилбеген банандар тез эле ток болуу сезимин пайда кылат. Ал эми эзилип кеткен банандан чочулабаңыз. Алар сиз ойлогондон дагы кыйла пайдалуу жана даамдуу.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.