Н. Борукеева:
«Бейтаптар мен келгенде сүйүнүшөт»
Медайымдын медицинада, өзгөчө бейтаптын айыгышында ролу абдан чоң. Ал — бейтаптын кайгысы, кубанычы менен тең бөлүшүп, анын сырын, үнүн уккан адам болот. Биздин бүгүнкү каарман мына ушундай медайымдардын катарына кирген Борукеева Нургул Сейитовна. Каарманыбыз 24 жылдан бери Чүй облусундагы Кемин районунун Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык ооруканада эмгектенет.
Бул ооруканага капысынан келип калгам
«Нарын шаарындагы медициналык окуу жайды бүтүргөм. Республикалык психиатриялык ооруканага кызыгуу менен келип, ошол бойдон иштеп жатканыма 24 жылдын жүзү болду. Алгачкы күндөрү ар кандай оору менен келгендерди көрүп, абдан жүрөгүм ооруду. Бейтаптардын абалын көрүп, жардам бергим келди, бейтаптарга таттуу нерселерди алып барган күндөрүм көп эле болгон. Ийне сайып жатканда көп учурда жакшы сөздөрдү айтып, мактап, айыгасыз деп сооротчумун.
Психикалык жактан жабыркаган адам коомчулукка коркунуч келтиргени бул — оорусу кармаган учурда кулагына үн угулса же көзүнө көрүнсө кол салышы мүмкүн. Бирок, алар коомго коркунучтуу эмес, жөн гана жардамга муктаж деп ойлойм. Муктаж дегенимдин себеби, алар адамдардан жылуу сөз, жакшы мамиле күтүшөт».
Бейтаптардын ыраазычылыгы
«Ооруканада жаткан бейтаптар мен келгенде сүйүнүшчү, анын себебин сурасам «сен бизге жагасың, жакшы сөздөрдү айтасың» дешчү. Мына ушул дагы мага дем-күч берип, иштешиме жардам берди. Жумуштун оорчулугун деле байкаганым жок, балким убагында жаш болуп сезилген эместир. Көп учурда бейтаптар үйүндөгүлөрдү же жолдошун жамандап келишет, бизди урушат. Айрым учурда карыган кемпирлерди балдары таштап кетишет.
Жаш кызы же баласы ооруканага жатып калган ата-энелер ыйласа аябай жүрөгүм оорүйт. Айла жок, мунун баары оорунүн айынан. Дары-дармек ичип, дарылоо курсү башталганда өзүнө келе башташат. Биз дарыгердин айтканын аткарабыз. Ар бир бейтапка жекече мамиле кылабыз. Анткени кээ бири эч кимди жактырбайт, урушкусу келип турат, эпилептик талма оорусу бар бейтаптар кек да сакташат.
Ошол күнү…
«Бир окуя эсимде калган. Жумушка барсам эле бир бейтап бүгүн үйдөн киши келеби деп сурай берди, анан бир күнү келет деп койсом, так ошол күнү кишилер келип калышты. Ал бейтап абдан сүйүнүп, бетимден өпкүлөп, батасын берген. Аны көрүп башка бейтаптар да артыман ээрчип алышкан.
Жумушум өзүмө жагат жана баары жетиштүү. Бир гана кемчилиги — ооруканабыз капиталдык ремонтко муктаж. Имараттын эскилиги жеткен. Кээде суу чыкпай калган учурлар болот, ошондо абдан кыйналабыз».
Categories: Журнал Ден соолук+