Журналдын ээси
Журналдын негиздөөчүсү
Башкы редактор
Жооптуу редактор
Кабарчы
Фотограф
редакциялык кеңеш
дареги
байланыш телефону
Саламаттык сактоо координаторлору
Журнал КРнын Юстиция министрлигинде катталган.
Каттоо күбөлүгү №10232
Редакцияга келген каттар кайтарылбайт жана рецензияланбайт.
Жарнамалардын мазмунуна жарнама берүүчүлөр жооптуу.
МАЗМУНУ
Медицина кызматкерлерин куттуктоо
1. Улук-Бек Бектурганов: «Дарыгерлер дагы кайгырат, кубанат, алардын дагы жүрөгү бар»
2. Легенда кыргызской медицины
3. Кыргыз медицинасынын өнүгүү тарыхы
4. Жай мезгилинде териге кам көрүү
5. Кенже курактагы балдарды тарбиялоо
6. Курч ичеги-карын оорулары
7. Күн жана жылуулук соккусу: алдын алуу жана алгачкы жардам
8. Бейшекан Жайылмышова:
«Туристтик сезондо санитардык режимди сактоо зарыл»
9. Кесибим жашоодо да жардам берет
10. Молодое поколение продолжит наше дело
11. Что известно об «индийском штамме» или «Дельта»?
12. Кундуз Бекбоева:
«Түнкүсүн өчүрүлбөгөн телефон
мээни 24 саат бою иштөөгө мажбурлайт»
13. «Эмдөө ооруну чакырбайт, тескерисинче коргойт»
14. Цените жнзнь
15. Всемирный день без табака
16. Ыр куржун
_______________________
Урматтуу медицина кызматкерлери!
Калктын жашоосунда медицина кызматкерлеринин кызматы отө орчундуу мааниге ээ. Ансыз элдин келечегин элестетүү мүмкүн эмес. Өлкөдөгү медицина тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар дагы элдин саламаттык сактоо жаатындагы кызыкчылыктарын эске алуу менен жасалууда. Эне-баланын ден соолугуна кам көрүү аркылуу жалпы элдин келечегине кам корөбүз. Бул жаатта дагы маанилүү иш-чаралар аткарылууда.
Мындай сыймыктуу жүктү аркалоо ары түйшүктүү, ары жооптуу кесиптин ээлери болгон медицина кызматкерлерине жүктөлгөн. Адам өмүрү үчүн күрөшүп, өз өмүрүн, ден соолугун тобокелге салган дарыгерлер, медайымдар, кенже медицина кызматкерлери, жалпы эле саламаттык сактоо тармагында эмгектенген кызматкерлер, сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайм, ошоңдой эле ардактуу ишиңиздерде ар дайым ийгиликтердин коштоп жүрүшүнө тилектешмин!
Урматтуу кесиптештер!
Элибиздин бакубат жашоосу үчүн алардын ден соолугунун чың болуусу ор-чундуу мааниге ээ. Андыктан биздин борбордун ар бир оорунун алдын алууда аткаруучу иштери арбын. Эки жылга аяк баскан COVID-19 оорусу дагы медицина тармагында койгойлордү күчөттү. Мындай кырдаал бизден мурдагыдан дагы тездетилген темп менен иш жүргүзүүнү талап кылууда.
Дүйнө жүзүн каптаган пандемияга каршы күрөш башталгандан тарта вирустун таркалуусун жана өлүм учурларын алдын алуу максатында. жеке тазалыкты. ортодогу аралыкты сактоо, оорунун симптомдору, COVID-19га каршы эмдөөнү камтылган көп сандаган баракчалар, плакаттар, китепчелер чыгарылды жана ушул тапта дагы улантылууда.
Пандемиядан тышкары дагы жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу иштери. ооруга алып келүүчү тобокелчилик факторлоруна каршы күрөшүү, эне жана баланын ден соолугуна кам көрүү, кош бойлууларга кеп-кеңештерди берүү, ошондой эле биздин негизги милдеттерибиздин ичине кирген башка иштер боюнча дагы иш-чаралар токтогон жок.
Ушундай сыймыктуу ишти аркалап келе жаткан бардык медицина кызматкерлерин жана калктын ден соолугуна кам көрүүгө өз салымын кошуп жаткан бардык адистерди медицина кызматкерлеринин күнү менен чын жүроктөн куттуктайм. Сиздерге бекем ден соолук, кажыбас кайрат, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайм. Үй-бүлөңүздөр менен биргеликте узак өмүр сүрүңүздөр!
Categories: Журнал Ден соолук+
Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!
Ааламды багындыра алган вирусту
Ааламга жете берген ой сезимиң менен
Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
ой сезимин таба билген ,
Курч калемин менен болсо да
Дүйнөнү багындырган вирусту
Багынта алдың.
Биз сени менен сыймыктанабыз
Акылманым.