Журнал Ден соолук+

Ден соолук плюс №5

1311

Кесибим жашоодо да жардам берет

«Медайымдар жылынын» алкагында, медайымдар менен тааныштырууну улантабыз. Биздин бүгүнкү коногубуз — Гулзада Ашымжанова, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) медициналык борборунун жаш медайымы.

«АПАМДЫ ОЙЛОП МЕДИЦИНАНЫ ОКУДУМ»

«Мен Нарын медициналык колледжинен билим алгам. 2016-жылы окуумду аяктап, алгач Улуттук онкология жана гематология борборунун проктология бөлүмүндө иштедим. 2018-жылдан бери КММАнын медициналык борборунда иштеп келе жатам. Эртең менен тушкө чейин эндоскопия кабинетинде медайыммын, түштөн кийин хирургия бөлүмүндө палаталык медайым кызматын аткарам. Бул тармакка кызыгуумдун себеби, биринчиден апамды ойлочумун. анткени апам кышы-жайы муздак сууда иштейт. Кийин ооруп калса айыктырышым керек деп медицинаны тандагам. Мага кесибим жагат. Себеби, жараткан Алланын ыраазычылыгы үчүн адамдарга жардам берип, элдин батасын алгым келет.
Жумушта кыйынчылыктар болбой койбойт. Көбүнчө жаш балдар менен иштегенде кыйналам. Анткени, алар ар кандай химиялык суюктуктарды ичип алып ооздору же кызыл өңгөчү күйүп келишет, тыйын жутуп алып келгендер болот. Гастроскоп жуткурабыз, ошондо мен балдардын башын, колдорун, буттарын кыймылдатпай кармашым керек. Жаш балдар күчтүү болгондуктан, колдорум аябай тырышып ооруп калат. Кээде кызыктуу окуяларга туш болобуз. Мисалы, бир күнү КММАда окуган индус студент келип, бири-бирибиздин тилибизди түшүнбөй, бахила карматсам, аны колуна кийип алган».

МЕДИЦИНАДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР

«Кыргыз медицинасында жаңы технологиялык аппараттардын болуусун каалайт элем, ошондо биздин жарандар чет өлкөгө барбастан өзүбүздүн жерден медициналык жардам алышат эле. Азыркы иштеген жумушумда гастроскоп жууган машина жетишсиз. Эгер ал болгондо дезинфекциялоо үчүн убакыт үнөмдөлмөк.
Ден соолук жашоонун биринчи ачкычы болгондуктан, кеси-бим жашоодо дагы жардам берет. Себеби күндөнкүнгө билип үйрөнгөнүң көп. Ооруну алдын алууга, туура тамактанууну, эс алууну, адамга керекүү нерселерге үйрөнөсүң жана жакындарыңды, туугандарыңды үйрөтөсүң.
2020-жыл оор жылдардан болду, биз кызыл зонага жабылган жокпуз, бирок СОУЮ-19 га каршы кызыл зона кабинетин ачып, алдын алуу иш-чараларын жүргүздүк. Атайын бейтаптарды иргөө бурчунда бейтаптын дене табын өлчөп, беткап тагынуусун суранып жаттык.

Өлкөбүздө болгон акыркы кырдаалга байланыштуу, жараткан Алла бардыгыбызга ден соолук берсин, эч убакта оорубаңыздар. жүзүңөрдөн жылмаюу кетпесин, өлкөбүздө токчулук, молчулук болсун, кыргыз медицина өнүгө берсин демекчимин».

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18

2 replies »

  1. Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!

  2. Ааламды багындыра алган вирусту
    Ааламга жете берген ой сезимиң менен
    Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
    ой сезимин таба билген ,
    Курч калемин менен болсо да
    Дүйнөнү багындырган вирусту
    Багынта алдың.
    Биз сени менен сыймыктанабыз
    Акылманым.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.