“Коронавирус бизге сабак болду”
Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гулжигит Аалиев
— Өлкөдө ар кандай жугуштуу вирустарды иликтеп жана тактоо жагы да аксай турганы, окумуштуу адистердин жетишпестиги да айтылууда…
— Албетте, вирусту иликтеп тактоо иштеринде кыйынчылыктар бар. Бул жагынан бизге жаңы аппараттар, техникалык жабдуу керек. Вирус жаңы башталганда Россия ПЦР–тесттерди берип, алгачкы тепкичтен өтүп кеттик. Коронавирус биз үчүн чоң сабак болду. Саламаттык сактоо министрлиги бул жагына абдан көңүл буруусу керек. Жугуштуу оорулар олуттуу нерсе экенин көрдүк. Илгерки кара тумоо, холера каптаган мезгилдей эле коронавирустун кесепети да дүйнө жүзүн сестентип койду
— Медиктердин арасында вирустан коркуп ишин таштап кеткендер болдубу?
— Кээ бир өнөкөт илдети бары ооруканадан кетүүгө аргасыз болду. Арасында үй-бүлөлүк шартына байланыштуу, ата-энеси же жакындары катуу ооруп калганда кеткендер катталды. Ал эми вирустан коркуп, ишин таштап кеткендер кездешкен жок. Негизи мындай оору менен биринчи жолу кармаштык да. Андан бери ар кандай кырдаалдар баштан өттү. Башында тажрыйба да жок эле. Коронавирус менен күрөшүүдө коргоочу костюмду да эрежеси менен кийип, чечүү керек. Бул оору жугузуп албоонун башкы критерийи. Ушул жагын да көзөмөлдөгөн атайын кызматкерлерибиз бар. Азыр кудайга шүгүр, медиктерибиз мындай оорунун очогунда жүрүүгө көнүп, анын тартибин үйрөнүштү. Бул вирус катталганда эле медиктерди иргегенбиз. Ар кандай өнөкөт оорусу бар, жашы өтүп калган, кош бойлуу же балдары жаш кызматкерлерге сырттан иштөөгө уруксат бердик.
– Эмнеге таң калдыңыз?
– Коронавирус аныкталганда бейтап алгач психологиялык жактан бир башкача абалга тушугат экен. Ар кимиси ар кандай кабыл алат. Бул жагынан психолог да болуп бүттүк. Анткени ар бир адамдын жүрүм-турумуна жараша мамиле кылып дарылайбыз. Медицина тармагында ушунча жүрүп көп эле кишини көргөм. Бирок бул жолу башкача түшүнүктөгү адамдарды көрүп таң калдым. Дары берсең шек санап,
«мен силерге сыноодогу коёнмунбу, муну эмне берип жатасыңар?» деп ичпей кыйнагандары болду. Мамлекет дары менен камсыздап, дарыланууга шарт түзүп жатса, баш тарткандары кызык.
— Илдеттен арылып, колуңуз бошогондо эмне кылам деп кыялданып жатасыз?
— Жок дегенде эки күн эч нерсени ойлонбой уктагым келип жатат. «Канча бейтап келер экен, абалдары кандай, оор абалда дарыланып жаткандар эмне болду, кызматкерлерим жуктуруп албаса экен» деп тынчсызданбай, эч нерсеге кабатырланбай тынч уктоону кыялданып жатам. Анүчүн биз бул ооруну жеңишибиз керек.
Маек спутник.кж сайтынан кыскартылып алынды
Categories: Журнал Ден соолук+