Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1615

  Зинат Бейшембаева:

«Коронавирус жашоону баалаганга үйрөттү«

COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө
санитардык-көзөмөлдөө пункттарынын аткарган иши өтө маанилүү роль ойноду. Бул тууралуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Транспорттогу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Зинат Бейшембаева баяндайт.

Биздин негизги милдетибиз кыргыз республикасынын транспортунда, анын ичинде аба майданы, автоунаа жана темир жолдогу санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдү ишке ашыруу жана мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн камсыздоо болгондуктан COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүү биз үчүн орчундуу милдеттерди койду. Өлкөнүн аймагына чет жактан өзгөчө коркунучтуу оорулардын ташылып келишине жана жайылышына санитардык коргоо жүргүзүү зарыл болгондуктан биздин кызматкерлер абалды түшүнүү менен кабыл алып иштеп жатышты. Адистерибиз чума, холера сыяктуу ооруларга каршы күрөшүү боюнча окутулуп, даярдыктан өткөрүлгөн.

Январь айынан тарта күчөтүлгөн режимге өттүк
Борбордо 11 санитардык-карантиндик пункт бар: “манас” эл аралык аба майданы, “Ош”, “тамчы” аба майдандарды, “Эркештам”, “торугарт” санитардык-көзөмөлдөө пункттары. Баткен областында “кызыл-кыя”, “кайрагач” скплары жайгаштырылган. Өлкөбүз кытай менен чектешип тургандыктан кытайдын Ухань шаарында COVID-19 чыгаары менен эле январь айында тарта күчөтүлгөн тартиптеги режимге өттүк. Чет өлкөдөн келип жаткан жарандарды тепловизордон өткөрүү, анкетирлөө жүргүзүлө баштады. Андан кийин COVID-19 биздин өлкөдө катталгандан бери министрликтин буйругу менен расмий штаб түзүлүп иштей баштадык. Биздин скплардын жетөөсү жеке коргонуу каражаттары, беткаптар, көп жолу колдонуучу костюмдар, зембил, дезинфекциялык каражаттар менен толук камсыз болду.

Аба майдандагыалгачкы тосуп алуулар
Күнү-түнү иштеп жаттык, санитардык-карантиндик пункттарда шарт жок, оор эле болду. Негизги оорчулук биздин кызматкерлерге түштү, көпчүлүгү балдарын тууган туушкандарына каратып кырдаалдан аргасыз чыгып жатышты. Негизги кыйынчылык дарыгерлердин маянасынын аздыгы болду, алар үй-бүлөсүнүн муктаждыктарын камсыздай албай кыйналышты. Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, кызматкерлердин арасында аталган вируска чалдыккандар болгон жок, бул дагы болсо адистердин жакшы окутулуп, даярдалганы деп эсептейт элем. Анткени жыл сайын эл аралык уюмдар менен биргеликте окууларды өткөрүп турабыз. Пандемиянын алдында эле ноябрь айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен чек ара кызматы, транспорт жана жол министрлиги, Бажы кызматы менен биргеликте ведомстволор аралык кеўири масштабдагы окуу өткөрүлгөн. Бир күндө эки каттамдан араб Эмиратынан кичи ажылыктан кайтып жаткан кыргыз жарандары менен өтө жакын байланышта болуп, анкетирлөө жүргүзүп, бир калемсапты колдонуп иштеп жатышты. Ар бир каттамда 300 адам келгендиктен, кызматкерлерибизге өтө оор болду.

Кызматкерлер СКПга да түнөп жатышты
Албетте өз саламаттыгыбыз үчүн кооптондук, үй-бүлөбүздү, бир туугандарыбызды ойлодук. Аларга жуктуруп алсак эмне болот деп тынчсыздандык. Кызматкерлерибиз балдарын туугандарына жеткиришип, шарты барлар өзүнчө үйгө жашап, айрымдары чогулуп батирге чыгышып же ошол аба майдандагы скпга түнөп жатышты. Өтө эле кыйын күндөр өттү. COVID-19 биздин жашообузга чоң таасирин тийгизди. Ал бизге жашоону баалаганды үйрөттү, майда-баратка көңүл бурбай, бири-бирибизге жакшы мамиле жасап, үй-бүлө менен эс алуу канчалык баалуу экендигин сездик. Биринчи кезекте ден соолукка көңүл буруп, үй-бүлөбүздү биринчи орунга коюу керектигин түшүндүк. Ошондой эле өздүк гигиенаны сактоону, кол жууганды кичинекей баладан тарта чоң кишилерге чейин үйрөнүп калышты деп ойлойм.

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.