«Туристтик сезондо санитардык режимди сактоо зарыл»
Эң чоң көйгөй — кадр жетишсиздиги. Тактап айтканда, жогорку билимдцц дарыгерлерге муктажбыз.
Иштеп жаткандардын 47%ын 65 жаштан жогорку курактагылар түзөт.
Жай мезгилинин келиши менен Ысык-Көл областында эс алуу сезону башталат.
Бул учурда областтагы медицина мекемелерине кайрылгандардын саны көбөйөт. Областтагы медицинанын бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу Ысык-Көл областтык Үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, саламаттык сактоонун областтык координатору Бейшекан Жайылмышова баяндайт.
─ Саламатсызбы Бейшекан Арунов-на, Ысык-Көл областындагы медицина тармагьыда үстүбүздөгү жылы кандай жаңылыктар болду?
— Саламаттык сактоо министрлигмнин буйругунун негизиндеги реформага ылайык биздин областта дагы оптимизация жүрүп, алты райондо жалпы дарыгерлердин практикалык борбору (ЖДПБ) түзүлдү. Ошондой эле Өкмөтгүн токтомунун негизинде медициналык кызматкерлердин айлык акысы 100 пайызга көбөйдү.
─ Көйгөйлөр жана алдыга койгон пландар тууралуу бөлүшө кетсеңиз?
— Эң чоң көйгөй — кадр жетишсиздиги. Тактап айтканда. жогорку билимдүүдарыгерлерге мүктажбыз. Иштеп жаткандардын 47%ын 65 жаштан жогорку курактагылар түзөт. Ысык-Көл областы курорттук зонага киргендиктен, келген-кеткендер көп. Ошого ылайык. бизде жогорку технологиялык медициналык жабдуулар: компьютердик томография, рентген аппарат жана башкалар жетишпейт. Областтык оорукана 1968-жылы курулган бойдон турат. Бүгүнкү күндө заманбап. көп тармактуу имаратка муктаждык бар. Бирок, ошентсе дагы медициналык кызматкерлердин эң биринчи иши элге сапаттуу кызмат көрсөтүү, медициналык кызматкерлердин аброюн көтөрүү, андыктан аларга иш орундарында шарт түзүү жана маселелерин чечип берүү зарыл. Учурда ооруканабыздын экинчи кабаты толук ремонттон өтүп, кызматкерлер үчүн бир кыйла жакшы шарттар түзүлдү.
─ Аймакпта көп учурда жаш кадрлардын жетишсиздигимаселе жаратат. Жаштар үчүн кандаймүмкүнчүлүктөрд ү түзүп жатасыздар?
— Жаш кадрларга муктаждык чоң. Улуу жаштагылардын орду толукталышы керек. Андыктан ординаторлорго ваканттык орундарга акы төлөө менен иштетип жатабыз. Мындан сырткары Каракол шаарында 15 орундуу жатакана, Жети-Өгүз ЖДПБсында 8 орундуу жатакана даярдалган. Ал эми Тондо жакшы шарты менен батир да каралган. Жергиликтүү бийлик тарабынан да ар түрдүү жардам көрсөтүлүп турат. Мисалы, Балыкчы шаарынын мэриясы ар бир ординаторго 3000 сомдон кошумча эмгек акы төлөнөт жана батир үчүн 1000 сомдон кошумча берилет. Ошондой эле, райондордо көмүр же отун, электр энергиясына акчалай жардам беришет.
─ Жай мезгилинде эс алуу сезону башталарын баарыбыз билебиз. Кандай кыйынчылыктарга туш келип жатасыздар?
— Биринчиден, кадр жетишпейт. Экинчиден, ооруканага кайрылгандар көп болуп, тез жардам чакырыктары өсөт, стационарда орундар жетишпей калат. Эл арасында курч мүнөздөгү оорулар көбөйүп. шашылыш жардамга муктаж адамдар арбын болот. Бул абалдан чыгуу үчүн, областтык координация тарабынан Тамчы айылында кошумча тез жардам пункту ачылып, башка райондогу тез жардам кызматтары кезек менен иштеп келишет. Бирок, азыркы учурда, коро-навируска байланыштуу кызыл зонага даярданып, мобилдик топторду ачуу үчүн райондордо да кадр тартыш болууда. Ошого байланыштуу жергиликтуү бийлик тарабынан ар бир пансионаттын өзүндө медициналык кызматкерлер менен камсыз болушу эскертилген.
— Коронавируска каршы эмдөө кандай жүрүп жатат? Эс алууга келген жарандарга кандай кеңештерди бересиз?
— Коронавируска каршы эмдөө өтө маанилүү. Кытай жана Россиядан келген вакциналар калкты эмдөө толугу менен жасалып бүттү. Азыр кийинки партияны күтүп жатабыз. Эс алуу сезонунда ооруларды алдын алуу үчүн атайын иш-чаралар иштелип чыккан. Туристтик сезондо эс алуучулардан жана пансионаттардын администрациясынан санитардык режимдин сакталышын талап кылып, рейд жүргүзүлөт. Ар бир адамды ооруга жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат элем. Эгерде оорунун белгилери пайда болсо, бейтапканага барбастан үйгө дарыгер чакырууну сунуштайм.
─ Өзүңүз тууралуу кыскачаайтып берсеңиз. Эмнеге медицинага кызыгып калдыңыз?
— Мен кичинекейимен эле дарыгерлик кесипти жактырчумун. Азыркы учурда максатыма жеттим деп ойлойм. Балыкчы шаарында участкалык дарыгер, клиникалык жетекчи болуп 16 жыл эмгектендим. Ал эми Караколдо тез жардам бөлүмүнүн башчысы, директордун дарылоо иштери боюнча орун басары болуп иштедим. 2016-жылы Түп райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорлук кызматын аркаладым. 2020-жылдын сентябрь айынан бери азыркы ишимди аткарып келем.
─ Медицина кызматкер лершшн күнүнө карапта каалооңуз?
─ Жалпы республиканын жана Ысык-Көл областындагы медициналык кыз-маткерлерди, кесиптик майрамы менен кугтуктайм. Өзгөчө бир жылдан бери оор мезгилде талыкпай эмгектенип элге көрсөтүп жаткан кызматтары ийгиликтүү болуп, өздөрү да ден соолукта болушун каалайм. Келечекте эл арасында өнөкөт оорулардын азайышын, эне баланын өлүмү кыскарып, кыргыз элинин дени сак болушун тилейм.
Categories: Журнал Ден соолук+
Баракелде, Темирлан Ажыбекович! патриот сезимдериңиз менен акыл оюңуздун дал келген күчтүү демиңизге дем кошулсун, ден соолукта болуңуз! Элибиздеги ар бир жүрөктү түйшөлтүп келген негизги маселени бир чаппып … Калемиңиз курчуй берсин!
Ааламды багындыра алган вирусту
Ааламга жете берген ой сезимиң менен
Дүйнө элинин ички дүйнөсүндөгү
ой сезимин таба билген ,
Курч калемин менен болсо да
Дүйнөнү багындырган вирусту
Багынта алдың.
Биз сени менен сыймыктанабыз
Акылманым.