Жалалидин Рахматулаев:
«Алты ай ооруканадан чыкпай иштедик»
2021-жылы Саламаттык сактоо министрлигинде кадрлар өзгөрүлүп, андан дагы эки министрликтин башы бириктирилди. Министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев медицинадагы кыйын кезеңде гана кызматка келбестен, буга чейин административдик жумушта, медицинаны дагы, социалдык блокто иштеп келгенин айтып берди.
Адаттагыдай жумуш тууралуу эмес, каармандын өзү жөнүндө кызыктуу маек курдук.
— Жалалидин Мамаюсупович, саламатсызбы? Маегибизди сиздин минисгпрдин ору н басары болуп келгениңизден баштасак. Пандемия учурундакызматкакелүү канчалык жоопкерчиликтүү?
2021-жылдын 25-майында министрдин орун басары болуп да-йындалдым. Ар бир жетекчинин өзүнүн жоопкерчилиги болушу керек деп эсептейм. Министрдин орун басары болгондон кийин көп маселени чечүүгө туура келет. Бул мамлекетке иштеген адамдардын, кызматкерлердин дагы жоопкерчилигин моюнга алуу дегенди билдирет. Мурун ооруканада маселелер көп деп ойлочу элем. Бирок, орун басар болуп келгенден кийин жумуш андан да көп экенин билдим. Бизге чейин деле туруктуу иш жүрүп жатты. Ошол иштерди улантып, андан башка дагы максаттарды ишке ашырууга ара-кет кылуудабыз. Акыркы жылдары калктын мүнөзү, суроо-талабы дагы өзгөрдү. Айрым учурда, эл арасында «азыр чечип бер» деген талаптар болуп калат, бирок бардык нерсе үчүн убакыт керектигин биле беришпейт. Мындан улам, дарыгерлерге кээде орунсуз терс мүнөздөмө берилип калат.
— Негизи медицинада жүргөн үңүзгө канча жыл болду? Медицина эмнеси менен кызыктуу?
— Ар бир инсандын кесип тандоосуна бир нерсе түрткү болот. Медицина кызматкерлери, мугалимдер — интеллектуалдуу кесиптин ээлери. Алар көп учурда өз кызыкчылыгын, үй-бүлөсүн экинчи орунга коет. Кичинекей чагымда медицина кызматкерлеринин кызматын, ишин көрүп, ошол мезгилде каалоо-тилек жаралган. Бул кесиптерди «профессии от Бога» дейт экен. Тилекке каршы, ар бир адам жакшы мугалим, жакшы дарыгер боло албайт.
Бул кесипти атайын тандап ал-ган инсандар иштеп жатышат деп айта алам. Дарыгер болууну тилеп, айылдан мектепти бүтүрүп, кийин Москвада окудум. Ал жерде калып санитардык дарыгер катары иштеп жүрдүм. 1992-жылы кайра Кыргызстанга келип, санитардык-эпидемиологиялык станциянын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы болуп 9 жыл иштеп, анан башкы дарыгер болуп дайындалдым.
— Өткөн жылы пандемия жарыяланганда карантинди кандай өткөрдүңүз?
Пандемия учурунда иштеген жана дагы деле иштеп жаткан кесиптештериме ыраазымын. Иш графигибиз өзгөрүп, жумуш көбөйдү. Алты ай бою ооруканадан чыкпай иштедик. Ошентсе дагы, бир топ жакшы өзгөрүүлөр болду деп эсептейм. Мисалы: инфраструктура жакшырды, жаңы ооруканалар, бөлүмдөр курулду, медициналык аппараттар алынды дегендей. Муну менен эле токтоп калбастан, медициналык акысыз кызмат көрсөтуүнү дагы да болсо жакшыртууга аракет кылуудабыз.
— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Үй-бүлөдө канча бир туугансыз?
— Кадамжай районунун Масалиев айыл өкмөтүнүн тургуну болом. Эсептеп көрсөм айылда 17 жыл гана жашаптырмын. Калган өмүрүм жолдо, сыртта өткөн десек болот. Мектепти бүтүп армияга кеттим, окудум, жумушка кирдим. Үч бир тууганмын. Эжем жана иним — юристтер, мен медикмин. Өзүмдүн төрт кызым, эки уулум бар. Кыздарым менин жолумд) жолдоп жүрүшөт. Андан башка бири эл аралык мамилелер жаатында, бири журналист, бири юрист, бири инфографика жаатында окуйт. Менин бактым болуш керек, балдарымдын көбү бюджетте окушту. Андыктан балдарым менен сыймыктанам. Биздин айлыкты билесиздер. Бюджетте оку-гандары биз үчүн жеңилдик болду.
2002-жылы Баткен облусу түптөлүп жаткан мезгилде губернатордун тапшырмасы менен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна башкы дарыгер болуп дайындалдым. Жетишкендигибиз катары айтаар элем, оор учурда йод жетишсиздиги болбосун деп станциянын ичинде туз цехин ачканбыз. Аны менен Баткен шаарынын тургундарын жана шаар тегерегиндеги аймактарды йоддолгон туз менен камсыз кылганбыз.
Медицина тармагында иштеп жүрүп, 2005-жылы Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматына келдим. 12 жыл административдик жумушта иштедим. Алты жыл аппарат жетекчи болдум, алты жыл вице-мэр катары социалдык блокту тейледим. 2017-жылы кайрадан аталган оорукананын дарыгери болуп бардым.
— Ооруканага жетекчи болуп келүү өзүңүздүн чечимиңиз болдубу?
-Ооба, менин чечимим болду. Оорукананын жетекчиси кеткенден кийин конкурска катышууну туура көрдүм. Кайра өз кесибиме кайтып, элге пайдамды көрсөтөйүн дедим. Орус элинде «нам хлеба не надо, работу давай» деген сөз бар. Бул сөз союз убагынан бери ураан болуп калган. Чынында эле, медициналык кызматкердин жеке кызыкчылыгы, үй-бүлөсү артта калат.
— Бала чагыңызда, негизи жашооңузда алдыга койгон ой-максаттарыңыздын баарына жеттим деп ойпойсузбу?
— Балдарды чоңойтуу, убагында окутуу — бул өзүнчө милдет. Бул абдан жагымдуу милдет деп эсептейм. Ошол учурда эле балдардын шыгын, талантын байкап, пландоо керек. Менин бир максатым — аспирантурага тапшырып, илимий даражаны жогорулатуу эле. Бирок, жумуш, турмуш демекчи, убактым жеткен жок. Бал-ким, дагы кеч эмес деген ойдомун. Турмушум жакшы. Ашып кеткен жери жок, орто даражадамын, мага баары жетиштүү. Жаш убакта ар бир инсанда жетишсиздик болот. Мисалы, материалдык жетишсиздик. Бирок, максат коюу керек жана талыкпай эмгек кылуу зарыл деп айтаар элем.
— Кантип эс аласыв?
Эс алганга чынында убакыт жок. Ишемби, жекшемби күндөрү дагы иштегенге туура келет. Бирок менин хоббим — автоунаа. Аскерде дагы рулда болгом. Рулда, жолдо эс алам.
Машинамды өзүм эле оңдоп кое алам. Кичинекей кезибизден айыл турмушун көрдүк. Багбанчылык кылууну үйрөндүк. Ар бир бак, ар бир өсүмдүк тирүү нерсе, аны убагында сугаруу, дарылоо, түшүмүн алуу — бул абдан пайдалуу. Бул бир жагынан хобби, экинчи жагынан киреше була-гы болуп саналат.
— Кандай кемчилигиңиз жана ар-тыкчылыгыңыз бар?
— Кемчиликтер көп. Мен кемчилигим деп — бардык адамдарга жардам бере албай калганымды эсептейм. Кимдир бирөө сага кайрылса масе-лесин чечүүгө жардам бериш керек. Менин маселем эмес деп жардам бербей коюуга болбойт. Бардык нерсени билем дегенге да болбойт.
— Сизге эркин микрофон
— Биринчиден кесиптештериме ден соолук каалайм. Аны сатып алууга мүмкүн эмес. Эгерде медициналык кызматкердин өзүнүн ден соолугу жок болсо, башкага жардам бере албайсың. «Светя другим, сгораю сам» демекчи, жумуш деп жүрүп күйүп кетпегиле деп айтаар элем. Биз дагы кичинекей кызматта иштеп чоңойгондуктан, билебиз.
Азыр коом өзгөрүп, айлык акы көбөйүп жатат. Жакшы маанай каалайм, дарыгердин маанайы бейтаптын айыгышына таасир берет. Аманчылык, тынччылык каалайм.
Маектешкен Алия Назымова
Министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев, журналист – Алия Назымова
Categories: Журнал Ден соолук+