Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2098

Урматтуу кыргызстандыктар!
Ошентип 2020-жылды узатып, жаңы 2021-жылды тосуп алууга убакыт келип жетти. Узап бара жаткан жыл жалпы эле кыргыз эли үчүн эмес, бүткүл адамзат үчүн дагы чоң сыноолордун жылы болду.
Бул жыл ичинде мамлекетибиздин күч-кубаты, саламаттык сактоо жаатындагы дарамети, элибиздин аң-сезими сыналды.
Элибиз COVID-19 оорусуна байланыштуу келип чыккан көйгөйлөрдү башынан өткөрдү, кубанычтуу дагы, кайгылуу дагы учурлар болду. Мекенчил жаштарыбыз өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, кыйын күндө элибизге жөлөк-таяк болушту. Жалпы эле кыргызстандыктар кыйын кырдаалда жогорку деңгээлдеги аң-сезимин, мекенчилдигин, адамгерчилигин жана боорукерлигин көрсөтө алышты.
Мындай оор сыноо учурунда бизге жардам колун сунган коңшу мамлекеттерге, эл аралык уюмдарга дагы бир жолу ыраазычылык билдирип кетким келет.
Жаңырган жыл өлкөбүз үчүн жаңылануунун, гүлдөп өсүүнүн, бакубатчылыктын жылы болсун! Кыргызстан экономикалык жактан кубаттуу алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошулуусуна тилектешпиз. Эл ичинде ынтымак, биримдик болсо бардыгына жетишебиз деп ойлойм.
Бардыгыңыздарга келе жаткан жаңы жылы бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакубат жашоо жана жер жүзүндөгү тынчтыкты каалайм!
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ ЭЛЬВИРА СУРАБАЛДИЕВА

Урматтуу мекендештер!
Өтүп бараткан жыл Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына чоң сыноолорду алып келди. Дүйнө жүзүн тизелеткен коронавирус инфекциясы биздин алакандай мамлекетибизди да бутасына айландырды. Эң өкүнүчтүүсү арабыздан өмүрүнүн наркы баа менен эсептелгис, бир нече жараныбыз COVID-19 оорусунун кесепетинен биз менен кош айтышты. Алардын арасында тилекке каршы колу жеңил дарыгерлерибиз дагы жок эмес. Бул күрөштө жакындарын жоготкондорго дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтам.
2019-жыл, Кыргызстандын медицина тармагына өзгөчө көңүл буруу керек экенин далилдеди. Оор кырдаалда биздин өлкөгө стратегиялык өнөктөш мамлекеттерден баштап жөнөкөй карапайым жарандарыбызга чейин жардамын аяшкан жок. Жада калса кичинекей бөбөктөрүбүз дагы күн санап топтогон каражаттарын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн берип жатышты.
Бул кырдаалда күн-түн дебей 2-3 айлап үй-бүлөсүн көрбөй, ар бир бейтаптын өмүрү үчүн күрөшкөн кесиптештеримдин эмгеги зор экенин айта кетпесем болбойт.
Сиздер чыныгы мекенчил болуу эмне экенин ак эмгегиңиздер менен көрсөттүңүздөр! Сиздерге терең таазим этем.
Келе жаткан 2021-жылы коронавирус инфекциясына каршы күрөш уланаары анык. Бирок жаңы жылда күч биз тарапта. Ар бир дарыгерибиз COVID-19 оорусун дарылоону билет. Анын жол жоболору атайы протокол менен бекитилген.
Инфекцияны чектөөнүн эң жөнөкөй жолу – санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо: беткап тагынуу, колду бат-баттан самындап жууп туруу, антисептик колдонуу, адамдардын ортосунда кеминде 1 метр аралыкты сактоо экенин сиздер жакшы билип калдыңыздар. Эң башкысы сиздердей мекенчил эл турганда эч кандай оору биз үчүн коркунучтуу эмес.
Жаңы 2021-жылыңыздар менен куттуктайм!
Ушул жылы ар бир кыргызстандыктын, дүйнөдөгү жалпы эле адамзаттын ден соолугу чың болсун. Саламаттык сактоо тармагы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жылы болсун. Үйүңүздөрдөн эч качан кут кетпесин, бакыт келсин. Майрамыңыздар менен!
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРИ АЛЫМКАДЫР БЕЙШЕНАЛИЕВ


Урматтуу окурмандар!
Айлана аппак карга бөлөнүп, кылычын алып кыш да кирип келди.
Бир жыл бою жасаган иштер жыйынтыкталып, артка кылчайып кароого убакыт жетти. 2020-жыл коронавируска каршы өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөшүүгө мажбур кылган өзүнүн оор сыноолору менен дүйнө элинин, анын ичинде кыргызстандыктардын эсинде калды. Ушул жылы дарыгер деген ардактуу кесиптин баркын, ден соолук бардыгынан кымбат экендигин көпчүлүгүбүз түшүндүк.
Мындай чоң сыноодо Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору да четте калган жок. Биз дагы элибизди коронавирус, ошондой эле башка жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардан коргоо максатында өз салымыбызды кошууга аракеттендик. Оорулардын алдын алуу багытында ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, маалымат баракчалары, колдонмолор, китепчелер чыгарылды. Журналыбыздын жыл жыйынтыктап жаткан кездеги санына элибиз үчүн жана медицина кызматкерлери үчүн маанилүү маалыматтар, кеп-кеңештер жарыяланды. Ошондой эле кыш мезгилине байланыштуу сынык-жаракаттан сак болуу, консерваланган тамак-аштарды пайдаланбоо ж.б. боюнча маанилүү кепкеңештер берилди. Медайым жана акушерлердин эл аралык жылына карата алыскы аймактарда иштеген ак халатчандардын жана башка стоматолог, онколог адистеринин кызыктуу маектери жарык көрдү.
СИЗДЕРДИ ТЕРЕҢ УРМАТТАП, «ДЕН СООЛУК ПЛЮС» ЖУРНАЛЫНЫН НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ, КР САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК МААЛЫМАТ БОРБОРУНУН ДИРЕКТОРУ НУРИЛА АЛТЫМЫШЕВА

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.