Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2098

Эрнис Тилеков:

«Дүйнөлүк деңгээлде дарыланууга биз да жетебиз»

Улуттук онкология жана гематология борборуна жаңы алынган жабдууларды ишке киргизишсе, дарылаган жагынан биздин өлкө да дүйнөлүк деңгээлге чыгат. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Эрнис Тилеков айтып берди.

— Ушул жылы ооруканада кандай жетишкендиктер болду? Пандемия учурунда сиздердин ишиңиздерде кандай көйгөйлөр, кыйынчылыктар болду?
— Быйылкы жылдагы чоң жетишкендик өкмөттөн биринчи жолу чоң адамдар үчүн химия дарыларына 100 млн, балдарга 60 млн сом каралды. Аларга ыраазычылык айтам. Ошол каражаттын эсебинен аялдарга химия дарылары алынган. Ал дарылар абдан эффективдүү. Онкология менен ооругандарга дарыланууга каражат абдан көп сарптала тургандыгы бардыгына белгилүүэмеспи. Ошондой эле быйыл керектүүделген жабдуулардын бардык түрүн алууга жетиштик.
Пандемия учурунда биздин дарыгерлер да четте калбай Гансидеги «Семетей» ооруканасында ачылган «кызыл зонада» иштешти. Ал жактан бир гана дарыгерибиз пневмония менен ооруп калды, калганы ооруган жок. Өзүбүздө да «кызыл зона» ачылган. Балдар жана чоңдор үчүн учурда 11 койка-орун даяр турат. Азыр дарыланып жаткандар да бар. Рак менен ооругандардын организми өтө алсыз болгондуктан ооруну кыйынчылык менен көтөрүп жатышат. Дарыгерлер болгон аракетин көрүүдө.

— Борборго келген жаңы жабдуулар тууралуу айтып берсеңиз, бул жабдуулар эми дарылоону канчалык деңгээлде жеңилдетет?

— «Кумтөр» компаниясынын эсебинен биздин борборго 7 млн доллар берилген, ал акчага көптөгөн жабдууларды алдык. Бизге керектүүжабдуулардын бүт түрүалынды десем болот. Сапаты жагынан да жогору турат. Ашказан рагын эрте табуучу «Гастроскоб» жабдуусу биздин борбордо гана бар. Андан тышкары УДИ, эндоскопиялык, бронхоскопиялык, колоноскопиялык, санариптик аппараттар алынган. Бул аппараттар менен гистология, цитологияларды (анализге алынган клетка) мурдагыдай кол менен эмес, автоматташтырылган жабдуулар менен иштеп дарттарды аныктап жатабыз. Бизге жакында «Линейный ускоритель» аппараты да келди. Ремонт иштери жүрүп, атайын бункер жасалып жатат. Эшиги эле 5 тонна. Ал радиоактивдүү заттардан коргоп турат. Буюрса жабдуулар январь-февраль айларында иштеп баштайт. Бул нур менен дарылоочу аппарат болуп саналат. иштеп баштаса биздин борбор да дүйнөлүк деңгээлге чыгат. Эми бул нерсе менен иштегенге дарыгерден тышкары медициналык физиктер керек болот. Дүйнө жүзүбоюнча бул кесип жокко эсе экен. Бирок бизде азыр 5 адис бар. Булар Италияга 2 жылга окууга барып окуп келишет.
Атайын стипендиялары болот. Алар окуп келишсе өтө баалуу адистер болот. Дагы бир адисибиз Минскиге барып окуйт жакында.

— Онкологиялык оорулардын сандык көрсөткүчүкандай? Кайсы түрүкүч алууда жана эмне себептен деп ойлойсуз? Жынысы боюнча алганда кимдер көбүрөөк дуушар болууда?

— Бизде бүгүнкүкүндө каттоодо 27822 адам алардын ичинен 18852си аялдар турат. 2019-жылы жаңы ооруп катталгандар – 5609 болсо алардын 3093үаялдар. Оору өсүп же өтө төмөн түшүп кеткен жок бир калыпта келе жатат. Ооруларды алып карай турган болсок биринчи орунда аялдардын эмчек рагы турат. Экинчиде жатын моюнчасынын рагы. Үчүнчүашказан рагы андан кийин өпкө рагы менен жабыркагандар кирет. Республика боюнча жылдарды салыштырсак 2017-жылы 100 000 кишиге 89 киши рак менен ооругандар болуп эсептелсе, 2018-жылы 100 000 кишиге 90 киши, 2019-жылы 86га түштү. Өлүм көрсөткүчүбоюнча айта кетсек ошол эле эмчек рагы менен 100 000 адамга 10 адам туура келет. Экинчи орунда ашказан рагы турат, 100 000 кишиге 9 адам, жатын моюнчасынын рагы үчүнчүорунда — 100 000 кишиге 7 адам, өпкө рагы болсо — 100 000 кишиге 7 адам туура келет. Бул нерсени неге айтып жатам? Башка өлкөлөргө салыштырмалуу мисалы Казакстанда 100 000 кишиге 270 адамдын тегерегинде өлүм туура келет. Россияда 300, Европа өлкөлөрүн карасак 450гө чейин чыгып кетет. Бул жерде өлүм эле эмес ар кандай себептерди, мисалга жаңы оорусу бар деп табылгандарды кошуп айтып жатам. Бизде бир кейиштүүнерсе бир жылда 5600 адамдан рак клеткасы табылса алардын 50 пайызы өтүшүп кеткен учурда катталып жатканы. Мындай учурлар менен күрөшүүөтө кыйын. Жардам бере албай калган күндөр да болот. Ошондуктан биз ушул жаатта иштешибиз керек. Ар ким өз ден соолугу үчүн кам көрсө, алдын алса. Ал үчүн аялдар бир жылда бир жолу көрүнүп турушса. Азыр эми жер-жерлерде райондук ооруканаларда УДИ аппараттар, рентген, гастроскоптор бар. Быйыл да ноябрь айында атайын «Жатын моюнчасынын рагын жеңебиз» деген ураан менен акция уюштурулду. Акция учурунда акысыз текшерилип, кеңеш ала алышат. Жыл сайын ушундай акциялар болуп турат. 2022-жылга атайын «папиллома вирусуна» карата жасалуучу эмдөө пландалган. Эгер план ишке ашса 5-10 жылда бул ооруну да жеңебиз. Бул эмдөө 13 жашка чейинки кыздарга жүргүзүлөт.

— Балдар онкологиясы боюнча абал кандай болуп жатат?

— Балдар көбүнчө кан оорусу «лейкоз» менен оорушат. Калгандары органдардын рагына чалдыккандар. Балдар бөлүмүнө өкмөт тарабынан 60 млн сом каралып, 98 пайызы химия дарылары менен  акысыз дарыланат.

— Онколог дарыгерлер жетиштүүбү?

— Онкологдор жер-жерлерде жетишпейт. Райондорго барганда онкологдун кабинети бар, бирок башка кесиптеги дарыгер айла жок ордуна иштеп жаткан болот. Эгер ошол жерлерде онкологдор отурганда рак клеткалары эрте аныкталмак. Бирок бир жакшы жаңылык «Эргене» фонду тарабынан канчадан бери эңсеп жүргөн мобилдүү маммографты алып келишти. Бүгүнкү күндө пилоттук долбоор катары Токмок шаарында иштеп жатат. Кыргызстан боюнча 9 гана маммограф аппарат бар, аларга аялдар атайын барышпайт. Ал эми бул мобилдүү аппарат менен айылдарга барып текшерүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ал жерге атайын дарыгердин да кереги жок, себеби аялдарды аппаратка салгандан кийин тартылган сүрөттөр спутник байланышы аркылуу биздин борборго келип түшөт. Бул жерден дасыккан дарыгерлер карап дарттын белгилери болсо, борборго чакырып, анан бул жактан толук кандуу текшерип дартты эрте аныктап беришмек. Мына ушундайдан дагы бирөө болсо бирин Түштүк тарапка иштетет элек.

— Бейтаптардын дарылануу жолдорун айта кетсеңиз?


— Онкология менен ооругандар үч ыкма менен: хирургиялык, химиялык жана нур менен дарыланат. Өз өзүнчө же «комбинированный» деп коёт үчөөнү бириктирип дарылайт. Бейтапты дарылоодо бир канча дарыгерлерден турган консилиум өткөрүлөт. Алар дартка жараша дарылануунун бир түрүн дайындашат. Ошондуктан бул оору каржы жактан да тажрыйбалык жактан да көп нерсени талап кылат.

<< >>

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.