Лабораториялык аныктоо
Ооруну аныктоо лабораториялык изилдөө жүргүзүү аркылуу гана ишке ашырылат. Өлкөдө 16 полимераздык чынжырлуу реакцияны тастыктоочу приборлору менен вирусологиялык 13 лаборатория иштейт, алардын ичинен 3 мобилдик автолаборатория Баткен, Чүй жана Жалал-Абад областтарына жайгаштырылган. Ошондой эле келишимдин негизинде COVID-19га лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жеке лаборатория жардам көрсөтүүдө, Талас областында ветеринардык кызматтын лабораториясынын базасында вирусологиялык лаборатория жайгаштырылган.
Categories: Журнал Ден соолук+