Искендер Шаяхметов:
“Тез жардамдын” жамааты күнү-түнү кызматта
COVID-19 пандемиясы учурунда «Тез жардам» борборунун эмгеги аябагандай чоң роль ойноду. Жалпы жамааттын аткарган кызматы, жумуш учурунда кездешкен кыйынчылыктар, эсте калаарлык учурлар тууралуу аталган борбордун башкы дарыгери Искендер Шаяхметов баяндайт.
«Тез жардам» кызматында учурда 33 автоунаа бар, бирок бул жетишсиз болгондуктан чакырыктарга кечигүүлөр орун алгандыктан, мэрия, шаардык кеңештин көмөгү менен жаңы автоматташтырылган система орнотулуп, кечигүүлөр кыйла кыскарды. Система чакыруу кайдан болгондугун, жакын арада жүргөн бригаданы аныктоого жардам берет. Телефон аркылуу консультация берүү системасы жакшырды. Суткасына 1500гө чейин чакыруу келип түшөт. Бизде коронавируска байланыштуу режимде иштөө 2-февралдан тарта башталды. Атайы бөлүнгөн бригадалар санитардык-көзөмөл пункттарында сутка бою нөөмөттө турушту. Алгач байланышта болгондорду ташысак, кийин пчр анализдери оң болгон бейтаптарды ооруканаларга жеткирүүгө туура келди. Ушул тапта дагы аталган вирус боюнча анализдери оң болгон бейтаптардан күнүнө 15тен 35ке чейинки чакыруулар болуп турат.
“Тез жардамга” чалгандар вирусту жашырган учурлар кездешет
Алгачкы күндөрү өзүбүздүн запастар менен иштедик, андан соң бизге кытайдан гуманитардык жардам келди. Дарыгерлер өздүк коргонуу каражаттары, респиратор дук беткап, көз айнек, чепчиктер, бир жолу кийилүүчү халаттар, бахила менен толук камсыз болгон. Пандемия башталгандан тарта дарыгерлер сөзсүз түрдө чакырыктарга коргонуучу костюмдарды кийип барышууда. Чакыруу келип түшкөндө чалып жаткан адамга суроолор берилет, дене табы, жөтөлү барбы, дем алуусу кандай экендиги такталат. Мисалы жүрөк оору боюнча чакыртышып, ал жерге кардиологиялык бригада барган. Бейтапта чындап эле жүрөк ритми бузулган, бирок ал буга чейин эле үйдө вирустан дарыланып жатыптыр, бирок муну жашырган. Бактыга жараша дарыгерлер коргоочу кийимчен барышкан. Ал эпидемиолог болуп иштеген жубайы ооруканада дарыланып жатканын кийин мойнуна алып чындыкты айтты. Борбордогу иш күнүбүз кызматкерлердин дене табын байланышсыз термометрия менен өлчөөдөн башталат. Биз иштеген 4 айдын ичинде бир дагы дарыгер COVIDге чалдыккан жок, тилекке каршы айдоочулардан вирус чыкты. Алар ооруканага жаткырылып тиешелүү дарылоодон өтүштү. Биздин уюм боюнча медицина кызматкерлери экспресс тесттер, бир жолку кийилүүчү комбинезондор, респиратордук беткаптар менен толук камсыздалган. Мобилдик бригада толугу менен дезинфекциялык тазалоодон өткөрүлөт жана коргоочу кийимдерди кийүү боюнча үзгүлтүксүз окутулуп турат.
Беткапсыз жүргөндөр көбөйдү
Адамдардын жаңы вируска карата мамилеси кейиштүү, айрымдары таптакыр аны жок деп танса, айрымдары дүрбөлөңгө түшүп жатышат. Учурдагы орчундуу көйгөй адамдар баштагыдай вируска карата сактыгын жоготушту. Буга кайдыгерлик менен мамиле жасай башташты. Базарларда, автоунаада, дүкөндөрдө беткапсыз жүргөн адамдар көбөйдү. Ал эми коомдук унаанын айдоочулары өздөрү беткап тагынбай калышты. Бул өтө кооптуу көрүнүш. Өткөн жумада бүтүндөй бир үй-бүлөнү ооруканага алып бардык, атасы базарга барыптыр, жыйынтыгында 6 киши ооруга чалдыкты. Ошондуктан элге коомдук жайларга барганда беткап тагынып жүрүшүн абдан суранып кетет элем. Бир жолу чакыруу болду, барып текшерип анализдерин алып келишти. Кийинки күнү үй-бүлөнүн атасы менен уулунун тесттери оң чыкты, “тез жардам” барганда алар ооруканага баруудан баш тартышты, милиция, квартал башчысы да келди, алар: “Силер кечээ эч нерсе айткан эмессиңер барбайбыз, алдап жатасыңар”,- деп барбай коюшту. Мыйзам боюнча зордоп алып бара албайбыз, бирок алар башка адамдар менен байланышта болуп ооруну жайылтышат. Мына ушундай көйгөйлөр бар.
Коронавирус боюнча чакырууга баруудан айдоочу баш тартты
Албетте жетекчи катары биринчи кезекте кызматкерлердин саламаттыгына кабатыр болобуз. Бир жолу коронавирус боюнча чакыруу келди. Айдоочу менин үй-бүлөм бар, балдарыма жугузуп алуудан корком, иштен кетирсеңер дагы барбайм деп баш тартты. Мен айдоочу менен маектешип, көндүрүүгө аракеттендим, бирок ал таптакыр баш тартып ачкычты таштап кетип калды. Экинчи айдоочу макул болду. Бул учурда чакырык дээрлик 1,5 саатка кечикти. Айдоочуну айыптай албайбыз, албетте ал буга укуктуу, анткени ал үй-бүлөсүнүн ден соолугу үчүн коркту. Дагы бир учур жогоруда айтып кеткен жүрөк оору менен чакырып, коронавирусту жашырган бейтап боюнча чакырууга барган кызматкерлер бейтаптан вирус аныкталгандан кийин абдан стресс болушту. “Кыздар силер коргоочу кийимчен, коргоочу көз айнекчен эмес белеңер дедим». Акыры анализдери таза чыгып келгенде алар кубанганынан ыйлап жиберишти. Коронавируска байланыштуу окуядан кийин мен дагы ошол дарыгерлер менен байланышта болгондуктан үйгө баруудан чочуладым. Менин дагы үй-бүлөм, небере уулум, небере кызым бар. Анан көпкө ойлонуп, окуяларды салыштырып отуруп үйгө барууну чечтим. Бардык эле адамдар өз үй-бүлөсү үчүн тынчсызданат, жетекчи катары мен дагы өз кызматкерлерим үчүн тынчсызданам. Башкы дарыгерликке чейин мен санитар, фельдшердик жолду басып өттүм. Бул жамаат мен үчүн кымбат, менин жашоомдун бир бөлүгү.
Маектешкен Аймира Мендеева
Categories: Журнал Ден соолук+