Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК плюс ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын №1 чыгарылышы

1595

Мазмуну

1- Нурболот Усенбаев: «COVID-19 пандемиясын биримдикте гана жеңе алабыз»
2-Нурлан Галбаев: «Коронавирус дарыгерлердин баркын көтөрду»
3-Зинат Бейшембаева:»Коронавирус жашоону баалагаңга үйрөттү»
4-Лабораториялык аныктоо
5-Алима Сарыбаева:»Коронавирус тазалыкка уйрөттү»
6-Ысык тамак, беткап, маанилүү маалыматтар таркатылды»
7-«Тез жардамдын” жамааты күнү-түнү кызматта
8-Гулжигит Аалиев:»Коронавирус бизге сабак болду»
9-Айнура Узакбаева:»Дарыгерлер үч айдан бери ооруканада»
10-Баиева Канышай:»Үйүнөн түртүп кууп чыгаргандар да болду»
11-Сүрөттөр сүйлөйт
12-Кыргызстанда COVID-19 жаңы инфекциясы боюнча окутуулар жүрдү
13-ККМА алдыңкы катарда күрөшүүдө
14- Массовая коммуникация в условияхCOVID-19
15-БДСУ жардам көрсөтүунү улантууда
16-Улуттук кызыл ай коому татыктуу өнөктөш
17-Оказание поддержки в охране здоровья матери и ребенка


Кесиптик майрамыңыздар менен!

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов

Урматтуу кесиптештер!

Салттуу түрдө биз июль айынын биринчи дем алыш күнү медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилейбиз. Эч нерсеге карабай, өзүнүн тагдырын, күч-кубатын адам өмүрүн сактоого арнаган бардык кесиптештеримди чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Дарыгерлик – дүйнөдөгү эң татаал кесиптердин бири Окуу, окуу жана окуу, талыкпай эмгектенүү, тажрыйба топтоо талап кылынат. Жыйынтыгында сиздердин жеңил колуңуздардан шыпаа тапкан ар бир адамдын жашоосунун уланышы – чоң бакыт, керемет! Акыркы жылдары ата мекендик медицинада бир топ алга жылуулар болду. Өзгөчө санариптик медицинаны калыптандыруу боюнча кр саламаттык сактоо министрлигинин иш-аракеттери коронавирус пандемиясынын тушунда маанилүүлүгүн көрсөттү. Албетте, бир дагы заманбап медициналык жабдуу кесипкөй медицина кызматкерине теңеле албайт. Кыргыз медицинасын сиздер жогорку деңгээлде кармап турасыздар. Биздин катарыбыз жигердүү, дымактуу, мекенчил жаш адистер менен толукталып жатканы кубандырбай койбойт. Майрамыңыздар менен кымбаттуу кесиптештерим. Баарыңыздарга бакубат жашоо каалаймын!


Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев

Урматтуу Өмүр сакчылары!
Сиздер терең билимди, талыкпаган эмгекти талап
кылган дүйнөдөгү эң эле гумандуу жана ак пейил кесипти тандап алдыңыздар. Ар бир айыгып чыккан бейтаптын артында дарыгер, медайым жана кенже медицина кызматкери турат. Алардын эмгегин баалабай коюу мүмкүн эмес. Дүйнө жүзү коронавирус дарты менен күрөшүп жаткан ушундай жоопкерчиликтүү мезгилде элдин саламаттыгы, бакубатчылыгы сиздердин колуңуздарда. Сиздерди медицина кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө ден соолук, бакыт каалайм, ошондой эле оору менен күрөштө жеңүүчү болуп чыгышыңыздарга тилектешмин!


Шадыханов Калысбек Токтосунович, статс-секретар

Уважаемые медики!
Сердечно поздравляю с днем медицинского работника вас — врачей, фельдшеров, медицинских сестер, санитарок, фармацевтов, ученых, педагогов, готовящих кадры для здравоохранения, других специалистов, работающих в нашей отрасли, с профессиональным праздником. Нас всех объединяет общее благородное дело, а потому каждый заслуживает самых добрых слов! Желаю вам успехов и долгих лет жизни!

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.