Айгүл Бообекова:
«Дарыгерлердин жетишсиздиги негизги көйгөй»
Саламаттык сактоо министрлигинин Адам ресурстары жана уюштуруу иши башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова.
— Айгүл Абдрахмановна айтыңызчы, сиз жетектеген башкармалыктын негизги милдети кандай?
— Адам ресурстарын башкаруу жана уюштуруу иштери башкармалыгы документ жүгүртүү, медициналык билим берүү жана илим, кадр ишиндеги саясатка байланыштуу иштерди аткарат. Аталган башкармалыкка күн сайын жогорку жактагы уюмдар, Президенттин Аппараты, КР Өкмөтү жана КР Жогорку Кеңешинен тапшырмалар келип турат. Андан тышкары гемодиализ кызматтарын алуу, жеңилдетилген жардам, чет өлкөдө дарылануу боюнча өтүнүчтөрдү, стационарлардагы сапатсыз дарылоо, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин мамилеси, медицина кызматкерлеринин орой мамилелерине байланыштуу даттанууларды, дарыгерлерге ыраазычылык билдирүүлөрүн камтыган жарандардын кайрылуулары келип түшөт.
Документтер менен иштөөнү уюштуруу, аларды көзөмөлдөө, документтердин туура таризделиши жана өз учурунда аткарылышы боюнча маселелер жаатында иш үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
— Дарыгерлердин жетишсиздиги орчундуу көйгөй болуп жаткандыгы бардыгына маалым. Бул жаатта кандай иш-аракеттер жасалууда?
— 2020-жылдын башына карата саламаттык сактоо системасында – 13 699 дарыгер иштеп жатат, алардын ичинен пенсия курагындагылар – 22,6%ды түзөт.
Орто медициналык кызматкерлер – 33 824 адам, пенсия курагында – 14,2%, кенже медкызматкерлер – 12 508.
Саламаттык сактоо министрлигинде жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан шаар жана айылдын ортосунда дарыгер кадрлары менен камсыздалууда олуттуу географиялык тең салмаксыздык сакталууда. 10 миң калкка карата дарыгерлер менен камсыздалуунун эң эле жогорку көрсөткүчү Бишкек жана Ош шаарларында орун алган, ал 27,3 жана 26,5ти түзөт. Ал эми айрым айыл аймактарында жана жетүүгө кыйын болгон райондордо (Нарын, Жети-Өгүз, Манас райондору ж.б.) бул көрсөткүч 10 миң калкка 7ден аз.
Өлкөнүн алыскы аймактарын үй-бүлөлүк дарыгерлер менен камсыздоо көйгөйү актуалдуу, 2019-жылы республиканын калкына 2134 үй-бүлөлүк дарыгер, 2018-ж., — 1637 адам, 2017-ж., — 1586 адам жардам көрсөткөн. Андан тышкары баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү деңгээлинде иммунолог, фтизиатр, рентгенолог, офтальмолог, отоларинголог, невропатолог ж.б. адистиктер жетишсиз.
Республиканын стационарларында анестезиолог-реаниматолог, педиатр, неонатолог, хирург, фтизиатр, психиатр дарыгерлери менен камсыздалуу көйгөйү өтө курч.
Ушул тапта медицина кызматкерлеринин резерви түзүлдү жана медицина кызматкерлеринин көпчүлүгү COVID-19 боюнча иш-чараларга тартылган. Резервде — 927 адам турат, алардын ичинен дарыгерлер — 423, орто медкызматкер — 94, ординаторлор — 130, студенттер — 90, техникалык кызматкерлер — 68.
Дарыгерлердин жетишсиздигинин негизги себеби айлык акынын аздыгы жана аймактарда иштөө үчүн мотивациянын жоктугу болуп эсептелет. Турак-жайдын жоктугу, медицина кызматкеринин жакшы бааланбай жаткандыгы адистердин кызыгуусун азайтууда.
-Дарыгерлерди даярдоо боюнча абал кандай? Даярдоонун сапатына көңүл бурулуп жатабы?
-Бүгүнкү күндө 16 медициналык ЖОЖ жана университеттерге караштуу медициналык факультеттер жана 27 медициналык колледж жогорку жана орто билимдүү медицина адистерин даярдоону ишке ашырып жатышат. Медициналык ЖОЖдор жана факультеттер жыл сайын 2500гө жакын адисти даярдап чыгарат, бирок бул дарыгерлер кадрынын таңсыктык көйгөйүн чече албайт. Республиканын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн ординатураны бюджеттик негизде аяктаган бүтүрүүчүлөрдү комиссиялык бөлүштүрүү жүргүзүлдү. 2018-жылдан бери ординатурадагы тар чөйрөдөгү адистерди окутуу мөөнөтү 3-4 жыл болуп калгандыктан, ушул жылы алардан бүтүрүүчүлөр болгон жок.
— Медицина кызматкерлерин кызыктыруу үчүн кандай иш-чаралар каралган?
— Дарыгерлерди кызыктыруу максатында «Дарыгердин депозити» программасынын алкагында, алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде иштеп жаткан дарыгерлер үчүн Соцфонд жана салыкты кармап калуу менен кварталына бир жолу 38692 сом суммасында каражатты кошумча төлөө жүргүзүлүп жатат. Бул программага бардыгы болуп 175 адам камтылган. Нарын областы боюнча – 19, Баткен областы — 49, Жалал-Абад областы — 36, Ош областы — 26, Ысык-Көл — 24, Чүй областы — 7, Талас областы — 14.
Бишкек медколледжин бюджеттик негизде аяктаган 70тен ашуун бүтүрүүчү Бишкекте жайгашкан, орто медициналык кызматкерлерге көбүрөөк муктаж болуп жаткан саламаттык сактоо уюмдарына жөнөтүлдү. Ошондой эле 2557 адамдан турган координаторлордун реестри, 1446 адамды камтыган 4-5-6-курстун студенттеринин реестри түзүлгөн. 45 тренер-дарыгер жана 28 медайым үчүн аймактарга окутуу жана жеринде тажрыйбалык жардам көрсөтүү үчүн ТоТ курстар өткөрүлдү.
COVID-19 учурунда инфекциялык көзөмөлдөө чараларын аткаруу маселелери боюнча окутулгандыгы тууралуу маалымдама берүү менен кенже медкызматкерлерди окутуу үчүн 3 сааттык программа иштелип чыгып, бекитилген.
Саламаттык сактоо министрлиги КРнын Улуттук Кызыл Ай коому менен биргеликте ыктыярчылык кыймылдарынын өкүлдөрүн КР ССМ тарабынан бекитилген алгачкы жардам көрсөтүү боюнча программанын негизинде окутуп жатат. Ыктыярчылар үчүн кеңейтилген программа 6 сааттык окутууну камтыйт. Андан тышкары ыктыярчылар менен иштеген 2 жуманын ичинде тажрыйбалык ыкмаларды иштеп көрүү боюнча окутуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө республика боюнча 415 адам окутулган.
<< >>
Categories: Журнал Ден соолук+