Калыбек Мыкыев:
«Кабат үйдөн, тепкичтен кулаган балдар жаракаты көбөйдү»
Балдардын коопсуздугу ата-эненин жоопкерчилигинен түздөн-түз көз каранды. Ата- эненин шалаакылыгынан улам балдардын майып болуп же өлүмгө дуушар болгон учурлары көп кездешүүдө. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, жогорку категориядагы балдар хирургу, Кыргыз-Россия Славян университетинин Балдар хирургиясы кафедрасынын башчысы Калыбек Мыкыев баяндайт.
БАЛА ДҮЙНӨНҮ БУЮМДАРДЫ ООЗУНА САЛУУ АРКЫЛУУ ТААНЫЙТ
Көпчүлүк адамдар бала чоң кишиден көлөмү менен эле айырмасы бар деп ойлошот. Бирок бала менен чоң адамдын ооруларынын өзгөчөлүгү бар. Бала дүйнөнү бардык нерселерди оозуна салып, даамдап көрүп анан тааныйт. Керек болсо жыланды кармап оозуна салат. Бала 1 жашынан баштап жерде жаткан нерселерди оозуна сала бергендиктен өмүр үчүн коркунучтуу учурлар кездешпей койбойт. Азыр монеталар кеңири колдонулгандыктан ата-энелер ошол тыйындарды көрүнгөн жерге таштап коюшат. Ошондой эле технология өнүккөндүгүнө байланыштуу тегерек, тоголок, сүйрү, манжанын көлөмүндөй болгон түркүн батареялар бар. Андан тышкары ар кандай химиялык суюктуктарды баланын колу жеткен жерге калтырып коюшат. Булар көбүнчө өпкөгө кетип калуу коркунучу бар заттар, муну медицинада «чоочун денечелер» («инородные тела») деп коюшат.
Мурда бала бакчаларда ушундай кокустуктардын алдын алуу үчүн «Когда я ем, глух и нем» деген табличкаларды жазып илип коюшчу. Бул балдардын капыстан какап кетишин алдын алуу максатында жасалчу. Мисалы бала тоголок момпосуй, курут, он сомдук монета, батарея сыяктуу катуу нерселерди оозуна салып соро баштаганда какап кетсе же жөтөлүп жиберсе, ал тамагына чуркап кетип такалып калат. Же өпкөгө барып такалып калат. Кичинекей бала эмне жутканын айта албагандыктан көпкө чейин жөтөлүп, оозунан шилекей агып кыйналат. Муну ата-эне дагы, дарыгерлер дагы билбей көбүнчө өпкөсүнө суук тийди деп дарылап жүрө берип күчөп кетет. Өпкөгө кирип кеткен зат өпкөнү ириңдетет, эгерде кирген зат учтуу, зыяндуу болсо ичин тешип канатышы
мүмкүн. Өпкөгө кетип калса дем алуу жолдорун бүтөп калгандыктан бала өмүр менен кош айтышы ыктымал. Мындай окуялар тез-тез болбосо дагы кездешип турат.
БАТАРЕЯЛАРДЫ АР ЖЕРГЕ ТАШТООДОН САК БОЛГУЛА
Жогоруда саналып өткөн кокустуктардын алдын алуу үчүн дайыма балага көзөмөл кылуу зарыл. Бала бир нерсени жутуп алганда биринчи кызыл өңгөчкө кетет, андан кийин ашказан ичеги аркылуу өтүп заң менен чыгып кетиши мүмкүн. Бул жеңил түрлөрү.
Мындай кокустуктар 2-3 жаштагы балдарда учурайт, темир, батарейка жутуп алса айта албайт, алар кусуп тамак иче албай, дене табы жогоруласа жугуштуу оорулар ооруканасына жатып, көпкө чейин себеби аныкталбай жүргөн учурлар көп кездешет. Менин иш тажрыйбамда батареяны оозуна салып алып, ал жарылып, өтө кейиштүү окуя болгон 8 айлык баланын оор абалы эсимден кетпейт. Батареянын эң коркунучтуу жери ал щелочь болгондуктан, оозго салганда кычкылдануу процесси жүрүп жарылат. Андыктан мүмкүн болушунча ата-энелер ушуга көңүл бурушу, батареяларды балдардын колу жептеген жерге коюшу зарыл.
Мурда кир жууган бир эле коопсуз самын болот эле, эми болсо кир жууган каражаттардын толгон токой түрлөрү чыгып жаткандыктан бул дагы бир чоң көйгөйгө айланды. Ошол бөтөлкөгө куюлган ар кандай химиялык суюк каражатты ичип алган баланын кызыл өңгөчүнөн тартып,
ашказанга чейин күйгүзүп кетиши мүмкүн. Бул көпкө чейин дарылана турган эң оор жаракат. Мен жаш келиндерге казан, идиш-аяк жууй турган каражаттарды алысыраак коюп, абайлагыла деп кайрылгым келет. Мындай учурлар жеке эле бизде эмес дүйнө жүзү боюнча да өтө көбөйүп жатат. Кызыл өңгөч былжыр чел жана эттен тургандыктан өтө назик орган, ал эми жууй турган каражат щелочь, кислотаны камтыгандыктан кызыл өңгөчтү күйгүзүп же жеп жиберет. Ал болсо тешилип канайт, ал жери берч болуп катып калат, бала көп жылдарга чейин кыйналат.
Кабат үйлөр, пластик терезелер дагы балдар үчүн коркунучтун булагына айланды. Элдин жашоосу жакшырып калктын дээрлик 50-60%ы эки кабаттан кем эмес үйлөрдү салып жатышат. Бул албетте социалдык жактан алганда жакшы көрүнүш, бирок ошол эле учурда балдар эки кабат үйдөн, тепкичтерден кулап жаракат алып көп келип жатышат. Ата-эненин шалаакылыгынан улам каза болуп калган балдар дагы кездешип жатат, аман калса дагы өмүр бою майып болуп калгандары да бар. Дагы бир кокустук пластик терезелердин айынан болуп жатат. Азыр дээрлик бүт эле адамдар терезелерди пластиктен коюп, жайкысын чымынчиркейден коргонуш үчүн торлорду тагып жатышат. Алардын туткалары дагы оңой эле ачылат, терезе чоң киши баткандай көлөмдө болгондуктан балдар терезеге чыгып барып эле, ошол торго жөлөнүп түрткүлөп ойноп жатып, тор айрылып жерге кулап түшкөн учурлар дагы көп. 3-4-кабаттан кулап түшкөн бала бетонго түшүп, ичи айрылып, башы жарылып, айрымдары жарык дүйнө менен кош айтышып кеткени да кездешет. Ошондой эле атайы велосипед жол жок болгондуктан жол кырсыктары көбүнчө ушуга байланыштуу болууда. Ата-энелерге балдардын велосипед тебүүсүнө өтө сак болуп көзөмөлдөп турууларын өтүнөт элек.
Маектешкен
АЙМИРА МЕНДЕЕВ
❮❮❮ ❯❯❯
Categories: Журнал Ден соолук+
Работают лучше всех!
Жаннат Суйуновна,сизге рахмат! Ийгиликтер болсун! Азаматсыз!