Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2320

АДК ыктыярчылары — ден соолук жарчылары

«Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери» программасы айылдык ден соолук комитеттеринин (АДК) ыктыярчылары менен мамлекеттик саламаттык сактоо системасынын ортосундагы байланышты чыңдоо жана кызматташтыкты кенейтүүнү камсыздоого багытталган. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору бул демилгени ар тараптан колдоп келе жатат.

БАКТЫГҮЛ ТОКТОРБАЕВА
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Жамааттар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы:

Бүгүнкү күндө АДК мүчөлөрү элдин ишеничин актаган кадыр-барктуу уюм. Алар райондук облустук деңгээлдеги иш-чараларды жогорку денгээлде уюштурууда. Социалдык маселелерди чечүүдө демилге көтөрүү менен гана чектелбестен аларды алдыга жылдырууга, аткарууга даяр күчтүү армия болду десек жаңылышбайбыз. Мындай күчтүү армиянын түзүлүп калыптануусуна Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан жакшы колдоо болду. 18 жылдын ичинде АДКнын ыктыярчылары Кыргызстандын калкынын ден соолугун жакшыртууга баа жеткис салым кошту. Калктын маалыматтуулугун жогорулатуу, балдардын жана кош бойлуу айымдардын тамактануусу, кургак учук, гипертония, йод жетишсиздиги, эхинококкоз ооруларын алдын алууда жана көптөгөн тармактар боюнча айыл калкынын ден соолугун чыңдоого зор иштерди аткарды.
Ден соолукту чыңдоо — бул ден соолукка таасирин тийгизген факторлорду да жакшыртуу. АДКлар азыр коомдук баштапкы уюм катары калыптанып ден соолук маселелери боюнча гана иш алып барбастан жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен ден соолук детерминанттарына байланышкан маселелерди чечүүгө активдүү катышууда. Райондук деңгээлде иш-аракеттерди координациялоодо Үй-бүлөлүк медицина борборунун ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин (ДЧК) адистеринин кошкон салымы чоң. ДЧК адистери менен райондук ден соолук комитеттеринин (РДК) биргелешкен аракеттеринин натыйжасында ЫсыкКөл облусунан АК-Суу, Чүй облусунан Кемин, Жайыл, Талас облусунун Талас, Нарын облусунан Кочкор, Ош облусунан «Ноокат-Батыш», Баткен облусунан Кадамжай, Жалал-Абад облусунан Ноокен РДКлары жакшы ийгиликтерге жетишти.
Пандемия учурунда АДКнын ыктыярчылары ҮМБга, ФАПтын кызматкерлерине жардам беришти. Айыл тургундарынын ар бирине беткаптарды тигип таркатышты. Муктаж үй-бүлөлөрдү өздөрүнүн жеке фондунан тамак-аш баштыктары менен камсыз кылышты.

ВЕНЕРА ТОКТОГОНОВА
«Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» (КАДК)
Ассоциациясынын Аткаруучу директору:

АДК азыркы учурда деңгээли жогору, калк арасында оорулардын алдын алуу иш-чаралары менен гана алек болбостон, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тең укукта иштей ала турган, ал гана эмес айыл жериндеги кандайдыр бир социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө лидердик орду бар уюм.
АДК медицинага байланышкан көйгөйлөрдү ден соолукту чыңдоо кабинети менен, ал эми ден соолуктун социалдык детерминанттарына байланышкан маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өнөктөштүктө чечүүгө аракеттенип, 18 жылдын ичинде донорлордун кызыгууларын пайда кылуучу деңгээлге жетишти.
Республикалык деңгээлден айылдык деңгээлге чейинки бардык тармактын так түзүлүшү бар жана ден соолукту чыңдоо кызматынын тармагын пайдалануу менен жакшы коммуникациялык каналдар түзүлгөн. Уюмдун «Калктын дени сак болуусуна жардам беребиз» миссиясына жетүү үчүн бардык көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктарды, чакырыктарды жана тобокелчиликтерди чече алабыз деп келечекке ишенимдүү караган 1570 айылдык жана 58 райондук ден соолук комитеттерин өзүнө бириктирип турган «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» Ассоциациясына чейин өсүштү.

РАХАТБЕК МАМЫТКОЖОЕВ
КАДК Ассоциациясынын Уюмдук өнүктүрүү боюнча координатору

Бүгүнкү күндө биздин өлкөдө ыктыярчылардын кыймылы актуалдуу боло баштады. Пандемия көргөзгөндөй, ар бир адамда «ыктыярдуулук чогу» бар экендиги, аны колдоп, түрткү берип тутандыруу коомдун өзүн өзү сактоосундагы чоң фактор.
Акыркы окуялар биздин мамлекетте көптөгөн ыктыярчыларды авансценага алып чыкты. Ар бирөөнүн купуясында ар кандай себептери жана максаттары болду. Ар бирөөнүн өз окуясы бар, бириники кайгылуу болсо, экинчисиники — дем берүүчү. Бирок, менин жүрөгүмдү анык ыктыярчы катары АДК ээлейт.
АДК деген эмне? Расмий тилде айтканда, АДК – бул ден соолукту жана коомчулуктун жыргалчылыгын жакшыртууга таасир этүүчү факторлорду көзөмөлдөөгө, айыл тургундарынын мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө багытталган көз карандысыз жамааттык уюм.
Азыркы учурда өлкө айылдарынын 82%да жалпы мүчөлөрү 12 000ден ашуун 1570 АДК бар. Бүт деңгээлди камтыган туруктуу структурага ээ, АДКлардын баары өздөрүнүн аймагына жараша 58 райондук комитетке (РДК) бириккен (кээ бир чоң райондордо 2 же 3 РДК бар). РДК бул тийиштүү аймактын АДКнын жетекчилеринин коомдук бирикмеси катары катталган юридикалык уюмдар. Алар өз кезегинде улуттук деңгээлде АДКнын ишмердүүлүгүн алдыга сүрүүгө, алардын кызыкчылыгын коргоого, айылдын үнүн бийлик органдарына жана башка кызыкдар болгон тараптарга жеткирүү үчүн «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин (КАДК) түзүштү.
Ассоциацияны түзүү чечими кабыл алынган 2009-жылдагы АДКлардын Улуттук форумунун биринчи күнү (9-сентябрь) ошондон бери «АДК күнү» болуп белгиленип келе жатат.

❮❮❮ ❯❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.