Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2320

С Витамининин пайдалуу касиеттери

Аскорбин кычкылы: цитрус, киви, ит мурун, капуста азыктарында камтылган. Ал иммунитетти бекемдеп бизди инфекциялардан коргоо аркылуу табигый антиоксидант катары таасир берет. Мындан тышкары С витамининде биз билбеген башка дагы пайдалуу касиеттери бар.

Узун жана жалтыраган чачтар
Узакка созулган кыш жана муздак шамалдан кийин баштын териси калыбына келтирүүгө муктаж болот. С витамини чач фолликулдарынын ишин жакшыртуу жана чачтын өсүшүн тездетүү менен кан айланууну жакшыртат. Ал темирдин тез сиңирилишине түрткү берет, бул болсо чачтын кургактыгына жана анын учтарынын сынышына каршы күрөшүүгө жардамдашат.

Оорубаган бекем тырмактар
С витаминин күн сайын пайдалануу тырмактардын өсүшүн тездетет жана аларды бекемдейт, бул гель-лактын үзгүлтүксүз зыяндуу таасири болгон учурда дагы тырмак пластинасынын саламаттыгын колдоого жардам берет.

Ультра көгүш нурлардан коргоо
С витамини табигый күндөн коргоочу бетмай катары кызмат кылат – ал гиперпигментациянын алдын алат, меланиндин иштелип чыгышына бөгөт коёт жана эрте картаюудан коргойт. Бирок бул күндөн коргоочу каражаттардан таптакыр баш тартуу керектигин билдирбейт.

Күч-кубаттын булагы
С витамини күч-кубат берет жана нерв системасында дофаминдин айлануусун жакшыртат, анын жардамы менен бөйрөк астындагы бездер иштеп, күнү бою күчкубат сакталат. Ошондуктан эртең менен С витаминин пайдалануу ишке болгон жогорку жөндөмдүүлүктү камсыздайт жана көпкө чейин сергек кылат.

Безеткини жана безеткиден кийинки туруктуу өзгөрүүлөрдү дарылоо
Эгерде сиздин териңизге бүдүрлөр көп чыга берсе С витаминин камтыган бетмай тандаңыз. Ал клеткалардын жаңылануусуна түрткү берет, кызарууну азайтат, терини сергитет жана жараларды айыктырат. Бул безеткиден пайда болгон тактарга эле тиешелүү эмес – С витамини ошондой эле кесилген жана сыйрылган жерлерди дагы сакайтат.

Теринин жылмакай болушу
С витамини сулуулук салонундагы көп сандаган процедуралардын ордун алмаштыра алат. Ал кан айланууну жакшыртат, анын жардамы менен башка кам көрүүчү азыктар жакшыраак сиңирилет жана натыйжалуу таасир этет, ал эми тери нымдуу жана жылмакай болуп калат.

Көрүүнү колдоо
Гаджеттерди көп колдонуудан улам көзүбүзгө күч келет жана алар витаминге муктаж болот. С витаминин көп убакытка чейин колдонуу катарактанын өсүшүн акырындатууга жана сары тактын дегенерация болушунан көрүүнүн жоголушуна бөгөт кое алат.

Картаюнун белгилери менен күрөшүү
Антиоксиданттарды өтө көп камтыгандыктан С витамини бырыштардын пайда болушуна бөгөт коюу менен терини эркин радикалдардан коргойт. Ал теринин регенерациясын тездетет, бузулган клеткаларды калыбына келтирет жана терини жылмакай кылуу аркылуу коллагендин иштелип чыгышына көмөктөшөт. Бул куракка каршы бетмайдын ордун эң сонун алмаштыра алат.

Какачты дарылоо
С витамини теринин кычышуусун жана кургашын жөнгө салуу менен май бездеринин ишин нормалдаштырат. Ал өзүнүн вируска каршы касиетинен улам ар кандай инфекциялар жана грибоктор менен күрөшөт жана алардын кайрадан пайда болушуна бөгөт коёт.

Маанайды көтөрүү
С витамини депрессия, кооптонуу жана кыжырланууну жеңүүгө жардам берет. Ал организмдин тонусун жогорулатууга түрткү берүүчү норадреналин гормонунун синтезделишине түрткү берет.

Салмакты азайтуу
С витамини ашыкча салмак менен күрөшүүгө жардам берет, ошондуктан ал диета учурунда же арыктоо үчүн үзгүлтүксүз машыгууларда алмашкыс каражат. Энергиянын иштелип чыгышы ал гана эмес орточо күч келтирүүдө дагы калорияларды тез эле жок кылат.

❮❮❮

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.