«Сергек жашоо мүнөзүнө өтүүгө далалат кылгандарды көрүп кубанасың»
Кыргыз элинин башына түшкөн оор күндөрдө өз милдетин аткаруу үчүн күнү-түнү эмгектенген дарыгерлердин эмгегин белгилей кетүү зарыл. Алардын бири болгон Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун (РДЧжМКБ) Түштүк филиалынын жетекчиси Жаннаткан Муратова менен маекти сунуштайбыз.
– Жанаткан Сүйүновна канча жылдан бери ушул тармакта иштеп келе жатасыз? Тармактын ийгиликтери боюнча да айта кетсеңиз. Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалында иштеп жатканыма 7 жылдын жүзү болду.
Жумушсуз жашоону элестете албайм.
Себеби, жумушум аркылуу улуттук тренер деген даражага жеттим. Калкка маалымат берүүнүн ыкмаларын үйрөндүм. Кылган кызматым акталып, Саламаттык сактоо министрлигинин «Ардактуу кызматкери» наамын алдым.
– РДЧБжМКнын түштүк филиалы кайсы аймактарды тейлейт
жана борбордун негизги максаты?
РДЧБжМКнын Түштүк филиалынын негизги максаты түштүк регион боюнча Ош, Жалал-Абад, Баткен облусундагы калктын ден соолугуна туура кам көрүүнү, оорулардын алдын алуу, калкка сергек жашоо мүнөзүн үйрөтүү болуп саналат. Ошондой эле Ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин (ДЧК) адистеринин жумушун көзөмөлдөө, пландоо, уюштуруу алардын маалымдуулугун жогорулатуу жана калкты
оорулардан алдын алуу жумуштарына үйрөтүү.
-Пандемия башталганы жумуш эки эселеп өстү, ошол учурда кандай кыйынчылыктар болду?
Пандемия учурунда албетте кыйынчылыктар болду биринчиден, кызматкерлер аралыктан иштеп калышты. Кесиптешим Бекзат Умаров экөөбүз эс алуу күндөрү да иштеп жаттык. Маалымат баракчаларды карантин учурунда Ош шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборлоруна жеткирип турдук. Штабда мүчө болгондугума байланыштуу күн сайын аткарган жумуштар боюнча отчет берип турдум. Абдан ыкчам иштедик десем жаңылышпайм.
Шаардагы ишканаларга «Иш ордунда ден соолук» деген темада маалыматтарды байма бай берип жаттык.
ДЧК адистери менен вотсап аркылуу маалыматтарды алып, түшүндүрүп турдук.
-Түштүк филиалда онлайн иш жүргүзүү кандай өттү?
Айылдык ден соолук комитеттери (АДК) менен онлайн иштөө абдан кыйын болду, себеби аларды үйрөтүү гана эмес уюштуруу да кыйынга турду, анткени, алардын түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү да бар эле. Бирок райондук ден соолук комиттер менен биргеликте сабак өткөндү үйрөттүк. Бул иш өтө кыйынчылык менен ишке ашты. Азыр бардык райондор «Төрөлгөндөн баштап 5 жашка чейинки балдарга кам көрүү» программасын онлайн өткөргөндө аракетибиз текке кетпегенин байкадым.
-Элдин пандемияга карата жоопкерчилиги кандай болуп жатат?
Элдин пандемияга карата жоопкерчилиги башында начар болду. Калк оору бар экенине ишенбей, ар кандай жалган маалыматтарга ишенип
жатты. Бирок ошого карабай онлайн аркылуу алар кызыккан темаларды өтүүгө аракеттендик. Карантин бүтүп кээ бир ишканалар ачыла баштаганда түшүндүрүү иштери болгону менен элдер көчөдө беткап жок, антисептик жок жүрүштү. Качан гана ковидден каза болгондордун саны көбөйгөндө эл ишене баштады.
Учурда COVID-19 менен ооругандан кийинки калыбына келтирүү тууралуу радио, телеберүүлөрдөн кеңештер, пайдалуу маалыматтар берилип жатат. Эртең менен сейилдеп чыккан адамдардын саны көбөйүп, сергек жашоо мүнөзүнө өтүүгө далалат кылгандарды көрүп сүйүндүм.
Маектешкен АСЕЛ СУЛТАНОВА
❮❮❮_❯❯❯
Categories: Журнал Ден соолук+
Работают лучше всех!
Жаннат Суйуновна,сизге рахмат! Ийгиликтер болсун! Азаматсыз!