Журнал Ден соолук+

Декабрь 2020-ж. 3-чыгарылыш.

2098

2020-ЖЫЛ МЕДАЙЫМ ЖАНА АКУШЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ЭЛ АРАЛЫК ЖЫЛЫНА КАРАТА

КАЙНАТАНЫН ИШИН УЛАНТКАН КЕЛИН

Өзүнүн айылы эле эмес коңшу айылдан келип көрүнүшкөн, далай төрөттү кабыл алган киндик эне Бактыгүл Сыдыкова Нарын областындагы Жер-Көчкү айылында фельдшер болуп иштейт. Ал өзүнүн түйшүктүү жолунда бактылуу учурларды дагы, кейиштүү учурларды да башынан өткөргөн.

КЕСИПКЕ КАДАМ ЖАСАГАН ЖЫЛДАР, АТАМДЫН САБАКТАРЫ

Ал убакта окууну бүткөндө мамлекет өзү белгилеген жерге барып иштеп келчүбүз. Мени алгач Тогуз-Торонун Казарман шаарчасына жиберишип, ал жакта 6 ай иштеп келдим. Андан соң Нарын шаарындагы райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштедим. 1991-жылы Жер-Көчкү айылында турмуш куруп, ошол жылдан бери бул айылда эмгектенип келем. Иштегениме жыл жаңырса туура 33 жыл болот, жолдошум да ветеринар. Менин жумушумду туура түшүнөт, эки уулдун ата-энесибиз. Кайын атам да фельдшер болгон. Ал киши Бишкектеги ал кездеги «Медтехникумду» окуп, Кара-Кулжада фельдшер болуп, канчалаган төрөттү кабыл алып иштеген экен. Атам кайсы ооруну эмне менен дарыласа болот, кандай учурда эмне кылуу керек деген сыяктуу көп нерселерди үйрөткөн. Атамдан бир топ сабак алып калдым.

ЖЫЛАҢАЯК СУУ КЕЧИП ЧАКЫРУУЛАРГА БАРГАН КҮНДӨР

Биздин айыл райондук ооруканага алыс, тоолуу аймак жана абасы бийик болгондуктан инсульт менен ооругандар көп. Андай оорусу кармап калганда, ошол жерден алгачкы жардам көрсөтүп аман алып калган учурлар болду. Илгери айылда унаа жокко эсе болчу. Чакыруу болгондо эчен чакырым жөө басып жаанга, карга карабай буттан суу өтүп иштегенбиз. Бир учурду эстеп кеттим, биздин айыл кара шаар жана ак шаар болуп экиге бөлүнөт. Биздин үй-бүлө ак шаарда турабыз. Ал эми кара шаарда Айнек деген апа жашачу. Анын кан басымы бат-бат көтөрүлүп жүрөгү ооручу. Ошондуктан мени тез-тез чакыра берчү. Ошол кезде балам 3 жашта эле, анан ыйлаак болду. Бир күнү апа ооруп жатат деп чакырып, баламдын ыйлаганына карабай кошунама таштап, тиги апа өлүп калбаса экен деп, бут кийимди чече салып колума кармап, жылаңаяк сууну кечип өткөм. Жаз айы болчу, кечме суунун кирип жаткан учуру эле. Районго отчётко барганда да жол тозуп унаа күтүп эртең менен чыксаң кечинде араң Нарынга барчубуз. Нарындан эртең менен чыксак кечинде араң айылга жетет элек.

КАДЫР-БАРККА ЭЭ БОЛГОН УЧУР

Бул ишим менин кадыр-баркымды көтөрдү десем жаңылышпайм. Бул жумушума иштегениме эч качан өкүнбөйм. Мени айылдагылар «умай эне» деп сыйлап турушат. 52 жашка келдим жумушка байланыштуу көп окуялар өттү. Көптөгөн келиндерди үйдөн төрөттүм. Ошол төрөттөрдүн ичинен эгиз балдарды төрөткөн күнэч эсимден кетпейт. Ай күнүнө жетип калган кезде бир аялдын толгоосу башталып калды, жаз айы болгондуктан жол жабык, туман эч нерсе көрүнбөйт. Анан үйүнөн төрөт кабыл алууга туура келди. Мен ал кезде тажрыйбам аз, жаш болчумун. Анан эгизди төрөтүш деле оңой-олтоң иш эмес. Сабырдуулукту, эрктүүлүктү талап кылат экен. Ошолорду аман-эсен төрөтүп алганыма абдан сүйүнгөм. Азыр ал балдар шаарда студент болуп окуп жүрүшөт.

УЧУРДАГЫ ЖЕҢИЛДИКТЕР

Азыр жеңилдиктер бар, жаңылануу болуп мурда шприцтерди кайнатып жууп тазаласак, азыр бир жолу колдонулуучу ийнелерди колдонуп калбадыкпы. Мурда чакырууларга жөө жалаң жүрсөк, азыр Кудайга шүгүр машина менен алып кетишип кайра жеткиришет.

КОҢШУ АЙЫЛДАН КЕЛИП КӨРҮНҮП КЕТИШЕТ

Жер-Көчкү айылынын эли гана эмес коңшу айыл Кара-Жылгадан да келип көрүнүп кетишет. Алардын деле фельдшери бар бирок жакшы дарылайт деп бири-биринен угушуп «сиз көрүп бериңизчи» деп көбү мага келишет. Келгендерин албетте көрүп берем. Ошондон улам элдин сыймыгына ээ болгонума ынанам. Жумушубуз чындыгында оор эл күнү-түнү келе берет. Ар кандай кырдаалдар болот эмеспи. Тойдо отурсаң да чакыруу болуп калса «кокуй кой барайын деп ордуман ыргып турам». «Барбайм» деп айталбайм, ушул айылдын келини болсом, элдин алкышын, батасын алайын деп иштейм. Ушул кылган эмгектерим бааланып жатат, Кудайга миң мертебе шүгүр кылам.

ПАНДЕМИЯ УЧУРУНДА БИР ДА ӨЛҮМ КАТТАЛГАН ЖОК

Ошончо жылдар бою иштеп айылда ким кандай оору менен ооруй турганын жакшы билем. Кимге кандай мамиле кылуу керек, кимди кандай дарылоо керек экенин да билип калдым. Пандемия убагында да бир да адамды шаарга жибербей айылдан дарылап, кесиптешим Жакыпова Салтанат экөөбүз тейлеп турдук. Ошол оорудан биздин айылда бир да өлүм катталган жок.

ЖООПТУУ ЖАНА КООПТУУ ЖУМУШ

Бул жумуштун дагы бир жооптуу жагы чоң-кичине дебейсиң, өзүң дарыгер болуп өзүң дарыларды дайындайсың. Ал эми бөлүмдө иштегенде дарыгер жазган ийнени сайып коёсуң, бер деген дарысын берип коюп, эч башың оорубайт. Участокто иштегендин чоң айырмасы ушу. Ал тургай кансырап келгенде, колу чыгып кеткен сыяктуу оор кырдаалдарда бир гана иш тажрыйбаңдын жыйынтыгы менен туура мамиле жасап айыктырып коёбуз.

<< >>

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.