Журнал Ден соолук+

ДЕН СООЛУК + ЖУРНАЛЫНЫН 2020-жылдын октябрь айындагы №2 чыгарылышы

2320

КҮЗ МЕЗГИЛИНДЕГИ ООРУЛАР

Күз мезгилинде адамдын организми ар кандай ооруларга көбүрөөк дуушар болот. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү, температуранын төмөндөшү, нымдуулук иммунитетке олуттуу сыноо болот жана ар кандай өнөкөт оорулардын курчушуна алып келет. Күзүндө бизди кандай оорулар күтүп тургандыгын, өзүбүздү жана организмди алардан кандай коргой билүү керектигин сунуштайбыз.

1-СУУК ТИЙҮҮ ЖАНА КУЛАК, МУРУН ООРУЛАРЫ
Күз мезгилинде алсырап калган иммунитет бактериялардын жана вирустардын чабуулун дайыма эле жеңе албайт. Анын натыйжасында курч респиратордук оорулар, фарингит, бронхит, ларингит, ангина жана трахеит сыяктуу ар кандай мезгилдик илдеттер пайда болот. Организмге иммунитетти чыңдоо, туура тамактануу, элдик медицина рецепттерин колдонуу аркылуу жардам берүүгө болот
.

2-ГРИПП Вирустук инфекция тарабынан пайда болгон эң эле олуттуу күзгү оорулар – мисалы грипп татаалдашуулары менен кооптуу. Ооруну жуктуруп албоо үчүн адамдар көп топтолгон жерлерден качуу, жеке тазалык эрежелерин так аткаруу жана иммунитетти көтөрүү зарыл.

3-ЦИСТИТ
Үшүп калуу – организмде патологиялык флоранын
кескин өсүшү жана организмдеги сезгенүү процесстери менен коштолгон цистит
оорусуна алып келет. Табарсыктын былжыр челинин сезгениши менен коштолгон
бул оору аялдарга мүнөздүү жана тез-тезден ооруткан
заара ушатуу аркылуу пайда болот. Аталган илдетке кабылбаш үчүн аба ырайына
жараша кийинүү, муздак жерге отурбоо жана организмдеги инфекциянын чокторун
өз учурунда дарылоо зарыл.

4-НЕРВДЕГИ
БУЗУЛУУЛАР
Нымдуу аба ырайы, күздүн кыска күндөрү жана ультра көгүш нурлардын жетишсиздиги биздин алгач көңүлүбүздү чөктүрүп, андан соң депрессияга алып келет. Дал ушул нерселерден улам дарыгерлер күз мезгилинде невроз, депрессия жана психоздордун көбөйө тургандыгын белгилешет.
Көп учурда мындай абалдар уйкусуздук, ашыкча кыжырдануу, көңүлдүн чөгүшү
менен коштолот. Алдын алуу:
дарыгердин дайындоосу
боюнча иче турган дары каражаттарынан тышкары элдик медицина тажрыйбасынан пайдаланууга жана ар кандай чөп кайнатмаларын ичүүгө болот. Ультра көгүш нурдун жетишсиздигин күн ваннасын кабыл алуучу аянтчага (солярий) баруу менен
толуктоого болот.

5-КҮЗ АЙЫНДАГЫ
ЖҮРӨК ООРУЛАРЫ
Температуранын кескин алмашуусу, атмосфералык басымдын жогорулап кетиши стенокардия приступтарын,
гипертониялык криз (артериялык басымдын кескин жогорулашы), жүрөктүн ишемия
оорусунун курчушун пайда кылат. Бул оорулар менен
жапа чеккен адамдар күн сайын таза абада сейилдеши, кан тамырларды бекемдөө
үчүн дары чөптөрдүн кайнатмаларын ичүүсү керек.

6-КҮЗГҮ АЛЛЕРГИЯ
Күзүндө гүл ачкан
өсүмдүктөр тарабынан
бөлүнүп чыккан чаңчалар жана чаңча кенелери күчтүү аллергендер болуп саналат. Алар мурундун бүтүшүн, көздүн дүүлүгүүсүн, астма приступтарын
жана аллергиянын башка симптомдорун пайда кылат.
Булардын алдын алуу үчүн күн сайын үйдө нымдуу тазалоо жүргүзүү, абаны
тазалоочу каражаттарды
пайдалануу, аллергендерге
каршы дары каражаттарын ичүү зарыл.

7-ЖАРА ООРУЛАРЫ
Ашказан жана он эки эли ичегинин жара оорусунун күчөшүнө жаңы күн режимине өтүү, туура эмес тамактануу,
авитаминоз, эндокриндик бузулуулар, депрессиялык абал себепчи болот. Оорунун курчушун алдын алуу үчүн диета сактоо, газы жок минералдык суу ичүү керек.

8-КҮЗГҮ ТЕРИ
ООРУЛАРЫ

Тери ооруларын бул
мезгилде патогендүү
микроорганизмдердин
ар кандай түрлөрү:
вирустар, козу карындар
козгойт. Дерматоздун
өнүгүүсүнө адатта үшүп калуу жана күз айына мүнөздүү келген иммунитеттин жалпы начарлашынан улам келип
чыккан суук тийүү алып келет. Тезирээк айыгуу үчүн диета кармоо, уйку жана эс алуу режимин
туура аткаруу, стресстик кырдаалдан качуу сунушталат.

9-МЕЗГИЛДИК
ГИПОТИРЕОЗ
Күз мезгилинде калкан
безинин гормондорду иштеп чыгуусу төмөндөйт. Гипотиреоздун симптомдору өнөкөт чарчап-чаалыгуу, маанайдын негизсиз эле өзгөрө бериши, салмактын көбөйүшү, дайыма калчылдап жаткандай сезим, миалгия (моюн булчуңдарынын оорушу) жана муундагы оору.
Калкан безине байланыштуу
көйгөйлөр пайда болгон учурда эндокринологго кайрылуу зарыл, ал эми илдеттин алдын
алуу үчүн тамак-ашка деңиз азыктарын көбүрөөк пайдалануу жана йоддолгон туз колдонуу сунушталат.

10-ЭТКЕ БАТЫП ӨСКӨН ТЫРМАК
Жабык жана тар күзгү бут кийимде бут тердеп, грибоктор жана бактериялар көбөйөт, ал эми бармактын тырмагы тырмактын чөйчөгүнө батып өсө баштайт. Буга бөгөт коюу үчүн бутка чак бут кийим тандоо, ортопедиялык батек колдонуу жана этке батып өскөн тырмактын урчтарына
спирт кошулбаган антисептикке чыланган тампондорду салуу керек.

❮❮❮_❯❯

Pages: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19

2 replies »

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.